38-берене. Шайлоонун натыйжаларын аныктоо тартиби
Күчүндө · 09.08.2025 редакциясы · 1-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 2 августа 2024 года № 158
1. Шайлоонун натыйжаларын тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы түздөн-түз участкалык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн протоколдордун жана ушул Мыйзамдын 37-беренесинин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн протоколдун негизинде добуш берүү күнүнөн 20 календардык күндөн кечиктирбестен аныктайт.
Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы милдеттүү тартипте жыйынтыктоочу жыйналыш өткөрөт, анда шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндөгү эреже бузуулар жөнүндө келип түшкөн бардык даттанууларды (арыздарды) карайт, ар бир даттануу (арыз) боюнча чечим кабыл алат.
2. Шайлоонун натыйжалары жөнүндө тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы протокол түзөт, ага шайлоонун натыйжалары алардын негизинде аныкталуучу келип түшкөн протоколдордун маалыматтары, түздөн-түз төмөн турган (участкалык) шайлоо комиссияларынын саны жөнүндө маалыматтар, ошондой эле ушул Мыйзамдын 37-беренесинин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн төмөн турган шайлоо комиссияларынын протоколдорунун суммалык маалыматтары боюнча жыйынды таблица киргизилет.
3. Шайлоого катышкан шайлоочулардын саны шайлоо бюллетендерин алуу жөнүндө шайлоочулардын койгон колунун саны боюнча аныкталат.
Добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын саны добуш берүү үчүн ящиктерден алынган белгиленген түрдөгү шайлоо бюллетендеринин саны боюнча аныкталат.
4. Аймактык шайлоо комиссиясы шайлоо участогунда добуш берүүнүн жыйынтыктарын төмөнкү учурларда жараксыз деп табат:
1) эгерде башка талапкерге караганда добуштардын көпчүлүк санын алган талапкер үчүн шайлоочулардын берген добуштарынын саны бардык талапкерлерге каршы берилген шайлоочулардын добуштарынын санынан аз болсо. Бул учурда шайлоо кайталап жүргүзүлөт;
2) (КР 2013-жылдын 16-октябрындагы № 192 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3) эгерде башка талапкерлердин тизмесине караганда добуштардын көпчүлүк санын алган талапкерлердин тизмесине берген шайлоочулардын добуштарынын саны талапкерлердин бардык тизмесине каршы шайлоочулардын берген добуштарынын санынан аз болсо. Бул учурда шайлоо кайталап жүргүзүлөт.
5. Аймактык шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жыйынтыктарын шайлоо участкасында төмөндөгүлөр боюнча жараксыз деп табат:
1) эгерде добуш берүүнү жүргүзүү, добуштарды эсептөө, добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу убагында шайлоочулардын добуш берүүсүнүн жыйынтыктарын ишенимдүү аныктоого мүмкүндүк бербесе;
2) эгерде добуш берүүнү өткөрүү, добуштарды эсептөө, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө убагында эреже бузуулар шайлоочулардын эрк-ниетин билдирүүсүнө таасир этсе;
3) Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча;
4) (КР 2016-жылдын 21-январындагы № 8 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
Шайлоо участогунда добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп табылган учурда добуш шайлоонун натыйжалары калган шайлоо участокторундагы добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча аныкталат. Шайлоо участогунда шайлоонун натыйжаларына таасирин тийгизген добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп табылган учурда тиешелүү шайлоо комиссиясы кайра добуш берүү дайындаган күндөн тартып 2 жумалык мөөнөттө ошол шайлоо участогунда кайра добуш берүү жүргүзүлөт.
51. Эгерде шайлоону даярдоо, добуш берүүнү өткөрүү, добуштарды эсептөө, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө убагында талапкер, саясий партия тарабынан добуш берүүнүн жыйынтыктарын так аныктоого мүмкүндүк бербеген же шайлоочулардын эрк-ниетин билдирүүсүнө таасир эткен бузуулар орун алса, аймактык шайлоо комиссиясы талапкер, талапкерлердин тизмеси боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп таанууга укуктуу. Мында талапкер, талапкерлердин тизмеси боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары бузуунун оордук даражасына, бузуу жасалган аймакка жараша участоктун/участоктордун чегинде же жалпы эле округ боюнча жокко чыгарылышы мүмкүн.
Шайлоо мыйзамдарынын бузулушун аныктоонун натыйжасында добуш берүү күнүнөн кийин талапкер, саясий партиянын талапкерлеринин тизмеси боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп табылган учурда, талапкерге, саясий партияга берилген шайлоочулардын добуштары шайлоо бюллетендерин жараксыздарга кошуу менен жараксыз деп табылат. Мындай талапкер, саясий партия кийинки шайлоого киргизилбейт. Мында талапкер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда жана тартипте жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн. Депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүнү эсептөөнүн максаттары үчүн алар боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп табылган талапкерге, саясий партиянын талапкерлеринин тизмесине берилген шайлоочулардын добуштары добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын катарында эске алынбайт.
6. Шайлоо участкасында добуш берүүнүн, добуштарды эсептөөнүн, добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколду түзүүнүн тартибин бузуу менен байланышкан, ар бир талапкер, талапкерлердин тизмеси алган добуштардын санын ишенимдүү аныктоого мүмкүндүк бербеген жоболорду бузуулар шайлоочулардын добуш берүүсүнүн жыйынтыктарын ишенимдүү белгилөөгө мүмкүндүк бербеген эреже бузуулар деп түшүнүлөт.
Шайлоо участкасында добуш берүүнүн, добуштарды эсептөөнүн же добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөнүн жүрүшүндө шайлоочулар өз эрк-ниетин билдиришине таасир эткен, добуш берүү күнү үгүт жүргүзүү, жарандар шайлоо укуктарын жүзөгө ашырышына тоскоолдук кылуу, добуш берүүдө байкоо жүргүзүүгө тоскоолдук кылуу, башка шайлоочулар үчүн добуш берүү, шайлоо комиссияларынын ишине кийлигишүү, шайлоочуларды сатып алуу менен байланышкан жоболорду бузуулар шайлоочулардын эрк-ниетине таасир эткен эреже бузуулар деп түшүнүлөт.
7. Аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыктарын төмөнкү учурларда жараксыз деп тааныйт:
1) эгерде добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын жалпы санынын үчтөн биринен ашыгын камтыган шайлоо участкаларынын бөлүгүндөгү добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп таанылса;
2) эгерде талапкер (талапкерлер), саясий партиянын (партиялардын) талапкерлеринин тизмеси боюнча добуш берүүнүн жараксыз деп таанылган жыйынтыктары добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын жалпы санынын үчтөн биринен ашыгын камтыса.
(КР 2013-жылдын 16-октябрындагы № 192, 2016-жылдын 21-январындагы № 8, 2024-жылдын 2-августундагы № 158 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 09.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
38-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 2 августа 2024 года № 158 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей""Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 21 января 2016 года № 8 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 16 октября 2013 года № 192 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
02.08.2024 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…мөөнөттө ошол шайлоо участогунда кайра добуш берүү жүргүзүлөт.
кошулду: 51. Эгерде шайлоону даярдоо, добуш берүүнү өткөрүү, добуштарды эсептөө, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө убагында талапкер, саясий партия тарабынан добуш берүүнүн жыйынтыктарын так аныктоого мүмкүндүк бербеген же шайлоочулардын эрк-ниетин билдирүүсүнө таасир эткен бузуулар орун алса, аймактык шайлоо комиссиясы талапкер, талапкерлердин тизмеси боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп таанууга укуктуу. Мында талапкер, талапкерлердин тизмеси боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары бузуунун оордук даражасына, бузуу жасалган аймакка жараша участоктун/участоктордун чегинде же жалпы эле округ боюнча жокко чыгарылышы мүмкүн.
Шайлоо мыйзамдарынын бузулушун аныктоонун натыйжасында добуш берүү күнүнөн кийин талапкер, саясий партиянын талапкерлеринин тизмеси боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп табылган учурда, талапкерге, саясий партияга берилген шайлоочулардын добуштары шайлоо бюллетендерин жараксыздарга кошуу менен жараксыз деп табылат. Мындай талапкер, саясий партия кийинки шайлоого киргизилбейт. Мында талапкер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда жана тартипте жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн.
Депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүнү эсептөөнүн максаттары үчүн алар боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп табылган талапкерге, саясий партиянын талапкерлеринин тизмесине берилген шайлоочулардын добуштары добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын катарында эске алынбайт.
