19-берене. Төраганы шайлоо
Күчүн жоготкон · 16.11.2022 редакциясы · 4-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106.
1. Жогорку Кеңеш өз ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө, жашыруун добуш берүү менен өзүнүн курамынан Төраганы шайлайт.
2. Төраганын кызмат ордуна шайлоо үчүн талапкерликти көрсөтүү укугуна депутаттар жана көрсөтүү жөнүндө чечимди негиздөө менен фракциялар ээ.
3. Төраганын кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү сунуштама фракция тарабынан, көрсөтүү кезеги боюнча талапкерлердин бирдиктүү тизмесин түзүүчү жана аны жарыялоочу төрагалык кылуучуга Жогорку Кеңештин жыйналышында берилет.
4. Талапкерлерди көрсөтүү аяктагандан кийин Жогорку Кеңештин жыйналышы корутунду берүү үчүн Жогорку Кеңештин бардык Комитетинин жыйналышынын тартибине өтөт.
5. Жогорку Кеңештин бардык Комитетинин жыйналышында талапкерлерди кароо ушул Регламенттин 14- жана 15-главаларында каралган тартипте жүзөгө ашырылат.
6. Жогорку Кеңеш Жогорку Кеңештин бардык Комитети тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлер боюнча корутунду кабыл алынгандан кийин Жогорку Кеңештин жыйналышынын тартибине кайтып келет.
7. Төрагалык кылуучу Жогорку Кеңештин жыйналышында бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүү жол-жобосуна өтүү жөнүндө жарыялайт.
8. Жашыруун добуш берүү үчүн бюллетенге өз талапкерлигин алып салган адамдарды кошпогондо, Жогорку Кеңештин бардык Комитети тарабынан каралган бардык талапкерлер киргизилет.
9. Ар бир талапкер бюллетенге киргизгенге чейин өзүнүн талапкерлигин алып салууга укуктуу.
10. Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгү добуш берген талапкер шайланган болуп эсептелет.
11. Эгерде Төраганы шайлоого бир талапкер катышса жана ал шайланбай калса, жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен кайра шайлоо өткөрүлөт.
12. Эгерде Төраганы шайлоого эки талапкер катышса жана алардын бири да добуштардын зарыл санын алалбаса, добуштардын көбүрөөк санын алган талапкер үчүн кайра добуш берүү өткөрүлөт. Эгерде ал бул учурда да добуштардын зарыл санын алалбаса, жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен кайра шайлоо өткөрүлөт.
13. Эгерде Төраганы шайлоого экиден ашуун талапкер катышса, жана алардын бири да добуштардын зарыл санын алалбаса, эң көп сандагы добуш алган эки талапкердин ортосунда шайлоонун кийинки туру өткөрүлөт. Эгерде алардын бири да добуштардын зарыл санын алалбаса, добуштардын көбүрөөк санын алган талапкер үчүн кайра добуш берүү өткөрүлөт. Эгерде талапкер бул учурда да добуштардын зарыл санын алалбаса, жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен кайра шайлоо өткөрүлөт. Эгерде кийинки турга өткөн талапкер, өз талапкерлигин алып салса, анын ордуна добуштардын кийинки санын алган талапкер үчүн добуш берүү өткөрүлөт.
Берененин тексти 16.11.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
19-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (9)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-октябрындагы № 1931-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Джумабеков Дастанбек Артисбековичти Кыргыз…Постановление · 25.10.2017 · № 1931-VI
- КР Жогорку кеңешинин 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 489-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Турсунбеков Чыныбай Акуновичти Кыргыз Республикасынын Жогорку…Постановление · 27.04.2016 · № 489-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 4-ноябрындагы № 4136-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Мамытов Талант Турдумаматовичти Кыргыз Республикасынын Жогорку…Постановление · 04.11.2020 · № 4136-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 6-октябрындагы № 4104-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Абдылдаев Мыктыбек Юсуповичти Кыргыз Республикасынын Жогорку…Постановление · 06.10.2020 · № 4104-VI
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 5-октябрындагы № 514-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Шакиев Нурланбек Тургунбековичти Кыргыз…Постановление · 05.10.2022 · № 514-VII
- КР Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 21-декабрындагы № 1410-V "Депутат А.Ш. Жээнбековду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын кызмат ордуна шайлоо жөнүндө" токтомуПостановление · 21.12.2011 · № 1410-V
- КР Жогорку Кенешинин 2021-жылдын 29-декабрындагы № 4-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Мамытов Талант Турдумаматовичти Кыргыз Республикасынын Жогорку…Постановление · 29.12.2021 · № 4-VII
- КР Жогорку кеңешинин 2015-жылдын 4-ноябрындагы № 8-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жээнбеков Асылбек Шариповичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин…Постановление · 04.11.2015 · № 8-VI · Күчүн жоготкон
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 13-октябрындагы № 4111-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Исаев Канатбек Кедейкановичти Кыргыз Республикасынын Жогорку…Постановление · 13.10.2020 · № 4111-VI · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203166/st-19" title="19-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>