Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Жогорку Кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген «Коррупциялык укук бузуулар жөнүндө билдирген адамдарды коргоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 8-февралындагы № 1327-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2018-жылдын 26-апрели № 2395-VI "Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Коррупциялык укук бузуулар жөнүндө билдирген адамдарды коргоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 8-февралындагы № 1327-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20, 62 жана 63-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Коррупциялык укук бузуулар жөнүндө билдирген адамдарды коргоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 8-февралындагы № 1327-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пунктта: үчүнчү жана төртүнчү абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- Никитенко Наталья Владимировна - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Мыйзамдын демилгечиси;
- Дыйканбаев Курманбек Сапарович - Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү;";
алтынчы жана жетинчи абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- Дюшембиев Нурлан Касымбекович - Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары;
- Абдылдаева Айнур Нуралиевна - Кыргыз Республикасынын юстиция министри.".
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетине жүктөлсүн.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары
М.Бакиров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 8-февралындагы № 1327-VI "Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Коррупциялык укук бузуулар жөнүндө…Постановление · 08.02.2017 · № 1327-VI
- Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдарды коргоо жөнүндөЗакон · 28.01.2019 · № 19
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 25.11.2011 · № 223 · Күчүн жоготкон