Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
20-берене. Төраганын ыйгарым укуктары
Күчүн жоготкон · 16.11.2022 редакциясы · 4-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106.
1. Төрага:
1) Жогорку Кеңештин жыйналыштарын алып барат;
2) Жогорку Кеңештин жыйналыштарында каралуучу маселелерди даярдоого жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат;
3) Жогорку Кеңеш кабыл алган актыларга кол коет;
4) Кыргыз Республикасында жана анын чегинен тышкары Жогорку Кеңештин атынан чыгат. Жогорку Кеңештин Президент, Өкмөт, мамлекеттик бийликтин аткаруу органдары жана сот бутактары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттерин камсыз кылат;
5) Аппараттын ишине жалпы жетекчилик кылууну жана контролдоону жүзөгө ашырат;
6) Президенттин, Өкмөттүн же депутаттардын үчтөн биринен кем эмесинин сунушу боюнча Жогорку Кеңештин кезексиз сессияларын чакырат;
7) Конституцияда белгиленген учурларда Президенттин ыйгарым укуктарын аткарат;
8) Жогорку Кеңештин кезексиз жыйналыштарын чакырат;
9) кезексиз кароого тийиш болгон маселелерди Жогорку Кеңештин жыйналышынын күн тартибине киргизет;
10) Жогорку Кеңештин тапшырмасын аткарат;
11) Жогорку Кеңештин ишкер кадыр-баркын сактоо жана коргоо боюнча чараларды көрөт;
12) Жогорку Кеңештин чечимдеринин аткарылышын контролдойт;
13) ушул Регламентте көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо, Координациялык Кеңешке төрагалык кылат;
14) "Өкмөттүк күнгө" Жогорку Кеңештин маселелеринин реестрин бекитет;
15) бир жыныстагы адамдардын 70 пайыздан ашпаган өкүлчүлүк принцибин сактоо менен, ушул Регламентке ылайык Жогорку Кеңештин Аппаратынын жана Иш башкармалыгынын кызмат адамдарын дайындоону жүргүзөт;
16) Жогорку Кеңештин эл аралык парламенттик уюмдардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн дайындайт жана кызматынан бошотот;
17) Төраганын алдында консультативдик кеңештерди уюштурат;
18) Жогорку Кеңештин бекитилген бюджетине жана чыгымдарынын сметасына ылайык Жогорку Кеңешке бөлүнгөн каражаттарды тескейт;
19) Жогорку Кеңештин чыгымдарынын сметасынын долбоорун иштеп чыгууну камсыз кылат жана бюджеттик жыл аяктаганга 3 ай калгандан кечиктирбестен аны Жогорку Кеңештин кароосуна коет;
20) өзүнүн орун басарларынын ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт;
21) Жогорку Кеңештин ишин уюштуруу боюнча тескемелерди чыгарат;
22) Жогорку Кеңештин депутаттарынын иш сапарлары жөнүндө тескемелерди чыгарат жана алардын отчетун бекитет;
23) добуш берүүнүн электрондук тутумунун үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу боюнча чараларды көрөт;
24) жыйналыштар залында ирээттүүлүктү жана тартипти камсыз кылат, аларды бузуучуларга карата ушул Регламент менен каралган таасир этүү чараларын колдонот;
25) Жогорку Кеңештин мүлкүнүн пайдаланылышын контролдоону жүзөгө ашырат;
26) фракциялардын иши үчүн бирдей шарттарды камсыз кылат;
27) Жогорку Кеңеште жана анын карамагында турган объекттерде коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чараларды көрөт;
28) Жогорку Кеңештин грамоталары, сыйлык куралы жана Жогорку Кеңештин башка сыйлыктары менен сыйлайт;
29) Жогорку Кеңештин депутаттарын, Аппаратынын жана Иш башкармалыгынын кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого, жогорку аскердик жана атайын наамдарды, дипломатиялык рангдарды ыйгарууга көрсөтөт;
30) Жогорку Кеңештин ишин уюштуруу боюнча ага ушул Регламентте жүктөлгөн башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
2. Конституциянын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине карама каршы келүүчү Төраганын тескемелери Жогорку Кеңештин чечими менен өзгөртүлүшү же жокко чыгарылышы мүмкүн.
3. Төрага жыл сайын июнь айынын акыркы декадасында Жогорку Кеңештин сессия мезгилиндеги иши жөнүндө Жогорку Кеңешке отчет берет.
4. Бюджеттик жыл аяктагандан кийин бир айдан кечиктирбестен, Төрага жана караштуулугунда финансылык-чарбалык маселелер болгон анын орун басары Координациялык кеңеш менен макулдашылган тариз боюнча. Жогорку Кеңештин өткөн жылдагы чыгымдары жөнүндө Жогорку Кеңешке маалымат берет, ал ички аудиттин корутундусу менен ар жылдын 15-мартынан кечиктирбестен каралат.
5. Ушул Регламенттин 32-беренесинде белгиленген учурду кошпогондо, Төрага Жогорку Кеңештин комитеттеринде жана убактылуу комиссияларында болууга укуксуз.
6. Төрага өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарууда Конституцияны, ушул Регламентти жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.
Берененин тексти 16.11.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (9)
- КР Жогорку Кенешинин 2017-жылдын 15-ноябрындагы № 1991-VI "Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам…Постановление · 15.11.2017 · № 1991-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 22-февралындагы № 2259-VI "Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам…Постановление · 22.02.2018 · № 2259-VI
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 22-февралындагы № 2259-VI "Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Кыргыз…Постановление · 22.02.2018 · № 2259-VI
- Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 26-апрелиндеги № 2396-VI "Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам…Постановление · 26.04.2018 · № 2396-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 26-декабрындагы № 2796-VI "Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 26.12.2018 · № 2796-VI
- Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 26-апрелиндеги № 2395-VI "Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Коррупциялык укук бузуулар жөнүндө билдирген…Постановление · 26.04.2018 · № 2395-VI
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 28-февралындагы № 2273-VI "Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Жер казынасы жөнүндө"…Постановление · 28.02.2018 · № 2273-VI
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 21-февралындагы № 2255-VI "Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Кыргыз…Постановление · 21.02.2018 · № 2255-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 17-октябрындагы № 2635-VI "Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Коррупциялык укук бузуулар жөнүндө…Постановление · 17.10.2018 · № 2635-VI
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203166/st-20" title="20-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>