13-берене. Шайлоочулардын тизмеси менен таанышуу
Күчүндө · 09.08.2025 редакциясы · 1-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 8 августа 2019 года № 117
1. Участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүү күнүнө чейин 50 календардык күн калганда тиешелүү шайлоо участогунун аймагында жашаган шайлоочулардын таанышып чыгуусу үчүн шайлоочулардын алдын ала тизмесин илүүгө милдеттүү.
2. Ар бир шайлоочу кандай гана болбосун ката же так эместикти тапкан учурда, ошондой эле ал шайлоочулардын алдын ала тизмесинде жок болсо, добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күндөн кечиктирбестен ырастоочу документтердин көчүрмөсүн тиркеп, арыз менен тиешелүү участоктук шайлоо комиссиясына кайрылууга укуктуу, бул учурда шайлоочу биометрикалык идентификациядан өтөт.
Шайлоочудан белгиленген формадагы арызды алганда участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү арызда толтурулган маалыматтардын тууралыгын жана көрсөтүлгөн маалыматтардын паспорттук маалыматтар менен шайкештигин текшергенден кийин, ошондой эле идентификациядан өткөн шартта шайлоочуга арыздын төмөн бөлүгүндө жайгашкан арызды иштеп чыгуунун статусун тактоо боюнча маалыматы бар айрып алма талонду берет. Тизмеге киргизүү, каталарды же так эместиктерди оңдоо боюнча тиешелүү чараларды кабыл алуу үчүн көрсөтүлгөн арызды участкалык шайлоо комиссиясы Борбордук шайлоо комиссиясынын тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясындагы системалык администраторуна токтоосуз өткөрүп берет. Шайлоочу мыйзамдарда белгиленген тартипте авторлоштуруудан өтүп, мамлекеттик порталдагы "шайлоочунун кабинети" деген сервис аркылуу электрондук түрдө да арыз берүүгө укуктуу. Шайлоочунун бул арызына жооп арызды берүүдө шайлоочу көрсөткөн дарек боюнча кагаз жүзүндө же электрондук билдирүү түрүндө тиешелүү шайлоо комиссиясы тарабынан 7 календардык күндөн кечиктирбестен жиберилет.
3. Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүү күнүнө чейин 35 календардык күндөн кечиктирбестен шайлоочулар жөнүндө актуалдаштырылган маалыматты камтыган шайлоочулардын контролдук тизмесин түзөт жана участкалык шайлоо комиссиясына жиберет.
Участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүү күнүнө чейин 30 календардык күн калганда шайлоочулардын таанышып чыгуусу үчүн шайлоочулардын контролдук тизмесин илүүгө милдеттүү. Контролдук тизмеде тиешелүү участок боюнча тизмеге кирген шайлоочулардын фамилиясынан, атынан, атасынын атынан, ошондой эле шайлоо участогунун номеринен башка маалыматтар камтылбашы керек. Көрсөтүлгөн тизме мамлекеттин порталында жайгаштырылат.
4. Шайлоочулардын тизмесиндеги каталар жана так эместиктер жөнүндө шайлоочулардын арыздарын кабыл алуу добуш берүү күнүнө 15 календардык күн калганда токтотулат. Арыздарды иштеп чыккандан кийин Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочулардын биротоло тизмесин түзөт. Мында шайлоочулардын контролдук жана акыркы тизмелери Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестриндеги маалыматтар менен милдеттүү түрдө текшерилүүгө жана актуалдаштырылууга тийиш.
Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүү күнүнө чейин 10 күн калганда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жабдуулардын комплекттерин даярдоо үчүн электрондук түрдөгү шайлоочулардын акыркы тизмесин берет. Шайлоочулардын акыркы тизмеси алынгандан кийин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган биометрикалык маалыматтар базасы менен шайлоочулардын тизмесин жүктөө аркылуу шайлоочуларды идентификациялоо боюнча жабдуулардын сервердик комплекттерин даярдоо боюнча иштерди жүргүзөт, шайлоо участокторуна жабдуулардын комплекттерин жеткирүү үчүн шайлоо күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирбестен Борбордук шайлоо комиссиясына берет. Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүү күнүнө чейин 5 календардык күн калганда шайлоочулардын акыркы тизмесин басып чыгарып, аларды эки нускада номерлеп, боолоп жана Борбордук шайлоо комиссиясынын мөөрү менен ырастап тиешелүү участкалык шайлоо комиссияларына жиберет. Мында илүү үчүн дайындалган ар бир шайлоо участогу боюнча акыркы тизменин кагаз түрүндөгү экинчи нускасында акыркы тизмеге киргизилген шайлоочулардын жашаган жери жөнүндө маалымат камтылбашы керек. Шайлоочулардын акыркы тизмесинде камтылган жеке маалыматтарды берүү, көчүрүү, жарыялоо жолу менен ачыкка чыгаруу мыйзамдарда каралган жоопкерчиликти тартууга алып келет. Тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирбестен тиешелүү шайлоо участогунда шайлоочуларынын акыркы тизмесинин кагаз түрүндөгү экинчи нускасын шайлоо участогунда илүүгө милдеттүү.
5. Добуш берүү күнү шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулар гана добуш берүүгө укуктуу.
6. Шайлоочулардын тизмесин актуалдаштырууну Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестриндеги маалыматтардын тактыгын жана актуалдашуусун камсыз кылуу максатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен өз ара аракеттенүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы жүзөгө ашырат.
Борбордук шайлоо комиссиясы менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын шайлоочулардын тизмелерин түзүү, таанышуу, алардын шайлоочулардын тизмесинде жок экендиги жөнүндө, анда ката же так эместик тууралуу, арыздарын кароо боюнча, шайлоо дареги боюнча добуш берүү ниеттери тууралуу, добуш берүү күнү шайлоочуларды идентификациялоо жөнүндө маселелер боюнча, Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестриндеги жана мамлекеттик порталдагы маалыматтарды салыштырып текшерүү жана актуалдаштыруу, ошондой эле ыкчам чечүүнү талап кылган башка маселелер боюнча өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу аркылуу Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилет. Өз ара аракеттенүү ошондой эле мыйзамдарда бекитилген электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасын колдонуу менен жүзөгө ашырылат. (КР 2019-жылдын 8-августундагы N 117 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 09.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
13-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (14)
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 25-январындагы № 16 "Шайлоочулардын тизмесинде шайлоочунун бар экендиги жөнүндө кабарлоо формасын…Постановление · 25.01.2012 · № 16
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 11-февралындагы №40 «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча…Постановление · 11.02.2020 · № 40
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын от 10 сентября 2025 года № 72 "Об утверждении Положения о порядке взаимодействия…Постановление · 10.09.2025 · № 72
- Постановление Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 30 апреля 2015 года № 42 "Об утверждении Положения «О порядке апробирования модели избирательного…Постановление · 30.04.2015 · № 42
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 19-ноябрындагы № 149 "Шайлоочуларды идентификациялоо тартиби жөнүндө жобону…Постановление · 19.11.2025 · № 149
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 51 "Шайлоочунун кабинети" сервиси жөнүндө жобону бекитүү…Постановление · 01.08.2025 · № 51
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 10-октябрындагы № 113 "Шайлоочунун шайлоочулардын тизмесинде бар экендиги тууралуу кабарлоо формасын…Постановление · 10.10.2012 · № 113
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-апрелиндеги № 199 "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө", "Кыргыз…Постановление · 29.04.2019 · № 199
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 16-февралы № 19 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча…Постановление · 16.02.2026 · № 19
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 16-февралы № 23 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча…Постановление · 16.02.2026 · № 23
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 25-сентябрындагы № 112 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү…Постановление · 25.09.2026 · № 112
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 16-февралындагы № 35 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук…Постановление · 16.02.2016 · № 35 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2011-жылдын 7-сентябрындагы УП № 231 "Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин…Указ · 07.09.2011 · № 231 · Күчүн жоготкон
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 25-октябрындагы № 172 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук…Постановление · 25.10.2016 · № 172 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203103/st-13" title="13-берене - Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>