Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ №136 «Гендердик саясатты өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 31 мая 2022 года УП № 172 " О признании утратившими силу некоторых указов Президента Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-05-31.
КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 172 жарлыгына ылайык күчүн жоготту
2006-жылдын 20-марты ПЖ № 136
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
Гендердик саясатты өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө
Республикадагы кырдаалды талдоо, саясаттагы жана экономикадагы түзүмдүк өзгөрүүлөр гендердик натыйжанын көз карашынан алганда толук эмес өлчөмдө оњ болуп санала тургандыгын, аялдардын эркектер менен тењдеш укуктарын жана эркиндиктерин турмушка ашыруу үчүн жетиштүү шарт- тар түзүлбөгөндүгүн көрсөтүп турат. Артыкчылыктуу демократияны түзүү эркектердин, ошондой эле аялдар- дын потенциалын чечүүнү иштеп чыгууну жана кабыл алууну камтууну талап кылат, бул ошондой эле Кыргыз Республикасынын Пекин ишаракеттер плат- формасы боюнча эларалык милдеттенмелериннн, Аялдарга карата кысымга алуунун бардык формаларын жоюу жөнүндө Конвенциянын мањызын түзөт. Эр- кектер менен аялдардын тењдештигин кубаттоо жана аялдардын укуктары ме- нен мүмкүнчүлүктөрүн кењейтүү - Мињжылдыктын өнүктүрүү максаттарына мамлекеттин жетишүүсүнүн негизи болуп саналат. Кыргыз Республикасы гендердик тењдештик чөйрөсүндө эларалык мил- деттенмелерди аткарышыны камсыз кылуу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституцнясынын 42-статьясын жана "Гендердик тењдеш- тикти камсыз кылуунун мамлекеттик гарантияларынын негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алып токтом кылам:
1. Мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу ор-
гандарында, анын ичинде чечимдерди кабыл алуу дењгээлинде аялдардын ке- минде 30 проценттик өкүлчүлүгүн камсыз кылуу максатка ылайыктуу деп эсептелсин.
2. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу ор-
гандарынын жетекчилери мамлекеттик жана муниципалдык кызматка бош орун- дарды ээлөөгө конкурс жарыялоо учурунда аларга ар кандай жыныстыгы адамдардын катышуусунун тењдеш шарттарын жана тењдеш мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылсын.
3. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-
тволор, башка мамлекеттик органдар, жергиликтүү өзалдынча башкаруу ор- гандары иштеп чыккан Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары- нын долбоорлору милдетүү түрдө гендердик экспертизадан өтө тургандыгы белгиленсин. Гендердик экспертизаны жүргүзүү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын иштеп чыгуу демилгечилери болгон мамлекеттик орган- дарга жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына жүктөлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Аялдардын,
үйбүлөнүн маселелери жана гендердик өнүктүрүү боюнча улуттук кењеши Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен бирдикте жарандык ко- омдун жана эларалык институттардын катышуусу аркасында ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун гендердик экспертизадан өткөрүү жана тиешелүү корутундуларды даярдоо жана Кыргыз Республикасынын Президентинин бе- китүүсүнө киргизүү тартиби жөнүндө жобону үч айлык мөөнөттө иштеп чык- сын. Бул Жобо кењири кулактандыруу жана мамлекеттик органдар менен жер- гиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын жетекчилиги үчүн жарыялансын.
5. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-
публикасынын Президентинин Жогорку Кењештеги, Өкмөттөгү жана сот орган- дарындагы атайын өкүлүнө жүктөлсүн.
6. Бул Жарлык жарыялангач күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (4)
- КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-майындагы УӨ № 40 "Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясын кабыл алуу боюнча референдум (бүткүл элдик добуш берүү) жөнүндө" ДекретиДекрет · 19.05.2010 · № 40
- Постановление Правительства КР от 6 мая 2006 года №325 "О реализации Указа Президента Кыргызской Республики «О мерах по совершенствованию тендерной политики» от 20 марта 2006 года"Постановление · 06.05.2006 · № 325
- КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 31.05.2022 · № 172
- Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 31.05.2022 · № 172
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- Об основах государственных гарантий обеспечения гендерного равенстваЗакон · 12.03.2003 · № 60 · Күчүн жоготкон