Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Шакиев Нурланбек Тургунбековичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын кызмат ордуна шайлоо жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому 2022-жылдын 5-октябры № 514-VII Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Шакиев Нурланбек Тургунбековичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын кызмат ордуна шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 81-беренесинин 1 жана 3-бөлүктөрүнө жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Шакиев Нурланбек Тургунбекович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын кызмат ордуна шайлансын.
2. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Мамытов Талант Турдумаматовичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын кызмат ордуна шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 29-декабрындагы № 4-VII токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары
У.Б.Примов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- КР Жогорку Кенешинин 2021-жылдын 29-декабрындагы № 4-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Мамытов Талант Турдумаматовичти Кыргыз Республикасынын Жогорку…Постановление · 29.12.2021 · № 4-VII
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 25.11.2011 · № 223 · Күчүн жоготкон