111-берене. Депутаттык суроо-талап
Күчүн жоготкон · 16.11.2022 редакциясы · 18-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 27 июля 2016 года № 151
1. Депутат, каралган же алардын өндүрүшүндө болгон иштердин маңызы боюнча сотторду жана судьяларды кошпогондо, бийликтин мамлекеттик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, мамлекеттик менчиктин үлүшү бар, республикалык бюджеттен каржылоо алган же мамлекеттик органдын функцияларын же функцияларынын бир бөлүгүн жүзөгө ашырган уюмдарга, мекемелерге, фонддорго, алардын кызмат адамдарына, алардын компентенциясына кирген маселелер боюнча депутаттык суроо-талаптарды жөнөтүүгө укуктуу.
2. Депутаттык суроо-талаптарда жеке мүнөздөгү же юридикалык мүнөздөгү кеңештерди берүүнү талап кылуучу, ошондой эле айыптоону же мазактоону камтыган маселелерге жол берилбейт.
3. Көзөмөл органдарынын кызмат адамдарына, алардын өндүрүшүндө турган дайындуу иштер жана материалдар боюнча даректелген депутаттык суроо-талаптар, ушул органдардын жана адамдардын өз алдынчалыгын жана көз карандысыздыгын эске алуу менен жүзөгө ашырылууга тийиш.
4. Депутат суроо-талап менен кайрылган ар бир орган же кызмат адамы, бир айлык мөөнөттө, жазуу жүзүндө жеке өзү жооп берүүгө милдеттүү.
5. Депутаттардын аткаруу бийлик органдарына жана алардын кызмат адамдарына карата Жогорку Кеңештин жыйналышы учурунда жазуу жүзүндө же оозеки айтылган суроо-талаптары стенограмманын негизинде жол-жоболоштурулат, депутаттын өзү тарабынан кол коюлат жана Аппарат тарабынан тиешелүү органдарга жөнөтүлөт.
Депутаттык суроо-талаптар атайын бланкта жол-жоболоштурулат жана Аппарат тарабынан Жогорку Кеңештин депутаттарына жеткиликтүү болгон депутаттык суроо-талаптардын жана аларга жооптордун бирдиктүү реестринде каттоого алынат. (КР 2016-жылдын 27-июлундагы № 151 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 16.11.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
111-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 27 июля 2016 года № 151 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере доступа к информации"Редакцияларды салыштыруу
27.07.2016 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
Депутаттык суроо-талап
1. алынып салынды: Депутат кошулду: Депутат, каралган же алардын өндүрүшүндө болгон иштердин маңызы боюнча сотторду жана судьяларды кошпогондо, бийликтин мамлекеттик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу … жана аларга жооптордун бирдиктүү реестринде каттоого алынат.
кошулду: (КР 2016-жылдын 27-июлундагы № 151 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203166/st-111" title="111-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>