20-берене. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар
Күчүн жоготкон · 20.10.2021 редакциясы · 3-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 20 октября 2021 года № 123.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 24 апреля 2019 года № 56
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик укуктар таандык кылынышы мүмкүн.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү берилип жаткан ыйгарым укуктарды ишке ашыруунун шарттарын зарыл болгон материалдык жана каржылык каражаттар менен бир эле убакта мамлекеттик камсыз кылуунун тартибин белгилеп, мыйзамдын же келишимдин негизинде жүзөгө ашырылат.
Мамлекеттик бийлик органдары менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ортосундагы келишимдин негизинде мамлекеттик ыйгарым укуктар берилген учурда келишимдин шарттары тиешелүү жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилүүгө тийиш.
3. Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө мамлекет бир эле убакта мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү менен жергиликтүү бюджетке республикалык бюджеттен максаттуу трансферттерди караган же берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон башка каржылоо булактарын аныктаган учурларда гана жол берилет.
4. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик бийликтин ыйгарым укуктуу органдарына отчет берет.
5. Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө мыйзамдар жана келишимдер төмөнкүлөрдү кароого тийиш:
1) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берилүүчү мамлекеттик ыйгарым укукту;
2) берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жүзөгө ашырылышында мамлекеттик бийлик органдарынын усулдук, уюштуруучулук, консультациялык жана көмөк көрсөтүүнүн башка формаларын;
3) отчеттуулукка карата талаптарды;
4) берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга мамлекет тарабынан контролдонушунун механизмин.
6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берилиши мүмкүн болгон негизги мамлекеттик ыйгарым укуктарга төмөнкүлөр кирет:
1) калктын жумуштуулугунун жана миграциясынын программаларын иштеп чыгуу жана аткаруу;
2) жарандардын эсебин алуу каттоосу, паспорт режиминин эрежелерин аткарылышына көзөмөлдү жүзөгө ашыруу, жарандарды белгиленген тартипте эсепке коюуну жана эсептен чыгарууну жүргүзүү, шайлоочулардын тизмелерин түзүү;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жарандык абалдын актыларын каттоо;
4) мектептик, мектепке чейинки жана кесиптик билим берүү жана саламаттык сактоо чөйрөсүндө кызматтарды көрсөтүү үчүн имараттар жана башка объекттер менен камсыз кылуу;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык нотариаттык аракеттерди жасоо;
6) жарандарга инсандык, үй-бүлөлүк, мүлктүк абалын ырастоочу документтерди жана мыйзамдар менен каралган башка документтерди берүү;
7) аскерге милдеттүүлөрдүн жана аскерге чакырылуучулардын алгачкы эсепке алынышын жүргүзүү, аларды аскердик эсепке кабыл алуу жана эсептен чыгаруу, аскердик кызматка чакырууну уюштурууга көмөктөшүү;
8) Айыл чарбасына жарактуу жерлердин Мамлекеттик фондунун жерлерин бөлүштүрүү жана пайдалануу;
9) айыл чарба өндүрүшүн келечектүү өнүктүрүү боюнча материалдарды жалпылоо, айыл чарба продукциясын өндүрүү боюнча экономикалык божомолдорду түзүү;
10) ветеринардык-санитардык, эпизоотияга каршы иш-чараларды жана мал чарбачылыкта селекциялык-асыл тукум жумуштарын өз убагында жүргүзүүнү уюштурууга көмөктөшүү;
11) айыл чарба өсүмдүктөрүнүн өсүндүлөрүн тепсетүүгө каршы күрөшүү, токой коргоо тилкелерин жана токой массивин сактоо боюнча тиешелүү чараларды камсыз кылуу;
12) алымдарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык салыктык укук мамилелер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктар;
13) курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
14) керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоону камсыз кылуу;
15) тиешелүү аймакта жылуулук менен жабдууну уюштуруу;
16) даректүү социалдык коргоону уюштуруу максатында аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү иликтеп билүү;
17) (КР 2017-жылдын 28-июлундагы N 163 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
17-1) этностор аралык мамилелерди чыңдоо боюнча, ошондой эле этностор аралык кагылышуулардын алдын алуу жана болтурбоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу; 17-2) пробация органдарына учурдагы милдеттерди чечүүгө жана пробациянын конкреттүү иш-чараларын аткарууга көмөктөшүү;
18) мыйзам менен белгиленген башка ыйгарым укуктар.
