Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ № 57 «Кыргыз Республикасынын Ош жана Нарын облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 31 мая 2022 года УП № 172 " О признании утратившими силу некоторых указов Президента Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-05-31.
КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2012-жылдын 5-марты ПЖ № 57 Кыргыз Республикасынын Ош жана Нарын облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрүнүн аякташына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесинин 1-бөлүгүн жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесинин 1-бөлүгүн жетекчиликке алып, ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун айылдык аймактарынын Алтын-Булак, Мырза-Аке айылдык кеңештерине, Араван районунун айылдык аймактарынын Нурабад, Тепе-Коргон айылдык кеңештерине, Нарын облусунун Жумгал районунун айылдык аймагынын Чоң-Дөбө айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо 2012-жылдын 6-майына, жекшемби күнгө дайындалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жогоруда аталган өкүлчүлүктүү органдарына шайлоолорду өткөрүүнү уюштурсун.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чыгымдар сметасына ылайык шайлоолорду өткөрүү үчүн зарыл болгон финансылык каражаттарды бөлүп берсин;
- шайлоолорду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо боюнча чараларды көрсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн жана Араван райондорунун, Нарын облусунун Жумгал районунун мамлекеттик администрацияларынын башчылары шайлоочулардын тизмелерин топтоо, тактоо жана түзүү, шайлоолорду даярдоодо жана өткөрүүдө уюштуруучулук жана материалдык-техникалык маселелерди чечүү боюнча шайлоо комиссияларына жардам көрсөтүшсүн.
5. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадрдык иш бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (5)
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 25-майындагы № 74 "Добуш берүүнүн жыйынтыктары жана Өзгөн районунун Алтын-Булак айылдык кеңешинин…Постановление · 25.05.2012 · № 74
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 13-мартындагы № 41 "2012-жылдын 6-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын Ош жана Нарын…Постановление · 13.03.2012 · № 41
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 8-июнундагы № 82 "Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын Өзгөн районунун Мырза-Аке айылдык кеңешинин…Постановление · 08.06.2012 · № 82
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 13-мартындагы № 43 "Кыргыз Республикасынын Ош жана Нарын облустарынын жергиликтүү кеңештеринин…Постановление · 13.03.2012 · № 43
- КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 31.05.2022 · № 172
Шилтеме берет (4)
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөЗакон · 14.07.2011 · № 98
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 31.05.2022 · № 172
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон