3-берене. Жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүнүн шайлоо укуктары
Күчүндө · 09.08.2025 редакциясы · 1-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 9 августа 2025 года № 195
1. Шайлоо өткөрүлүп жаткан тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын мүчөлөрү болуп саналган, 18 жашка толгон Кыргыз Республикасынын жарандары жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо укугуна ээ.
2. Жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрү тиешелүү жергиликтүү кеңештердин депутаттарын түздөн-түз шайлайт.
3. Жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрү жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого тең негизде катышат.
4. 21 жаш куракка толгон, жалпы орто билимден төмөн эмес билими бар, мамлекеттик тилди билген, тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын мүчөсү жергиликтүү кеңештин депутаты болуп шайланууга укуктуу.
5. Сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылган же соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү боюнча эркиндигинен ажыратуу жайларында кармалып турган жарандар шайлоого укуксуз.
6. Сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылган же соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү боюнча эркиндигинен ажыратуу жайларында кармалып турган жарандар, диний ишмерлер, ошондой эле соттуулугу мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган адамдар шайланууга укуксуз.
61. Соттуулугу жоюлгандыгына же алып салынгандыгына карабастан, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттуулугу бар; же болбосо аларга карата аталган кылмыштар боюнча кылмыш иши реабилитацияланбаган негиздер боюнча кыскартылган жарандар да шайланууга укуксуз.
7. Шайлоо өткөрүлүп жаткан тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында жайгаштырылган аскер бөлүктөрүнүн мөөнөттүү кызмат өтөгөн аскер кызматчылары, өзүнүн туруктуу жашаган жеринен тышкары альтернативдүү кызмат өтөгөн адамдар, ошондой эле тиешелүү жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү болуп саналбаган, окутуунун күндүзгү формасынын студенттери жана аспиранттар иш жүзүндө жайгашкан жери (кызматы, окуусу) боюнча жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катышпайт.
8. Кылмыш жасоодо шектүүлөр жана айыпталуучулар катары камакта кармоо жайларында кармалып турган Кыргыз Республикасынын жарандары, алар шайлоо өтүп жаткан тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында туруктуу жашаган жана алардын камакта кармоо жайлары ушул администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында жайгашкан шартта, камакта кармоо жайларында добуш берүүгө укуктуу.
(Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 8-августундагы № 117, 2024-жылдын 2-августундагы № 158 , 2024-жылдын 30-сентябрындагы № 167, 2024-жылдын 31-декабрындагы № 209, 2025-жылдын 21-январындагы № 17, 2025-жылдын 9-августундагы № 195 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 09.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 9 августа 2025 года № 195 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам применения государственного языка"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 21 января 2025 года № 17 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в религиозной сфере"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 31 декабря 2024 года № 209 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере противодействия коррупции"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 30 сентября 2024 года № 167 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей", "О статусе депутатов местных кенешей")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 2 августа 2024 года № 158 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей""Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 8 августа 2019 года № 117 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей"Редакцияларды салыштыруу
09.08.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…21 жаш куракка толгон, жалпы орто билимден төмөн эмес билими бар, кошулду: мамлекеттик тилди билген, тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын … 167, 2024-жылдын 31-декабрындагы № 209, 2025-жылдын 21-январындагы № алынып салынды: 17 кошулду: 17, 2025-жылдын 9-августундагы № 195 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (20)
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 19-апрелиндеги № 51 "2013-жылдын 26-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ош, Баткен…Постановление · 19.04.2013 · № 51
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 28-мартындагы № 55 "2012-жылдын 4-мартында өткөн Чүй облусунун Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын…Постановление · 28.03.2012 · № 55
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 29-ноябрындагы № 169 "2014-жылдын 26-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун…Постановление · 29.11.2013 · № 169
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 19-апрелиндеги № 50 "2013-жылдын 26-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ош, Чүй…Постановление · 19.04.2013 · № 50
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 7-мартындагы № 41 "2014-жылдын 20-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы…Постановление · 07.03.2014 · № 41
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 8-апрелиндеги № 53 "2014-жылдын 18-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Кара-Суу…Постановление · 08.04.2014 · № 53
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 26-июнундагы № 82 "2014-жылдын 3-августуна дайындалган Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун…Постановление · 26.06.2014 · № 82
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 5-августундагы № 93 "2014-жылдын 14-сентябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы…Постановление · 05.08.2014 · № 93
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 5-августундагы № 94 "2014-жылдын 14-сентябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы…Постановление · 05.08.2014 · № 94
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 9-июлу № 121 "2013-жылдын 18-августуна дайындалган Кыргыз Республикасынын Ош жана Жалал-Абад…Постановление · 09.07.2013 · № 121
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 18-февралындагы № 26 "2014-жылдын 13-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун…Постановление · 18.02.2014 · № 26
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 20-мартындагы № 20 "2015-жылдын 17-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош жана Талас…Постановление · 20.03.2015 · № 23
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 2-апрелиндеги № 32 "2015-жылдын 17-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Жумгал…Постановление · 02.04.2015 · № 32
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 3-мартындагы № 43 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир…Постановление · 03.03.2018 · № 43
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 13-мартындагы № 41 "2012-жылдын 6-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын Ош жана Нарын…Постановление · 13.03.2012 · № 41
- Постановление Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 10 декабря 2013 года № 176 "О Календарном плане основных организационно - практических мероприятий…Постановление · 10.12.2013 · № 176
- КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 4-июнундагы № 32-р ("Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө"…Решение · 04.06.2014 · № № 32-р
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын жергиликтүү…Положение · 16.02.2016 · № 35 · Күчүн жоготкон
- "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын жергиликтүү…Положение
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 99 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча…Постановление · 26.04.2017 · № 99 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203103/st-3" title="3-берене - Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>