15-берене. Шайлоо фонддору
Күчүндө · 09.08.2025 редакциясы · 1-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 2 августа 2024 года № 158
1. Айылдык кеңештерге өзүн өзү көрсөткөн учурдан баштап жарандар, саясий партиялар ыйгарым укуктуу өкүлү аркылуу шайлоо кампаниясын каржылоо үчүн шайлоо фонддорун түзө алышат.
Өзүн өзү көрсөткөн талапкерлерге, ошондой эле айылдык кеңештерге талапкерлерди көрсөткөн саясий партияларга шайлоо фонду түзүлбөгөн учурда, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө, шайлоо алдында үгүт жүргүзүү, башка шайлоо алдындагы иш-чараларды жүзөгө ашыруу үчүн акча каражаттарын пайдаланууга тыюу салынат. Шаардык кеңешке талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партия өзүнүн шайлоо өнөктүгүн каржылоо үчүн саясий партиянын каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү шайлоо комиссиясы тарабынан катталгандан кийин 5 календардык күндүн ичинде шайлоо фондун түзөт. Талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоодон расмий баш тартылган учурда шайлоо фондуна келип түшкөн каражаттар кайрымдуулукту жана которууну жүзөгө ашырган уюмдарга жана адамдарга кайтарылып берилет. Талапкерлер тизмеси боюнча саясий партиялар тарабынан шаардык кеңештерге көрсөтүлгөн талапкерлер өздөрүнүн шайлоо фонддорун түзүүгө укуксуз.
2. Талапкер же талапкерлердин тизмеси катталган учурда талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар шайлоо алдындагы үгүт иштерин каржылоо үчүн өздөрүнүн шайлоо фонддорунун ачылган эсебин жүргүзүүнү уланта берет.
(2-абзац КР 2014-жылдын 21-ноябрындагы № 158 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3. Талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонду төмөнкүдөй каражаттардын эсебинен түзүлүшү мүмкүн:
1) талапкердин, саясий партиянын өз каражаттарынан;
2) ушул берененин 4-бөлүгүндө саналып өткөн жактарды кошпогондо, жарандардын жана юридикалык жактардын ыктыярдуу кайрымдуулук каражаттарынан.
Шайлоо фондунун чек өлчөмү ушул Мыйзам менен аныкталат.
4. Шайлоо фонддоруна төмөнкүлөрдүн ыктыярдуу кайрымдуулук кылышына тыюу салынат:
1) чет өлкөлүк мамлекеттердин, чет өлкөлүк мамлекеттик органдардын, мекемелердин жана ишканалардын, башка чет өлкөлүк юридикалык жактардын, алардын филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн, чет өлкөлүк жарандардын, эл аралык уюмдардын, чет өлкөлүк жарандар жана юридикалык жактар катышуучу болуп саналган, Кыргыз Республикасында катталган юридикалык жактардын;
2) жарандыгы жок адамдардын;
3) мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын;
4) мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер менен ишканалардын;
5) уставдык капиталында мамлекеттик же муниципалдык үлүшү болгон, ошондой эле салыктарды, жыйымдарды жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөө боюнча жеңилдиктерден пайдаланган юридикалык жактардын;
6) аскер бөлүктөрүнүн, аскердик мекемелердин жана уюмдардын;
7) укук коргоо органдарынын, соттордун;
8) кайрымдуулук иши менен алектенген уюмдардын;
9) диний уюмдардын;
10) жашыруун кайрымдуулуктар (жашыруун кайрымдуулук кылуучу деп өзүнүн төмөнкү маалыматтарынын бирин: фамилиясын, атын, атасынын атын, жашаган жеринин дарегин, паспорттук маалыматтарын көрсөтпөгөн, ошондой эле өзү жөнүндө анык эмес маалыматтарды көрсөткөн жаран түшүнүлөт).
5. Талапкердин, саясий партиянын шайлоо фондуна мамлекеттик бюджетке же Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна карызы бар, юридикалык жакты түзбөгөн ишкердикти жүзөгө ашырган юридикалык, жеке жактардын акча каражаттарын кошушуна тыюу салынат. Талапкер, саясий партия көрсөтүлгөн юридикалык жана жеке жактар тарабынан шайлоо фондуна акча каражаттары которулган учурда жоопкерчилик тартпайт. Эгерде талапкердин, саясий партиянын шайлоо фондуна жогоруда көрсөтүлгөн жеке жана юридикалык жактардан акча каражаттары келип түшкөн учурда соттун чечими боюнча банк же башка мекемелер ал каражаттарды Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын фондуна которууга милдеттүү, ал өз кезегинде бул каражаттарды мамлекеттик бюджетке же Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна которот.
6. Талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддоруна келип түшүп жаткан акчалай каражаттар шайлоо дайындалган күнгө карата Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен белгиленген эсептешүү көрсөткүчүнөн эсептелет. Белгиленген өлчөмдөн ашык келип түшкөн акча каражаттары шайлоо фондуна чегерилүүгө жатпайт жана жарандар менен уюмдарга кайтарып берилет. Мында көрсөтүлгөн каражаттарды кайтарып берүүгө байланышкан чыгымдар аларды чегерген жарандар менен уюмдардын эсебинен жабылат.
7. Кайра добуш берүү жүргүзүлгөн учурда шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен талапкердин, саясий партиянын бардык чыгымдарынын жалпы чектелген суммасы бир жарым эсе көбөйтүлүшү мүмкүн.
8. Шайлоо фондун түзгөн бардык акча каражаттары банктагы же башка мекемедеги атайын эсепке которулат. Бул эсеп тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясынын уруксаты менен талапкер, саясий партия тарабынан ачылат. Шайлоо фонддоруна келип түшүүчү акча каражаттары улуттук валютада гана кабыл алынууга тийиш. Көрсөтүлгөн эсептер боюнча кирешелер кошуп эсептелбейт жана төлөнбөйт.
9. Банк же башка мекемелердин тизмеси, көрсөтүлгөн эсептерди ачуунун, жүргүзүүнүн, шайлоо фонддорунун каражаттары боюнча эсепке алуунун жана отчеттуулуктун тартиби банк же башка мекемелер менен макулдашуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленет.
10. Шайлоо фонддорунун каражаттарын тескөө укугу аларды түзгөн талапкерлерге, саясий партияларга, алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө таандык.
11. Шайлоо фонддорунун каражаттары максаттуу багытка ээ. Алар шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө байланышкан чыгымдарды жабууга гана пайдаланылышы мүмкүн.
12. Шайлоо фонддорунун каражаттары төмөнкүлөргө гана пайдаланылат:
1) шайлоо алдындагы үгүткө багытталган уюштуруу-техникалык чараларды финансылык камсыз кылууга;
2) ушул Мыйзамда белгиленген өлчөмдө шайлоо күрөөсүн төлөөгө;
3) шайлоо өнөктүгүн өткөрүү менен түздөн-түз байланышкан иштерди аткаргандыгы, кызмат көрсөткөндүгү үчүн төлөөгө, атап айтканда:
а) маалыматтык жана консультативдик мүнөздөгү кызмат көрсөтүүлөргө;
б) үгүт материалдарын чыгарууга жана жайылтууга;
в) жайлардын, жабдуулардын ижарасына;
г) транспорттук жана иш-сапардык чыгымдарды жабууга;
д) байланыш кызматтарына;
е) кеңсе товарларын, жабдууларды сатып алууга;
ж) жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяларды жарыялоого жана талапкердин чыгып сүйлөөсүнө;
з) шайлоо алдындагы чогулуштарды өткөрүүгө, шайлоочулар менен жолугушууга;
и) товарларды жеткирип берүүгө.
13. Жарандар жана юридикалык жактар талапкерди, талапкерлердин тизмесин шайлоого көмөктөшүүчү ишке шайлоо фонддору аркылуу гана каржылык (материалдык) жактан колдоо көрсөтүүгө укуктуу. Юридикалык жактарга, алардын филиалдарына, өкүлчүлүктөрүнө, ошондой эле жеке жактарга шайлоого тикелей же кыйыр түрдө байланышкан жумуштарды, кызматтарды, товарларды сатууну акысыз аткарууга же негизсиз төмөндөтүлгөн баалар боюнча аткарууга тыюу салынат.
14. Талапкерлерге, саясий партияларга жумуштарга жана тейлөө кызматтарына акы төлөөгө, шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүгө, шайлоо алдындагы башка иш-чараларды жүзөгө ашырууга өздөрүнүн шайлоо фонддоруна келип түшкөн каражаттардан тышкары каражаттарды пайдаланууга тыюу салынат.
15. Банк же башка мекемелер жума сайын, ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын талабы боюнча талапкердин, саясий партиянын атайын эсебинде турган каражаттардын түшүшү жана чыгымдалышы жөнүндө маалыматты талапкерди каттаган аймактык шайлоо комиссиясына 24 сааттын ичинде билдирип турууга милдеттүү. Бул маалыматтар түшүшүнө жараша милдеттүү түрдө Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө жана банктык сыр жөнүндө мыйзамдарды эске алуу менен жайгаштырылат.
16. Талапкер өз талапкерлигин алып салган, саясий партия тарабынан өздөрүнүн талапкерлерин чакыртып алган, саясий партия тарабынан талапкерлердин тизмесин чакыртып алган же талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоо алынып салынган (жокко чыгарылган) учурда шайлоо фондуна келип түшкөн акча каражаттары аларды киргизген жарандар менен уюмдарга токтоосуз кайтарылып берилүүгө тийиш. Мында көрсөтүлгөн каражаттарды кайтарып берүү менен байланышкан чыгымдар аларды киргизген жарандар менен уюмдардын эсебинен жабылат.
17. Талапкердин шайлоо өнөктүгү менен байланышкан белгилүү иш аткаруу жөнүндө (кызмат көрсөтүү жөнүндө) жарандар жана юридикалык жактар менен келишимдери (макулдашуулары) талапкердин жеке өзү же болбосо анын ыйгарым укуктуу өкүлү, саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан түзүлөт. Талапкерлердин, саясий партиялардын атайын эсептеринен акы төлөө боюнча келишимдер жана макулдашуулар добуш берилүүчү күндүн алдындагы күндөн кечиктирилип түзүлүшү мүмкүн эмес.
Бардык каржылык операциялар, анын ичинде жеке жана юридикалык жактар менен атайын эсептер боюнча эсептешүү добуш берүү күнүнөн мурунку күнү саат 18де токтотулат. Талапкердин, саясий партиянын жана юридикалык жактардын ортосунда белгилүү иш аткаргандыгы (кызмат көрсөткөндүгү) үчүн эсептешүүлөр накталай акча түрүндө эмес тартипте гана жүзөгө ашырылат. Мында талапкердин, саясий партиянын шайлоо кампаниясы менен байланышкан белгилүү бир иштерди аткарганы (кызматтарды көрсөткөнү) үчүн даректүү социалдык жардам алуучу аз камсыз болгон жана жеңилдиктерге укугу бар адамдарга накталай эмес эсептешүү боюнча акы төлөнүүсү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган үчүн мыйзамдарда каралган социалдык төлөмдөрдү төлөөдөн баш тартуусуна себеп болбойт.
18. Кайра добуш берүү өткөрүүдө ага карата кайра добуш берүү өткөрүлүп жаткан талапкердин атайын эсеби боюнча финансылык операциялар кайра добуш берүү күнү дайындалган күнү кайра ачылат жана кайра добуш берүү күнүнөн мурунку күнү саат 18де токтотулат.
19. Талапкерлер, саясий партиялар шайлоодон кийин 10 календардык күндөн кечиктирбестен тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына өз фондунун өлчөмдөрү жана аны түзгөн бардык булактар жөнүндө, ошондой эле бардык сарпталган чыгымдар жөнүндө отчет берет. Ушул Мыйзам менен белгиленген шайлоо күрөөсү зарыл сандагы добуштарды алган талапкерлерге, саясий партияларга алар өз фондунун өлчөмдөрү жана аны түзгөн бардык булактар жөнүндө, ошондой эле бардык сарпталган чыгымдар жөнүндө отчетту Борбордук шайлоо комиссиясына бергенден кийин кайра кайтарылат.
20. Атайын эсептеги чыгымдалбаган акча каражаттарынын калдыгы талапкерге, саясий партияга добуш берүү күнүнөн кийин кайтарып берилет.
21. Шайлоо фонддорунун каражаттарына, көрсөтүлгөн фонддорго ыктыярдуу кайрымдуулукка жана чегерилген каражаттарга, ошондой эле көрсөтүлгөн фонддордон чыгымдарына салык салуунун тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленет.
(КР 2014-жылдын 21-ноябрындагы № 158, 2016-жылдын 21-январындагы № 8, 2019-жылдын 8-августундагы № 117, 2024-жылдын 2-августундагы № 158 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 09.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
15-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 2 августа 2024 года № 158 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей""Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 8 августа 2019 года № 117 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 21 января 2016 года № 8 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 21 ноября 2014 года № 158 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
02.08.2024 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
Шайлоо фонддору
1. алынып салынды: Жарандар айылдык кошулду: Айылдык кеңештерге өзүн өзү көрсөткөн учурдан алынып салынды: тартып, кошулду: баштап жарандар, саясий партиялар алынып салынды: айылдык кеңештерге талапкерлерди көрсөткөн учурдан тартып каттоого документтерди бергенге чейин кошулду: ыйгарым укуктуу өкүлү аркылуу шайлоо кампаниясын каржылоо үчүн шайлоо фонддорун алынып салынды: түзөт.
