Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кеңешинин «Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётту бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2014-жылдын 26-февралы № 3850-V "Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётту бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2013-жылдын 25-ноябрындагы № 635 токтому) "Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
"Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 42 жана 45-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 103-беренесинин 1-бөлүгүнүн жоболорун кыйшаюусуз сактасын; төмөндөгүдөй чараларды кабыл алсын: "Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджетин түзүүнүн жана аткаруунун аудитинин жыйынтыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын отчётунда көрсөтүлгөн бузууларды жана кемчиликтерди четтетүү боюнча; ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун Мыйзам долбоорунун текстти, маалымкат негиздемеси жана кемчиликтерин четтетүү боюнча кабыл алынган чаралар жөнүндө маалыматтары менен берүү тууралуу мыйзамдардын жоболорун кыйшаюусуз аткаруу боюнча; "Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджетин түзүүнүн жана аткаруунун аудитинин жыйынтыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын отчётунда көрсөтүлгөн бузууларды жана кемчиликтерди четтетүү боюнча кабыл алынган чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешине 2014-жылдын 31-мартына карата маалымат берсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетине (К.С.Дыйканбаев) жүктөлсүн.
Төраганын орун басары
Т. Зулпукаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын 2012-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү жөнүндөЗакон · 08.05.2014 · № 65
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 25-ноябрындагы № 635 "Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 25.11.2013 · № 635 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөЗакон · 11.06.1998 · № 78 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 25.11.2011 · № 223 · Күчүн жоготкон