КР Президентинин ПЖ № 112 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын жиберүү жөнүндө» жарлыгы
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2010-жылдын 11-августу ПЖ № 112 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын жиберүү жөнүндө (КР Президентинин 2010-жылдын 16-августундагы ПЖ № 130 жарлыгынын редакциясына ылайык) 2010-жылдын 27-июнундагы референдумда (бүткүл элдик добуш берүүдө) кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-июлундагы № 107 Декретине ылайык ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Төмөнкүлөр жиберилсин:
- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Үсөнов Канатбек Садыкович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясына ылайык дайындалганга чейинки мөөнөткө Бишкек шаардык сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн;
- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Саатов Таалайбек Жапарович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясына ылайык дайындалганга чейинки мөөнөткө Бишкек шаардык сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн;
- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Садырова Чынара Идрисовна мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясына ылайык дайындалганга чейинки мөөнөткө Бишкек шаарынын Райондор аралык сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн;
- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Карабеков Алмаз Маматбекович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясына ылайык дайындалганга чейинки мөөнөткө Кыргыз Республикасынын Аскер сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн;
- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Амиракулова Замира Тилебалдиевна мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясына ылайык дайындалганга чейинки мөөнөткө Нарын облустук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн.
(КР Президентинин 2010-жылдын 16-августундагы ПЖ № 130 жарлыгынын редакциясына ылайык)
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Р. Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · ага шилтеме бергендер: 1 · байланышкандар: 1
Документке шилтеме берген актылар (1)
Документ шилтеме берген актылар (3)
- КР УО 2010-жылдын 19-июлунун № 107 " Судьялардын, жергиликтүү соттордун төрагаларынын жана алардын орун басарларынын бош кызмат орундарын ээлөөнүн тартиби жөнүндө Убактылуу…Декрет · 19.07.2010 · № 107
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме документтин барагында, «Байланыштар» панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Расмий булактын маалыматы боюнча, кайсы акт кайсы актыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон