Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «2018-жылдын 13-майында өткөрүлгөн Нарын облусунун Ат-Башы районунун Казыбек айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2018-жылдын 21-майы № 104 2018-жылдын 13-майында өткөрүлгөн Нарын облусунун Ат-Башы районунун Казыбек айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун бекитүү жөнүндө 2018-жылдын 13-майында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 12-мартындагы ПЖ № 55 Жарлыгы менен дайындалган Нарын облусунун Ат-Башы районунун Казыбек айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо өткөрүлдү. Ат-Башы районунун Казыбек айылдык кеңешинде мандаттардын саны 11ди түзөт. Казыбек айылдык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн көп мандаттуу 2 шайлоо округу жана 2 шайлоо участкасы түзүлгөн. Казыбек айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо 11 мандатка 28 талапкер катталган. Шайлоочулардын саны 2973дү түзүп, анын ичинен 1485 шайлоочу добуш берүүгө катышкан, бул шайлоочулардын жалпы санынын 49,95% түзөт. "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 62-беренелерине ылайык, № 4013, № 4014 участкалык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу 2018-жылдын 13-майындагы протоколдорунун негизинде Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону өттү деп таанып, Нарын облусунун Ат-Башы районунун Казыбек айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктаган. Добуш берүүнү жүргүзүү, добуштарды эсептөө жана шайлоонун жыйынтыгы, шайлоонун натыйжалары жөнүндөгү протоколдорду түзүү менен байланышкан даттануулар жана арыздар келип түшкөн жок. "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелеринин, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 62-беренелеринин негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын облусунун Ат-Башы районунун Казыбек айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын 2018-жылдын 16-майындагы протоколу бекитилсин (1-тиркеме).
2. Бул токтомдун көчүрмөсү Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясына жана Казыбек айылдык кеңешине жиберилсин.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы
Н.Шайлдабекова
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 21-майындагы № 104 токтомуна 1-тиркеме
2018-жылдын 13-майы КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТЕРИНИН ДЕПУТАТТАРЫН ШАЙЛОО
Нарын облусу, Ат-Башы району, Казыбек айылдык кеңеши (облустун, райондун, аймактын аталышы)
Казыбек айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө ПРОТОКОЛ
Казыбек айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктоо:
I. 2018-жылдын 13-майындагы Казыбек айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү деп табылсын.
II. Казыбек айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары белгиленди жана № 1, № 2 таблица түрүндө сунушталат. № 1 таблица 9 мандаттуу № 1 Казыбек шайлоо округу боюнча
№
Талапкерлердин фамилиясы, аты, атасынын аты (шайлоо бюллетенинде көрсөтүлгөн тартипте)
Шайлоочулардын талапкер үчүн берилген добуштарынын саны
1
Аалиев Бектемир Мадиевич
351
2
Андабеков Адилет Турусбекович
338
3
Базарбаев Өмүракун
567
4
Байышов Майрамбек Байышович
455
5
Бактыгулов Кубанычбек Асейинович
285
6
Белеков Болотбек Турдугулович
466
7
Дүйшеев Майрамбек Жумамамбетович
401
8
Дүйшөналиев Токтор
346
9
Есеналиева Эльмира Анарбековна
214
10
Жакыпов Замирбек Курманалиевич
454
11
Жапаров Уланбек Токтосунович
188
12
Жолдошбаев Бакытбек Сулайманович
392
13
Жумабаев Абдыразак Медербекович
277
14
Жумабаев Мирбек Жакыпович
124
15
Жумабаева Эльмира Мамбеттурдиевна
288
16
Ибраев Майрамбек Турганалиевич
282
17
Исаев Мирбек Нуркасымович
514
18
Истам уулу Кубанычбек
378
19
Кожониязов Шамбет Кыдыгалиевич
361
20
Оморов Каныбек Макенович
491
21
Өмүргазиев Марат Өмүргазиевич
390
22
Такеев Миргазы
341
23
Тойчиева Дамира Жумакуновна
61
24
Шаршенбек уулу Дүйшөбек
238
25
Шаршенов Майрамбек Токтобаевич
567
26
Бардык талапкерлерге каршы
0
2 мандаттуу № 2 Жаңы-Күч шайлоо округу боюнча
№
Талапкерлердин фамилиясы, аты, атасынын аты (шайлоо бюллетенинде көрсөтүлгөн тартипте)
Шайлоочулардын талапкер үчүн берилген добуштарынын саны
1
Абдыразаков Дүйшөнбек Токтосунович
128
2
Кайыпов Дүйшебай
173
3
Орозмамбетов Абыл
142
4
Бардык талапкерлерге каршы
0
III. Шайлоонун натыйжалары төмөнкүдөй аныкталды: Шайлоонун натыйжалары боюнча Казыбек айылдык кеңешинин депутаттары болуп төмөнкү талапкерлер шайланды (№ 2 таблица) № 2 таблица 9 мандаттуу № 1 Казыбек шайлоо округу боюнча
№
Талапкерлердин фамилиясы, аты, атасынын аты
Шайлоочулардын талапкер үчүн берилген добуштарынын саны
1
Базарбаев Өмүракун
567
2
Шаршенов Майрамбек Токтобаевич
567
3
Исаев Мирбек Нуркасымович
514
4
Оморов Каныбек Макенович
491
5
Белеков Болотбек Турдугулович
466
6
Байышов Майрамбек Байышович
455
7
Жакыпов Замирбек Курманалиевич
454
8
Дүйшеев Майрамбек Жумамамбетович
401
9
Жолдошбаев Бакытбек Сулайманович
392
2 мандаттуу № 2 Жаңы-Күч шайлоо округу боюнча
№
Талапкерлердин фамилиясы, аты, атасынын аты
Шайлоочулардын талапкер үчүн берилген добуштарынын саны
1
Кайыпов Дүйшебай
173
2
Орозмамбетов Абыл
142
Протокол 2018-жылдын 16-майында саат 11.05 мүнөттө түзүлдү.
Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы
Р.Абдылдаев
Катчысы
Г.Султангазиева
Мүчөлөрү:
Т.Бакелов
Ш.Дүйшөбаев
З.Токтосунова
Д.Чекирова
Ж.Алиева
Г.Ибраева
А.Исакова
Г.Шаменова
К.Сабитакунов
А.Нурмамбетов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөЗакон · 14.07.2011 · № 98
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- КР Президентинин 2018-жылдын 12-мартындагы ПЖ № 55 "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Нарын жана Ош облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо…Указ · 12.03.2018 · № 55 · Күчүн жоготкон