6. Шайлоо участкасында добуш берүүнүн, добуштарды эсептөөнүн, алынып салынды: до-
буш кошулду: добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколду түзүүнүн тартибин бузуу … эрк-ниетине таасир эткен эреже бузуулар деп түшүнүлөт.
7. алынып салынды: Эгерде кошулду: Аймактык шайлоо алынып салынды: участкаларынын кошулду: комиссиясы шайлоонун жыйынтыктарын төмөнкү учурларда жараксыз деп тааныйт:
1) эгерде добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын жалпы санынын үчтөн алынып салынды: бирин кошулду: биринен ашыгын камтыган алынып салынды: бөлүгүндө кошулду: шайлоо участкаларынын бөлүгүндөгү добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп алынып салынды: таанылса, тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыктарын кошулду: таанылса;
2) эгерде талапкер (талапкерлер), саясий партиянын (партиялардын) талапкерлеринин тизмеси боюнча добуш берүүнүн жараксыз деп алынып салынды: тааныйт.
кошулду: таанылган жыйынтыктары добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын жалпы санынын үчтөн биринен ашыгын камтыса.
(КР 2013-жылдын 16-октябрындагы № 192, 2016-жылдын 21-январындагы № алынып салынды: 8 кошулду: 8, 2024-жылдын 2-августундагы № 158 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (107)
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 27-майындагы № 63 "2019-жылдын 19-майында өткөрүлгөн Ош облусунун айрым жергиликтүү кеңештеринин…Постановление · 27.05.2019 · № 63
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 27-майындагы № 67 "2019-жылдын 19-майында өткөрүлгөн Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек…Постановление · 27.05.2019 · № 67
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 27-майындагы № 68 "2019-жылдын 19-майында өткөрүлгөн Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер…Постановление · 27.05.2019 · № 68
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын 2021-жылдын 9-декабрындагы № 803 "2021-жылдын 28-ноябрда болуп өткөн Кара-Суу шаардык кеңешинин…Постановление · 09.12.2021 · № 803
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын 2021-жылдын 9-декабрындагы № 804 "2021-жылдын 28-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун…Постановление · 09.12.2021 · № 804
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 21-майындагы № 100 "2018-жылдын 13-майында өткөрүлгөн Ош облусунун Кара-Суу…Постановление · 21.05.2018 · № 100
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 21-майындагы № 101 "2018-жылдын 13-майында өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Сузак…Постановление · 21.05.2018 · № 101
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 21-майындагы № 102 "2018-жылдын 13-майында өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Аксы…Постановление · 21.05.2018 · № 102
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 21-майындагы № 103 "2018-жылдын 13-майында өткөрүлгөн Чүй облусунун Сокулук…Постановление · 21.05.2018 · № 103
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 21-майындагы № 104 "2018-жылдын 13-майында өткөрүлгөн Нарын облусунун Ат-Башы…Постановление · 21.05.2018 · № 104
- 2018-жылдын 13-августу № 159 2018-жылдын 5-августунда өткөрүлгөн Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Кадамжай…Постановление · 13.08.2018 · № 159
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 11-декабрындагы № 217 "2018-жылдын 2-декабрында өткөрүлгөн Нарын облусунун Жумгал…Постановление · 11.12.2018 · № 217
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 27-майындагы № 64 "2019-жылдын 19-майында өткөрүлгөн Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айылдык…Постановление · 27.05.2019 · № 64
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 27-майындагы № 65 "2019-жылдын 19-майында өткөрүлгөн Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан…Постановление · 27.05.2019 · № 65
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 27-майындагы № 66 "2019-жылдын 19-майында өткөрүлгөн Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой айылдык…Постановление · 27.05.2019 · № 66
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2019-жылдын 30-сентябрындагы №140 "2019-жылдын 22-сентябрында өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун…Постановление · 30.09.2019 · № 140
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 195 "2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Панфилов…Постановление · 22.11.2024 · № 195
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 23-ноябры № 240 "2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Ош облусунун Ноокат…Постановление · 23.11.2024 · № 240
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 26-ноябрындагы № 263 "2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Бишкек шаардык…Постановление · 26.11.2024 · № 263
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2024-жылдын 23-ноябры № 231 "2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Чүй районундагы…Постановление · 23.11.2024 · № 231
107 ичинен 20 көрсөтүлдү.
Берене шилтеме берет
Беренеде аталган актылар (2)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203103/st-38" title="38-берене - Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>