кошулду: түзө алышат.
Өзүн өзү көрсөткөн талапкерлерге, ошондой эле айылдык кеңештерге … которууну жүзөгө ашырган уюмдарга жана адамдарга кайтарылып берилет.
алынып салынды: Саясий кошулду: Талапкерлер тизмеси боюнча саясий партиялар алынып салынды: тарабынан айылдык кеңештерге көрсөтүлгөн талапкерлер, саясий партия тарабынан шаардык кеңештерге көрсөтүлгөн талапкерлер өздөрүнүн шайлоо … жүргүзүүнү уланта берет.
(2-абзац КР 2014-жылдын 21-ноябрындагы алынып салынды: N кошулду: № 158 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3. Талапкерлердин, саясий … накталай акча түрүндө эмес тартипте гана жүзөгө ашырылат.
кошулду: Мында талапкердин, саясий партиянын шайлоо кампаниясы менен байланышкан белгилүү бир иштерди аткарганы (кызматтарды көрсөткөнү) үчүн даректүү социалдык жардам алуучу аз камсыз болгон жана жеңилдиктерге укугу бар адамдарга накталай эмес эсептешүү боюнча акы төлөнүүсү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган үчүн мыйзамдарда каралган социалдык төлөмдөрдү төлөөдөн баш тартуусуна себеп болбойт.
18. Кайра добуш берүү өткөрүүдө ага карата кайра добуш берүү … 2014-жылдын 21-ноябрындагы № 158, 2016-жылдын 21-январындагы № алынып салынды: 8 , кошулду: 8, 2019-жылдын 8-августундагы алынып салынды: N 117 кошулду: № 117, 2024-жылдын 2-августундагы № 158 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (24)
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 11-октябрындагы № 154 токтому менен бекитилген Жергиликтүү кеңештердин…Инструкция · 11.10.2016 · № 154
- КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 14-апрелиндеги № 86 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда…Постановление · 14.04.2017 · № 86
- КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 29-мартындагы № 76 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоого…Постановление · 29.03.2017 · № 76
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 15-февралындагы № 39 "2021-жылдын 11-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын…Постановление · 15.02.2021 · № 39
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ткр боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 28-сентябрындагы № 711 "2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын…Постановление · 28.09.2021 · № 711
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын 2021-жылдын 17-октябрындагы № 747 "2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Жалал-Абад облусунун…Постановление · 17.10.2021 · № 747
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 30-ноябрындагы № 538 "Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл жана Чүй облустарынын айрым…Постановление · 30.11.2017 · № 538
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 15-декабрындагы № 548 "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Нарын, Ош жана Чүй…Постановление · 15.12.2017 · № 548
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 13-мартындагы № 54 "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Нарын жана Ош облустарынын…Постановление · 13.03.2018 · № 54
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 30-мартындагы № 66 "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад жана Чүй облустарынын кээ…Постановление · 30.03.2018 · № 66
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 4-июнундагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун…Постановление · 04.06.2018 · № 115
- Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 23-октябрындагы № 190 "Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылдык кеңешинин…Постановление · 23.10.2018 · № 190
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 14-августундагы №117 "2019-жылдын 22-сентябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун…Постановление · 14.08.2019 · № 117
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 11-февралындагы №45 "2020-жылдын 12-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү…Постановление · 11.02.2020 · № 45
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 2-апрелиндеги № 37 "Кыргыз Республикасынын кээ бир жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына…Постановление · 02.04.2015 · № 37
- КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017 жылдын 21 июлундагы № 262 "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш…Постановление · 21.07.2017 · № 262
- КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 4-июлундагы № 196 "Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону…Постановление · 04.07.2017 · № 196
- КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясыныны 2016-жылдын 14-октябрындагы № 157 "Кыргыз Республикасынын саясий партияларынын, талапкерлеринин шайлоо…Постановление · 14.10.2016 · № 157
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 5-апрелиндеги №38 "2019-жылдын 19-майында Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун…Постановление · 05.04.2019 · № 38
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 3-февралындагы № 22 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлердин…Постановление · 03.02.2016 · № 22
24 ичинен 20 көрсөтүлдү.
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөЗакон · 21.11.2014 · № 158
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203103/st-15" title="15-берене - Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>