Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын кээ бир жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерлерге шайлоо фонддорунун атайын эсебин ачуу үчүн банк мекемесин белгилөө жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2015-жылдын 2-апрели № 37
Кыргыз Республикасынын кээ бир жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерлерге шайлоо фонддорунун атайын эсебин ачуу үчүн банк мекемесин белгилөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге шайлоо фонддорунун атайын эсебин ачууну камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 13-бөлүгүн жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин 9-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-жылдын 17-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын кээ бир жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого катыша турган талапкерлерге шайлоо фонддорунун атайын эсебин ачуу үчүн банк мекемеси болуп “РСК Банк” ААКсы белгиленсин.
2. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, контролдук- текшерүү тобунун жетекчиси Ж.Акматовго жүктөлсүн.
Төрага
Т. Абдраимов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөЗакон · 14.07.2011 · № 98