154-берене. Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу ишиндеги ачыктык жана айкындык
Күчүн жоготкон · 16.11.2022 редакциясы · 33-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106.
1. Жарандык коомдун уюмдарынын өкүлдөрү, эксперттер жана башка кызыкдар болгон тараптар депутаттарга, комитеттерге, жумушчу топторго Жогорку Кеңеш тарабынан биринчи окууда каралганга чейин мыйзам долбооруна карата сунуш киргизүүгө укуктуу.
2. Жарандык коомдун уюмдарынын өкүлдөрү, эксперттер жана башка кызыкдар болгон тараптар мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө токтомдо көрсөтүлгөн мөөнөттө экинчи окууга карата депутаттар же Өкмөт аркылуу Жогорку Кеңешке сунуш киргизүүгө укуктуу.
3. Жооптуу комитеттер төмөнкүлөргө укуктуу:
1) мыйзамдардын долбоорлорун талкуулоо үчүн өзүнүн жыйналыштарына жарандык коомдун өкүлдөрүн чакырууга;
2) мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтордун ишине көз карандысыз эксперттерди тартууга.
4. Жогорку Кеңеш мыйзам долбоорлорунун үстүндө иштөө үчүн тартылган эксперттер менен каралган фонддордун чегинде мөөнөттүү эмгек келишимдерин түзүүгө укуктуу.
5. Жогорку Кеңеш мыйзамдарды кабыл алуу, аткаруу жана сунуштамаларды иштеп чыгуу мониторингин өткөрүү боюнча туруктуу аракеттенүүчү коомдук Кеңешти уюштурууга укуктуу, анын түзүмү жана ыйгарым укуктары Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген жобо менен аныкталат.
Берененин тексти 16.11.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
154-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 28-июнундагы № 2532-VI "Кыргызстан - жашыл экономика өлкөсү" концепциясын бекитүү жана жашыл экономика принциптерин Кыргыз…Постановление · 28.06.2018 · № 2532-VI
- "Кыргыз Республикасында жашыл экономикага өтүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин коомдук кеңеши жөнүндө" ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын…Положение · 28.06.2018 · № 2532-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 18-ноябрындагы № 28-VI "2015-2016-жылдарга VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишинин сессиялык планын бекитүү жөнүндө"…Постановление · 18.11.2015 · № 28-VI
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203166/st-154" title="154-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>