103-берене. Республикалык бюджеттин, Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттеринин аткарылышы жөнүндө отчетторду бекитүү тууралуу мыйзамдардын долбоорлорун кароо
Күчүн жоготкон · 16.11.2022 редакциясы · 16-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 8 августа 2017 года № 172
1. Өкмөт учурдагы жылдын 15-майынан кечиктирбестен мурунку жыл үчүн республикалык бюджеттин, Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттеринин аткарылышы жөнүндө отчетту отчеттук жылдагы белгиленген бюджеттердин аткарылышы жөнүндө отчетторду бекитүү тууралуу мыйзамдардын долбоорлору менен Жогорку Кеңешке берет.
2. Эсептөө палатасы отчеттук жылга белгиленген бюджеттердин аткарылышы жөнүндө отчетторду бекитүү тууралуу мыйзам долбоорлорун караганга чейин мурунку жыл үчүн республикалык бюджеттин, Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттеринин аткарылышынын аудитин Жогорку Кеңешке отчеттон кийинки жылдын 1-сентябрынан кечиктирбестен берет.
3. Өкмөт республикалык бюджеттин, Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттеринин аткарылыш аудиттеринин натыйжаларын кароону эске алуу менен, белгиленген кемчиликтерди жоюу боюнча тиешелүү чараларды кабыл алуу тууралуу ченемдик укуктук актыны кабыл алат жана аны белгиленген бюджеттердин аткарылышы жөнүндө отчетторду бекитүү тууралуу мыйзамдардын долбоорлору менен бирдикте отчеттук жылдан кийинки жылдын 10-сентябрына чейин Жогорку Кеңештин кароосуна жиберет.
4. Төрага Өкмөт тарабынан киргизилген республикалык бюджеттин, Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттеринин мурунку жылда аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу мыйзам долбоорлорун жана Эсептөө палатасынын отчетун аудиттин натыйжалары менен бирге Жогорку Кеңештин фракцияларына жана комитеттерине аларды алдын ала кароо жана тармактык комитетке корутунду берүү үчүн жиберет.
5. Жогорку Кеңештин фракциялары жана комитеттери мурунку жыл үчүн республикалык бюджеттин, Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттеринин аткарылышы жөнүндө отчетторду бекитүү тууралуу мыйзам долбоорлорун жана ушул маселелер боюнча Эсептөө палатасынын аудитинин натыйжаларын бир жумалык мөөнөттө карайт жана корутундуларды тармактык комитетке берет.
6. Тармактык комитет аларды Жогорку Кеңешке киргизген күндөн тартып 20 күндүн ичинде республикалык бюджеттин, Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттеринин аткарылышы жөнүндө мыйзам долбоорлорду карайт, Жогорку Кеңештин фракцияларынын, комитеттеринин сунуштарын жана сын-пикирлерин жана Эсептөө палатасынын аудитин эске алуу менен, корутундуларды берет.
7. Жогорку Кеңеш белгиленген маселелерди кароодо төмөнкүлөр угулат:
1) Кыргыз Республикасынын Премьер-министри (тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери);
2) Эсептөө палатасынын төрагасы;
3) Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин төрагасы;
4) фракциялардын лидерлери.
8. Жогорку Кеңеш кароонун жыйынтыктары боюнча республикалык бюджеттин, Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттеринин аткарылышы жөнүндө отчетторду бекитүү тууралуу мыйзамдарды отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-октябрынан кечиктирбестен, бир окууда кабыл алат.
9. Республикалык бюджеттин, Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттеринин аткарылышы жөнүндө отчетторду бекитүү тууралуу мыйзам кабыл алынбаган учурда, Жогорку Кеңеш Өкмөттүн, Өкмөттүн айрым мүчөлөрүнүн жана башка кызмат адамдарынын жоопкерчилиги жөнүндө маселени карайт.
(КР 2017-жылдын 8-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 16.11.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
103-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 26-февралы № 3850-V "Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётту бекитүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 26.02.2014 · № 3850-V
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-июнундагы № 262 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку…Постановление · 03.06.2019 · № 262
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203166/st-103" title="103-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>