155-берене. Коомдук экспертиза
Күчүн жоготкон · 16.11.2022 редакциясы · 33-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106.
1. Көз карандысыз эксперттер, илимий-изилдөө мекемелеринин, жарандык коомдун уюмдарынын өкүлдөрү депутаттардын кароосунда турган мыйзамдын долбоору боюнча коомдук экспертизанын натыйжаларын (эксперттик корутундуларды, талдоолорду, пикирлерди, баалоолорду, сунуштарды, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупцияга каршы жана башка экспертизаларды кошуп алганда) Жогорку Кеңешке, фракцияларга жана комитеттерге жибере алат.
2. Комитеттерге берилүүчү сунуштар кыска, так туюндурулуп, экспертизанын, сунуштамалардын предметин талдоо жана уюмдар же билдирме берген жактар тууралуу кыскача маалыматтарды камтууга тийиш.
3. Коомдук экспертиза жооптуу комитет тарабынан жыйналышта каралат, ага түшүнүк берүү, сунуш киргизүү жана кошумча маалыматтарды берүү үчүн экспертиза жүргүзгөн адамдар чакырылат.
4. Коомдук экспертизанын натыйжаларын кароонун жыйынтыгы боюнча комитет билдирүүчүгө кабыл алынган же четке кагылган сунуштар жөнүндө негизделинген жооп жиберет.
Берененин тексти 16.11.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
155-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203166/st-155" title="155-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>