Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын «2010- жылдын 27-июндагы Кыргыз Республикасынын референдумун (бүткүл элдик добуш берүүнүн) жыйынтыктары жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2010-жылдын 1-июлу № 130 2010- жылдын 27-июндагы Кыргыз Республикасынын референдумун (бүткүл элдик добуш берүүнүн) жыйынтыктары жөнүндө Долбоорлору Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүсунуш тарабынан сунуш кылынган "Кыргыз Республикасынын Конституциясын" жана "Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу боюнча облустук, Бишкек, Ош шаардык шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссияларынын протоколдорун жана Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары түзүлгөн участкалык референдум комиссияларынын протоколдорун карап чыгып, аларда камтылган маалыматтарды кошуу жолу менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы референдумга катышууга укугу бар жарандардын жалпы саны 2 716 687 адамды түзгөндүгүн белгиледи. Добуш берүүгө катышкан жарандардын саны 1 962 804 адамды же референдумга катышууга укугу бар жарандардын жалпы санынан 72,24 пайызды түзгөн. Бюллетенде коюлган суроого "МАКУЛ" деп жооп берген жарандардын саны 1 777 339 адамды же добуш берүүгө катышкан жарандардын жалпы санынан 90,55 пайызды, "КАРШЫ" деп жооп берген жарандардын саны 158 373 адамды же добуш берүүгө катышкан жарандардын жалпы санынан 8,07 пайызды түзгөн. 27 092 бюллетень же 1,38 пайыз жараксыз деп табылган. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-апрелиндеги «Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» № 20 Декрети менен бекитилген Кыргыз Республикасынын референдумун (бүткүл элдик добуш берүүнү) өткөрүүнүн Убактылуу тартибин 16-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» Кырыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 45-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: 1 2010-жылы 27-июндагы Кыргыз Республикасынын референдумунун (бүткүл элдик добуш берүүнүн) жыйынтыктары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын протоколу бекитилсин (тиркелет). 2 Долбоорлору Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү тарабынан сунуш кылынган Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана «Кыгыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу боюнча референдум (бүткүл элдик добуш берүү) болуп отту деп табылсын. 3 Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана "Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2010-жылдын 27-июндагы Кыргыз Республикасынын референдумунда (бүткүл элдик добуш берүү) кабыл алынды деп эсептелсин. 4 Отунбаева Роза Исаковна Кыргыз Республикасынын Президенти болуп катталсын жана ага күбөлүк, төш белги жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Штандарты (желеги) тапшырылсын.
Төрага
А.Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- КР УО 2010-жылдын 21-апрелинин № 20 "Кыргыз Республикасынын референдуму (жалпы элдик добуш беруу) женунде" ДекретиДекрет · 21.04.2010 · № 20
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.