Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «2018-жылдын 13-майында өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары тууралуу Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2018-жылдын 21-майы № 102 2018-жылдын 13-майында өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары тууралуу Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун бекитүү жөнүндө 2018-жылдын 13-майында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 29-мартындагы ПЖ № 63 Жарлыгы менен дайындалган Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүлдү. Кара-Жыгач айылдык кеңешинде мандаттардын саны 21ди түзөт. Кара-Жыгач айылдык кеңеши боюнча мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүү үчүн көп мандаттуу 2 шайлоо округ жана 2 шайлоо участок түзүлгөн. Кара-Жыгач айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо 21 мандатка 58 талапкер катталган. Шайлоочулардын саны 3735ти түзүп, анын ичинен 1677 шайлоочу добуш берүүгө катышкан, бул шайлоочулардын жалпы санынын 44,9% түзөт. "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 62-беренелерине ылайык № 2331, № 2332 участкалык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу 2018-жылдын 13-майындагы протоколдорунун негизинде Аксы аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону өттү деп таанып, Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжаларын аныктаган. Добуш берүүнү жүргүзүү, добуштарды эсептөө жана шайлоонун жыйынтыгы, шайлоонун натыйжалары жөнүндөгү протоколдорду түзүү менен байланышкан даттануулар жана арыздар келип түшкөн жок. "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелеринин, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 62-беренелеринин негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары тууралуу Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын 2018-жылдын 16-майындагы протоколу бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтомдун көчүрмөсү Аксы аймактык шайлоо комиссиясына жана Кара-Жыгач айылдык кеңешине жиберилсин.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төраганын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы
Н.Шайлдабекова
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 21-майындагы № 102 токтомуна тиркеме
2018-жылдын 13-майы КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТЕРИНИН ДЕПУТАТТАРЫН ШАЙЛОО Жалал-Абад облусу, Аксы району
КАРА-ЖЫГАЧ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ДЕПУТАТТАРЫН МӨӨНӨТҮНӨН МУРДА ШАЙЛООНУН НАТЫЙЖАЛАРЫ ЖӨНҮНДӨ ПРОТОКОЛ
Кара-Жыгач айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктоо:
I. 2018-жылдын 13-майындагы Кара-Жыгач айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү деп табылсын (Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдор жана жыйынды таблицасы тиркелет).
II. Кара-Жыгач айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары белгиленди жана № 1 Кара-Жыгач, № 2 Сыны шайлоо округдар боюнча таблицалар түрүндө сунушталат. № 1-таблица 13 мандаттуу Кара-Жыгач шайлоо округу боюнча
№
Талапкерлердин фамилиясы, аты, атасынын аты (шайлоо бюллетенинде көрсөтүлгөн тартипте)
Шайлоочулардын талапкер үчүн берилген добуштарынын саны
1
Абдрахман уулу Бакытбек
354
2
Аземов Сагыналы
66
3
Алымбеков Бакытбек Тажыбаевич
33
4
Артыкбаев Элмир Согушбекович
118
5
Аширова Гулбара Токтосуновна
167
6
Байгондуев Заирбек Сатыбаевич
399
7
Балтабаев Бахтияр Кочкорбаевич
303
8
Балтабаев Элдияр Кочкорбаевич
301
9
Бузурманов Кенжебек Кожоканович
328
10
Джумабаев Осмонбек Турдукулович
40
11
Дооран уулу Турдакун
298
12
Жаңыбаев Эсенгазы Мамытович
195
13
Жээнбекова Тургунайым
138
14
Калчабеков Алмазбек Жоконбекович
294
15
Калыбекова Каныкей Рамановна
341
16
Кененбай уулу Тынчтыкбек
82
17
Кочкорбай уулу Мадияр
216
18
Күзеров Турсунбек Бейшенович
157
19
Кулубаев Жеңишбек Асанбекович
11
20
Момунбеков Турдалы Кочкорбаевич
255
21
Назарбеков Анаралы Чиркейович
255
22
Назарбеков Назар Абдразакович
367
23
Өмүрзаков Замирбек Нарыбекович
355
24
Рыскулов Ринат Калыбаевич
332
25
Сапарбаев Байгазы Чымырович
347
26
Сатымкулов Жаныбек Турсунович
95
27
Сөкөев Ильичбек Келсинбекович
339
28
Стамбеков Даниярбек Турматович
320
29
Сыдыков Кылычбек Тиленбаевич
82
30
Сыябаев Мирлан Кубанычбекович
162
31
Тагаев Дайырбек Шайлообаевич
195
32
Турсуналы уулу Исабек
278
33
Чекиров Бегимкул Кадыркулович
162
34
Чомоев Женишбек Шайымкулович
138
35
Шабданов Авияс Турсунбаевич
58
36
Шакиев Сталбек Тургунбекович
368
37
Ызаканов Асаналы Жаркынбаевич
132
37
Ызаканов Мамбеталы Жаркынбаевич
245
38
Баардык талапкерлерге каршы
0
№ 2-таблица 8 мандаттуу № 2 Сыны шайлоо округу боюнча
№
Талапкерлердин фамилиясы, аты, атасынын аты (шайлоо бюллетенинде көрсөтүлгөн тартипте)
Шайлоочулардын талапкер үчүн берилген добуштарынын саны
1
Арзыбай уулу Бектурсун
96
2
Байызов Мундузбек Аскарович
201
3
Боромбаев Нурубек Туратбекович
119
4
Жаналиев Канатбек Садырбекович
194
5
Карабаев Асылбек Аскарович
141
6
Каратаев Эмилбек Балтабаевич
145
7
Картаев Нурдинбек Мейманалиевич
130
8
Мадаков Мамырасул Осмонбекович
164
9
Мазакеев Шайымбек Турдубаевич
225
10
Маматкеримов Алманбет Абибиллаханович
194
11
Мырзагулов Эрланбек Токторалиевич
193
12
Сатыбаев Абдылдабек Тургуналиевич
131
13
Сманов Залкарбек Байсалбекович
90
14
Сманов Максатбек Базарбекович
190
15
Сыдыков КуштарбекТургунбаевич
133
16
Төлөгөнов Эрмек Тажимырзаевич
192
17
Уманов Сагынбек Кочкорбаевич
107
18
Шерипбаева Дилбаркан Анарбаевна
191
19
Шерматов Токторбек Турдубаевич
126
20
Баардык талапкерлерге каршы
1
III. Шайлоонун натыйжалары төмөнкүдөй аныкталды: Шайлоонун натыйжалары боюнча Кара-Жыгач айылдык кеңешинин депутаттары болуп төмөнкү талапкерлер шайланды (№ 1, № 2 таблицалар) № 1 таблица 13 мандаттуу № 1 Кара-Жыгач шайлоо округу боюнча
№
Талапкерлердин фамилиясы, аты, атасынын аты (шайлоо бюллетенинде көрсөтүлгөн тартипте)
Шайлоочулардын талапкер үчүн берилген добуштарынын саны
1
Байгондуев Заирбек Сатыбаевич
399
2
Шакиев Сталбек Тургунбекович
368
3
Назарбеков Назар Абдразакович
367
4
Өмүрзаков Замирбек Нарыбекович
355
5
Абдрахман уулу Бакытбек
354
6
Сапарбаев Байгазы Чымырович
347
7
Калыбекова Каныкей Рамановна
341
8
Сөкөев Ильичбек Келсинбекович
339
9
Рыскулов Ринат Калыбаевич
332
10
Бузурманов Кенжебек Кожоканович
328
11
Стамбеков Даниярбек Турматович
320
12
Балтабаев Бахтияр Кочкорбаевич
303
13
Балтабаев Элдияр Кочкорбаевич
301
№ 2 таблица 8 мандаттуу № 2 Сыны шайлоо округу боюнча
№
Талапкерлердин фамилиясы, аты, атасынын аты (шайлоо бюллетенинде көрсөтүлгөн тартипте)
Шайлоочулардын талапкер үчүн берилген добуштарынын саны
1
Мазакеев Шайымбек Турдубаевич
225
2
Байызов Мундузбек Аскарович
201
3
Жаналиев Канатбек Садырбекович
194
4
Маматкеримов Алманбет Абибиллаханович
194
5
Мырзагулов Эрланбек Токторалиевич
193
6
Төлөгөнов Эрмек Тажимырзаевич
192
7
Шерипбаева Дилбаркан Анарбаевна
191
8
Сманов Максатбек Базарбекович
190
Протокол 2018-жылдын 16-майында 11 саат 00 мүнөттө түзүлдү.
Төрага
К.Тилешов
Н.Баялиева
Катчы
Ө.Узенбаева
Н.Стамбекова
Мүчөлөр:
С.Тагаева
Э.Атамбекова
А.Мергенбаева
К.Сатылганов
Н.Колсариева
Р.Маматкаримова
Т.Абдыбалиева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөЗакон · 14.07.2011 · № 98
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- КР Президентинин 2018-жылдын 29-мартындагы ПЖ № 63 "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад жана Чүй облустарынын кээ бир жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоону…Указ · 29.03.2018 · № 63 · Күчүн жоготкон