110-берене. Парламенттик суроо-талап
Күчүн жоготкон · 16.11.2022 редакциясы · 18-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106.
110-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 110-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
1. Коомдук кызыкчылыгы бар маселелер боюнча, Өкмөт тарабынын жүргүзүлүп жаткан социалдык-экономикалык саясат маселелери, ошондой эле мыйзамдарды колдонуу практикасы боюнча мыйзамдарды жана Жогорку Кеңештин чечимдерин турмушка ашырууну контролдоону жүзөгө ашыруу максатында Төрага, фракция, комитет же депутаттардын тобу парламенттик суроо-талап жөнөтүү жөнүндө маселени демилгелөөгө укуктуу.
2. Парламенттик суроо-талап мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, өз капиталында мамлекеттин катышуу үлүшү бар юридикалык жактардын, ошондой эле мамлекеттик бюджеттен каржыланган уюмдардын жетекчилерине жөнөтүлөт.
3. Парламенттик суроо-талап Жогорку Кеңештин жыйналышынын күн тартибине киргизүү үчүн демилгечилер тарабынан Координациялык Кеңешке жөнөтүлөт жана аны кароонун натыйжалары боюнча токтом кабыл алынат.
4. Парламенттик суроо-талапка демилгечи негиздеме, ошондой эле зарыл болгон учурда, башка документтерди жана материалдарды тиркейт. Суроо-талапта жообун берүүнүн мөөнөтү көрсөтүлөт, ал жогоруда көрсөтүлгөн кызмат адамдарынын өтүнүчү боюнча Координациялык кеңеш тарабынан, бирок 10 күндөн ашык эмес мөөнөткө узартылышы мүмкүн.
5. Парламенттик суроо-талап 3 күндүн ичинде суроо-талапта көрсөтүлгөн кызмат адамдарына Координациялык кеңеш тарабынан жөнөтүлөт.
6. Жогорку Кеңеш парламенттик суроо-талаптарды алардын келип түшкөн кезегинин тартибинде карайт.
7. Парламенттик суроо-талаптарга жооптор Жогорку Кеңештин жыйналышында жарыяланат. Жазуу жүзүндөгү жооптун көчүрмөлөрү, аны алгандан кийин 3 күндүн ичинде бардык депутаттарга жөнөтүлөт.
8. Эгерде Жогорку Кеңеш башка чечим кабыл албаса, парламенттик суроо-талаптын жообу толук талкуулоо жол-жобосу боюнча каралат.
9. Парламенттик суроо-талаптын жообун талкуулоонун жыйынтыктары боюнча Жогорку Кеңеш токтом кабыл алуу менен өз көз карашын билдире алат.
Берененин тексти 16.11.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
110-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 04-октябрындагы №2339-V "Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ж.Ж.Сатыбалдиевге парламенттик суроо-талап жиберүү жɵнүндɵ" токтомуПостановление · 04.10.2012 · № 2339-V
- КР Жогорку Кенешинин2013-жылдын 17-апрелиндеги №2976-V "Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ж.Ж.Сатыбалдиевге парламенттик суроо-талап жиберүү жөнүндө" токтомуПостановление · 17.04.2013 · № 2976-V
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203166/st-110" title="110-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>