102-берене. Жогорку Кеңештин бюджеттердин аткарылышын кароосу
Күчүн жоготкон · 16.11.2022 редакциясы · 16-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 8 августа 2017 года № 172
1. Жогорку Кеңеш республикалык бюджеттин, Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттеринин аткарылышына контролду жүзөгө ашырат.
Тармактык комитет тиешелүү бюджеттердин аткарылышы жөнүндө отчетторду тиешелүү мыйзамдардын жана ушул Регламенттин жоболоруна ылайык Эсептөө палатасы жүргүзгөн аудиттердин, комитеттердин сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен карайт жана Жогорку Кеңештин кароосуна киргизет.
2. Ыйгарым укуктуу орган отчеттук кварталдан кийин 15 календардык күндөн кечиктирибестен бюджеттик каражаттардын учурдагы чыгымдалышы жөнүндө маалыматты Жогорку Кеңештин тармактык комитетине берет. Тармактык комитет квартал сайын маалыматты алган күндөн тартып 3 күндөн кечиктирбестен аны Жогорку Кеңештин фракцияларына жана комитеттерине жиберет.
3. Жогорку Кеңештин фракциялары жана комитеттери төмөнкүлөргө укуктуу:
1) өзүнүн карамагындагы маселелер боюнча республикалык бюджеттин, Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттеринин учурдагы аткарылышын жылына төрт жолудан ашык эмес кароого;
2) мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын катышуусу менен юридикалык жактардын, ошондой эле республикалык бюджеттен каржыланган уюмдардын каражаттарды пайдалануу натыйжалуулугунун аудити жөнүндө Эсептөө палатасынын отчетторун жана аудит жөнүндө башка отчетторду мыйзамдарга ылайык суратууга.
4. Жогорку Кеңеш комитеттин (комитеттердин) сунуштары боюнча белгиленген бюджеттерди учурдагы аткаруу маселелерин кароонун жыйынтыктары боюнча бул бюджеттердин аткарылышы жөнүндө атайын отчетторду даярдоону Эсептөө палатасына тапшырууга укуктуу.
(КР 2017-жылдын 8-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 16.11.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
102-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203166/st-102" title="102-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>