Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «2019-жылдын 19-майында Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүгө Кыргыз Республикасынын саясий партияларынын жана талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсебин ачуу үчүн банк мекемелерин аныктоо жөнүндө»токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2019-жылдын 5-апрели №38 2019-жылдын 19-майында Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүгө Кыргыз Республикасынын саясий партияларынын жана талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсебин ачуу үчүн банк мекемелерин аныктоо жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айылдык кеңешин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 4-апрелинин № 44 Жарлыгынын негизинде, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин 9-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "РСК Банк" ААКсы жана "Айыл Банк" ААКсы 2019-жылдын 19-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуучу саясий партиялардын, талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банк мекемелери болуп белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын пландоо, эсепке алуу, отчеттуулук жана сатып алуу бөлүмү ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.
3. Ушул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Н.Шайлдабековага тапшырылсын.
Төрага
Н. Шайлдабекова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөЗакон · 14.07.2011 · № 98
- КР Президентинин 2019-жылдын 4-апрелиндеги ПЖ № 44 "Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айылдык кеңешин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоону…Указ · 04.04.2019 · № 44 · Күчүн жоготкон