(КР 2011-жылдын 30-ноябрындагы № 228, 2012-жылдын 3-августундагы № 149, 2015-жылдын 17-апрели № 85, 2016-жылдын 21-апрелиндеги № 48, 2017-жылдын 28-июлундагы № 163 , 2019-жылдын 24-апрелиндеги N 56 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 20.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
20-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 24 апреля 2019 года № 56 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам внедрения института пробации"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 28 июля 2017 года № 163 "О государственных пособиях в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 21 апреля 2016 года № 48 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О местном самоуправлении"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 17 апреля 2015 года № 85 "О внесении дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 3 августа 2012 года № 149 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 30 ноября 2011 года № 228 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О местном самоуправлении""Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (27)
- Кайынды шаардык кенешинин 2019-жылдын 21-августундагы № 105/XXXI – 2 "Социалдык маселелер боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укутарды…Постановление · 21.08.2019 · № 105/XXXI-2
- Ак-Кудук айылдык кеңешинин 2019 жылдын 30-декабрындагы № 143/ ХXIII -27 "Ак-Кудук айыл өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министирлигинин Ысык-Ата…Постановление · 30.12.2019 · № 143/ ХXIII -27
- Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндөЗакон · 28.07.2017 · № 163
- Кайынды шаардык кеңешинин 2019-жылдын 21-августундагы № 104/XXXI – 1 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө айрым мамлекеттик ыйгарым…Постановление · 21.08.2019 · № 104/XXXI-1
- Бишкек шаардык кеңешинин 2017-жылдын 9- июнундагы № 16 "Бишкек шаарынын мэриясына салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө…Постановление · 02.06.2017 · № 16
- Красный Восток айылдык кенешинин 2019-жылдын 6- сентябрындагы № 14/2 "Мамлекеттик айрым ыйгарым укуктардын келишимин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 06.09.2019 · № 14/2
- Красный Восток айылдык кенешинин 2019-жылдын 6-сентябрь № 14/1 "Мамлекеттик айрым ыйгарым укуктардын келишимин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 06.09.2019 · № 14/1
- Лебединовка айылдык кеӊешинин 2019-жылдын 21-октябрындагы № 1 "Лебединовка айыл өкмөтүнө айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди бекитүү жөнүндө"…Постановление · 21.10.2019 · № 1
- Лебединовка айылдык кеӊешинин 2019-жылдын 21-октябрындагы № 2 "Лебединовка айыл өкмөтүнө айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди бекитүү жөнүндө"…Постановление · 21.10.2019 · № 2
- Аламүдүн айылдык кеңешинин 2019-жылдын 20-августундагы №125-27 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимди бекитүү…Постановление · 20.08.2019 · № 125-27
- Аламүдүн айылдык кеңешинин 2019-жылдын 24-октябрындагы №129-27 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимди бекитүү…Постановление · 24.10.2019 · № 129-27
- Красный Восток айылдык кенешинин 2021-жылдын 22-январындагы № 22/6 "Айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү боюнча келишимин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 22.01.2021 · № 22/6
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-майындагы № 311 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын…Постановление
- Аламудун айылдык кенешинин 2020-жылдын 17-сентябрындагы № 190-27 "Салык укук мамилелери жаатындагы айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына…Постановление · 17.09.2020 · № 190-27
- Аламудун айылдык кенешинин 2020-жылдын 28-октябрындагы № 198-27 "Аламүдүн айылынын Горькой көч, № 29 дареги боюнча жайгашкан муниципалдык жер участогунун багытын өзгөртүү…Постановление · 28.10.2020 · № 198-27
- Орловка шаарынын Кеңешинин 2019-жылдын 24-январындагы № 102/16-27 "Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимди бекитүү" токтомуПостановление · 24.01.2019 · № 102/16-27
- Кайынды шаардык кеңешинин 2019-жылдын 24-октябрындагы №106/XXXII - 1 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө айрым мамлекеттик ыйгарым…Постановление · 24.10.2019 · № 106/XXXII - 1
- Аламүдүн айылдык кеңешинин 2020-жылдын 28-декабрындагы № 218-27 "№ 1 Аламүдүн орто жалпы билим берүү мектебинин от жагуучу жайынын имаратын өзгөртүү жөнүндө" токтомуПостановление · 28.12.2020 · № 218-27
- Фрунзе айылдык кеңешинин 2019-жылдын 22-октябрындагы № 24 "Калкты каттоо жана жарандык абалдын актыларын каттоо маселелери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына…Постановление · 22.10.2019 · № 24
- Т.Кулатов айылдык кеңешинин 2020-жылдын 1-декабрындагы № 33-2 "Кожо-Арык айылындагы Мамазияев атындагы ФАПтын капиталдык ремонтуна 137 800 сом акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө"…Постановление · 01.12.2020 · № 33-2
27 ичинен 20 көрсөтүлдү.
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндөЗакон · 28.07.2017 · № 163
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203102/st-20" title="20-берене - Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>