Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
12-берене. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого шайлоочулардын тизмелери
Күчүндө · 09.08.2025 редакциясы · 1-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 30 сентября 2024 года № 167
1. Эгерде ушул Мыйзамда башкача каралбаса, шайлоочулардын тизмесин түзүү "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат. Шайлоочулардын тизмесине добуш берүү күнүнө карата активдүү шайлоо укугуна ээ болгон, жергиликтүү жамааттын мүчөсү болуп саналган жана "Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын бардык жарандары киргизилет.
2. Шайлоочулардын алдын ала тизмеси Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринен 18 жаш курагына толгон, биометрикалык маалыматтарды тапшырган жарандар жөнүндө маалыматтарды автоматтык түрдө жүктөп алуу аркылуу шайлоо участокторунун чек араларын эске алуу менен түзүлөт. Шайлоочулардын алдын ала тизмеси мамлекеттик порталда участкалар, райондор жана шаарлар боюнча добуш берүү күнүнө чейин 55 календардык күн калганда шайлоочунун туруктуу же болбосо иш жүзүндө жашаган жери, туулган датасы жөнүндө маалымат бербестен, таанышуу жана аталган маалыматтарды, тизмедеги каталарды жана так эместиктерди аныктоо үчүн жайгаштырылат.
Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестрин түзүү, сактоо жана актуалдаштыруу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
Шайлоочулардын тизмесин түзүүдө жана актуалдаштырууда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мыйзамдарга ылайык электрондук кол тамга менен тастыкталган маалыматтарды шайлоо комиссиясына ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу өткөрүп берет.
21. Добуш берүү күнүндө стационардык дарылоо-алдын алуу мекемелеринде, шектүүлөр жана айыпталуучулар катары камакта кармоо жайларда, үзгүлтүксүз иштөө циклиндеги ишканаларда (вахта жумуштарында) жүргөн шайлоочулар, мөөнөттүү кызмат өтөгөн аскер кызматчылары, аскер кызматчылары жана алардын аскер бөлүктөрүндө жашаган үй-бүлө мүчөлөрү жана башка адамдар жөнүндө маалыматтар көрсөтүлгөн мекемелердин (ишканалардын, аскер бөлүктөрүнүн) жетекчилери тарабынан түзүлөт жана добуш берүү күнүнө чейин 12 календардык күндөн кечиктирбестен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына өткөрүлүп берилет.
Стационардык дарылоо-алдын алуу мекемелеринде, шектүүлөр жана айыпталуучулар катары камакта кармоо жайларында жүргөн шайлоочуларды жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочуларды эсепке алуу үчүн карамагында жогоруда көрсөтүлгөн мекемелер болгон ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, ошондой эле социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган ар бир жылдын 1-февралына жана 1-августуна карата абалы боюнча көрсөтүлгөн шайлоочулардын иш жүзүндөгү саны жөнүндө маалыматты Борбордук шайлоо комиссиясына берүүгө милдеттүү.
3. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочулардын тизмесин түзүүдө "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык түзүлгөн шайлоочулардын тизмесинен ушул Мыйзамдын 3-беренесинин 7-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдарды чыгарып салат.
4. Мамлекеттик порталда жайгаштырылган жана ар бир шайлоо участогу боюнча түзүлгөн алдын ала тизме Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан басып чыгарылат жана добуш берүү күнүнө чейин 50 календардык күн калганда участоктук шайлоо комиссиясына берилет.
5. Мамлекеттик порталга жайгаштырылган шайлоочулардын тизмеси маалыматтын келип түшүүсүнө жараша дайыма жаңыланып турууга тийиш.
(КР 2016-жылдын 21-январындагы № 8, 2019-жылдын 8-августундагы N 117, 2024-жылдын 2-августундагы № 158 , 2024-жылдын 30-сентябрындагы № 167 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 09.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 30 сентября 2024 года № 167 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей", "О статусе депутатов местных кенешей")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 2 августа 2024 года № 158 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей""Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 8 августа 2019 года № 117 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 21 января 2016 года № 8 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей"Редакцияларды салыштыруу
30.09.2024 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жана алардын аскер бөлүктөрүндө жашаган үй-бүлө мүчөлөрү жана башка алынып салынды: адамдар, анча оор эмес кылмыштарды жасаганы үчүн соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү боюнча эркиндигинен ажыратуу жайларында кармалып турган шайлоочулар кошулду: адамдар жөнүндө маалыматтар көрсөтүлгөн мекемелердин (ишканалардын, аскер … жана айыпталуучулар катары камакта кармоо жайларында жүргөн алынып салынды: шайлоочуларды, анча оор эмес кылмыштарды жасаганы үчүн мыйзамдуу күчүнө кирген соттун өкүмү боюнча эркиндигинен ажыратуу жайларында кармалып турган шайлоочуларды жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү … 2019-жылдын 8-августундагы N 117, 2024-жылдын 2-августундагы № 158 кошулду: , 2024-жылдын 30-сентябрындагы № 167 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (9)
- Постановление Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 30 апреля 2015 года № 42 "Об утверждении Положения «О порядке апробирования модели избирательного…Постановление · 30.04.2015 · № 42
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 11-февралындагы №40 «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча…Постановление · 11.02.2020 · № 40
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын от 10 сентября 2025 года № 72 "Об утверждении Положения о порядке взаимодействия…Постановление · 10.09.2025 · № 72
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 14-августундагы № 78 "Майыптыгы бар шайлоочулардын шайлоо укуктарынын ишке…Постановление · 14.08.2026 · № 78
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-апрелиндеги № 199 "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө", "Кыргыз…Постановление · 29.04.2019 · № 199
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 16-февралындагы № 35 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук…Постановление · 16.02.2016 · № 35 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 4-февралындагы № 30 "Кыргыз Республикасынын шайлоолордо жана референдумдары…Постановление · 04.02.2020 · № 30 · Күчүн жоготкон
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 4-февралындагы № 29 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук…Постановление · 04.02.2020 · № 29 · Күчүн жоготкон
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 25-октябрындагы № 172 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук…Постановление · 25.10.2016 · № 172 · Күчүн жоготкон
Берене шилтеме берет
Беренеде аталган актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 2-июлундагы № 68 "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Конституциялык…Конституционный Закон · 02.07.2011 · № 68
- Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндөЗакон · 14.07.2014 · № 136 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203103/st-12" title="12-берене - Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>