Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Кыргызстан - жашыл экономика өлкөсү» концепциясын бекитүү жана жашыл экономика принциптерин Кыргыз Республикасына киргизүү боюнча чаралар жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2018-жылдын 28-июну № 2532-VI "Кыргызстан - жашыл экономика өлкөсү" концепциясын бекитүү жана жашыл экономика принциптерин Кыргыз Республикасына киргизүү боюнча чаралар жөнүндө (КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 2-июнундагы № 295-VII токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 1-февралындагы № 2232-IV токтомуна ылайык иштелип чыгылган Кыргыз Республикасында Жашыл экономика концепциясынын долбоору жөнүндө депутат Э.Ж.Байбакпаевдин Жашыл экономика концепциясын иштеп чыгуу жана аны Кыргыз Республикасына киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттык жумушчу тобунун жетекчисинин маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргызстан - жашыл экономика өлкөсү" бренди менен Кыргыз Республикасында Жашыл экономика концепциясы бекитилсин (тиркелет).
2. "Кыргызстан - жашыл экономика өлкөсү" Концепциясын практикалык ишке ашыруунун мониторингин жүргүзүү жана координациялоо максатында жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 154-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде Кыргыз Республикасында жашыл экономикага өтүү боюнча туруктуу иштеген Коомдук кеңеш (мындан ары - Коомдук кеңеш) түзүлсүн жана Коомдук кеңеш жөнүндө жобо бекитилсин (тиркелет).
3. Коомдук кеңеш төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
- Д.Д.Бекешев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары, коомдук кеңештин төрагасы;
- А.А.Турсунбаев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин төрагасы, коомдук кеңештин мүчөсү;
- А.Б.Кенжебаев, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы, коомдук кеңештин мүчөсү;
- Б.З.Түлөбаев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, коомдук кеңештин мүчөсү;
- А.Т.Эрбаев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, коомдук кеңештин мүчөсү;
- Г.О.Култаева, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, коомдук кеңештин мүчөсү;
- С.А.Айжигитов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, коомдук кеңештин мүчөсү;
- М.К.Сарбагышев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, коомдук кеңештин мүчөсү;
- М.О.Темирбаева, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, коомдук кеңештин мүчөсү;
- Э.Э.Жамгырчиев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, коомдук кеңештин мүчөсү.
(КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 2-июнундагы № 295-VII токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилген "Кыргызстан жашыл экономика өлкөсү" бренди алдында Жашыл экономика концепциясына ылайык жашыл экономика принциптерин Кыргыз Республикасына киргизүү боюнча иш-чаралар планын иштеп чыксын.
5. Коомдук кеңештин төрагасы Кыргыз Республикасына жашыл экономика принциптерин киргизүү боюнча жүргүзүлгөн иштер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жыл сайын отчет берип турсун.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс,жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетине жана Жашыл экономика концепциясын иштеп чыгуу жана аны Кыргыз Республикасына киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттык жумушчу тобуна жүктөлсүн.
(КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 2-июнундагы № 295-VII токтомунун редакциясына ылайык)
Төрага
Д. Джумабеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 12 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (12)
- КР Жогорку Кенешинин 2021-жылдын 4-февралындагы № 4388-VI "Кыргыз Республикасында жашыл экономика принциптерин киргизүү боюнча жүргүзүлгөн иш жөнүндө Кыргыз Республикасынын…Постановление · 04.02.2021 · № 4388-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 26-декабрындагы № 3478-VI "Кыргыз Республикасында жашыл экономика принциптерин киргизүү боюнча жүргүзүлгөн иш жөнүндө Кыргыз Республикасынын…Постановление · 26.12.2019 · № 3478-VI
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 22-июнундагы № 1301-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 22-июнундагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү…Постановление · 22.06.2023 · № 1301-VII
- 2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында газмотордук отун-компримирленген жаратылыш газынын рыногун өнүктүрүү программасы (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-ноябрындагы N…Программа · 25.11.2022 · № 660
- КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 2-июнундагы № 279-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 2-июнундагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 02.06.2022 · № 279-VII
- "Кыргыз Республикасында жашыл экономикага өтүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин коомдук кеңеши жөнүндө" ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын…Положение · 28.06.2018 · № 2532-VI
- Кыргыз Республикасындагы жашыл экономика КОНЦЕПЦИЯСЫ "Кыргызстан - жашыл экономика өлкөсү" (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 28-июнундагы № 2532-VI токтому…Концепция · 28.06.2018 · № 2532-VI
- КОНЦЕПЦИЯ по достижению углеродной нейтральности в Кыргызской РеспубликеКонвенция · 03.07.2025 · № 397
- КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 2-июнундагы № 295-VII "Кыргызстан - жашыл экономика өлкөсү" концепциясын бекитүү жана жашыл экономика принциптерин Кыргыз Республикасына киргизүү…Постановление · 02.06.2022 · № 295-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 22-июнундагы № 1331-VII “Кыргызстан - жашыл экономика өлкөсү” концепциясын бекитүү жана жашыл экономика принциптерин Кыргыз…Постановление · 22.06.2023 · № 1331-VII
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-октябрындагы № 385-б ( 2019-2020-жылдарга Кыргыз Республикасында электр кыймылдаткычтуу дөңгөлөктүү транспорт каражаттарын пайдаланууга дем берүү жана…Распоряжение · 11.10.2019 · № 385-р · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-октябрындагы № 385-б (2019-2020-жылдарга Кыргыз Республикасында электр кыймылдаткычтуу дөңгөлөктүү транспорт каражаттарын пайдаланууга дем берүү жана…Распоряжение · 11.10.2019 · № 385-р · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 1-февралындагы № 2232-VI "Кыргыз Республикасындагы айлана чөйрөнүн абалынын айрым аспектилери, "жашыл экономика" принциптерин…Постановление · 01.02.2018 · № 2232-VI
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 25.11.2011 · № 223 · Күчүн жоготкон
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.