Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ткр боюнча борбордук комиссиясынын «2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катышуучу талапкерлердин жана Кыргыз Республикасынын саясий партияларынын шайлоо фонддорунун атайын эсебин ачуу үчүн банк мекемелерин аныктоо жөнүндө « токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2021-жылдын 28-сентябры № 711 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катышуучу талапкерлердин жана Кыргыз Республикасынын саясий партияларынын шайлоо фонддорунун атайын эсебин ачуу үчүн банк мекемелерин аныктоо жөнүндө "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 25-сентябрындагы ПЖ № 408 Жарлыгына ылайык, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 41, 42-беренелерин, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуучу талапкерлердин жана саясий партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн "РСК Банк" ААКсы жана "Айыл Банк" ААКсы банк мекемелери болуп белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына караштуу Көзөмөлдө-текшерүү тобу ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды "Кыргыз Республикасынын жергилишайлоо жөнүндө" конституциялык Мыйзамына ылайык көрсүн.
3. Ушул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровко жүктөлсүн.
Төрага
Н. Шайлдабекова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 3
Шилтеме берет (3)
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөЗакон · 14.07.2011 · № 98
- КР 2021-жылдын 26-июнундагы № 79 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Конституциялык мыйзамыКонституционный Закон · 26.06.2021 · № 79
- КР Президентинин 2021-жылдын 25-сентябрындагы ПЖ № 408 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" жарлыгыУказ · 25.09.2021 · № 408 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 11-февралындагы №40 «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча…Постановление · 11.02.2020 · № 40
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 08.08.2019 · № 117
- КР Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы ПЖ № 21 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 08.02.2021 · № 21 · Күчүн жоготкон