23-берене. Курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын милдеттүү сертификаттоо
Күчүн жоготкон · 30.01.2018 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 2 апреля 2015 года № 69.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 24 июля 2015 года № 187
1. Кыргыз Республикасында курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын милдеттүү сертификаттоону продукциянын ушундай түрлөрүн сертификаттоо укугуна белгиленген тартипте аккредиттелген сертификаттоо боюнча органдар арыз ээси менен милдеттүү сертификаттоо жүргүзүү жөнүндө келишимдин негизинде жүргүзүшөт.
2. Милдеттүү сертификаттоо объектиси болуп төмөнкүдөй продукциялар саналат:
1) Ылайыктуулугу милдеттүү ырасталууга тийиш болгон продукциянын тизмегинде көрсөтүлгөн (ушул Техникалык регламенттин 2-тиркемеси) милдеттүү талаптарга байланыштуу Кыргыз Республикасынын аймагындагы рынокко жүгүртүүгө түшкөн;
2) Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык ишинин товардык номенклатурасынын коду (ЕАЭБ ТЭИ ТН) ылайыктуулугу милдеттүү сертификатталууга тийиш болгон продукциянын тизмегинде келтирилген продукциянын кодуна 10 белгинин деңгээлинде дал келгендер.
3. Сертификаттоо органдары керектөөчү үчүн маалыматтын милдеттүү реквизиттери жок продукцияны сертификаттоого укугу жок, алар:
1) товардын аталышы;
2) өндүргөн (даярдаган) өлкөнүн аталышы;
3) өндүргөн (даярдаган) фирманын аталышы;
4) өндүрүүчүнүн (даярдоочунун) жана (же) сатуучунун юридикалык дареги;
5) товардын негизги (же функционалдык) арналышы же аны колдонуу чөйрөсү;
6) коопсуз сактоонун, ташуунун, коопсуз пайдалануунун, утилдештирүүнүн (зарыл болсо көмүүнүн жана жок кылуунун) эрежелери жана шарттары;
7) жарактуулук (же кызматтык) мөөнөтү;
8) жасалган (даярдаган) күнү.
4. Курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын милдеттүү сертификаттоо ушул Техникалык регламенттин 3-тиркемесинде берилген схемалардын бири боюнча жүзөгө ашырылат.
5. 1-5-сертификаттоо схемалары өндүрүүчү (даярдоочу) сериялуу чыгаруучу курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын сертификаттоодо, төмөнкүдөй учурларда колдонулат:
1) 1-схема - импорттук жана ата мекендик сериялуу чыгарылуучу продукция үчүн - кыска мөөнөттүү (12 айдан ашпаган) контрактарда конкреттүү алуучу (пайдалануучу) жана берилүүчү продукциянын конкреттүү көлөмү көрсөтүлгөндө. Сертификат продукциянын үлгүсүнө сыноо жүргүзүлгөндөн кийин продукция бериле баштаганга чейин бир жыл мөөнөткө берилет. Бул схема продукцияны алуучу (пайдалануучу) же келген продукцияны контролдоого, же продукциянын берилген үлгүгө ылайыктыгын текшерүүгө мүмкүндүгү болгон учурларда колдонулат, ал берүү контрактында көрсөтүлөт;
2) 2-схема - үч жылга чейинки мөөнөткө ылайыктуулук сертификатын берүү жана сатуучудан алынган продукциялардын үлгүлөрүнө инспекциялык контролду аткаруу менен өзүнчө контракттар боюнча сериялуу продукцияларды туруктуу берүүчүлөрдөгү узак мөөнөттүү (бир жылдан ашык) контракттардагы импорттук продукциялар үчүн. Продукцияны берүү түздөн-түз өндүрүүчү же болбосо өндүрүүчүнүн расмий өкүлү тарабынан жүзөгө ашырылат.
3) 3-схема - сериялуу өндүрүүнүн стабилдүүлүгү шек туудурбаган продукция үчүн. Өндүрүүчү (даярдоочу) продукциянын процесстери туруктуу контролдонооруна, продукциянын ар бир партиясын кабыл алууда-тапшырууда сыноолор жүргүзүлгөнүнө жана продукциянын ар бир партиясынын коопсуздугун ырастаган документтер (сапат паспорттору же сертификаттары) берилгенине далилдерди берет. Ылайыктуулук сертификаттары даяр продукцияны контроддоо системасынын натыйжалуулугун, мурдагы сертификаттык сыноолордун жана инспекциялык контролдун натыйжаларын, керектөөчүлөрдөн рекламациялар жоктугун эске алуу менен 3 жылга чейинки мөөнөткө берилет;
4) 4-схема - 3-схемадагыдай эле шарттарда, бирок чөйрөсү анык эмес керектөөчүлөр үчүн сериялуу чыгарылуучу продукцияга ар тараптуу жана катуу инспекциялык контроль зарыл болсо, эгер продукциянын коопсуздугу ташуунун жана сактоонун шарттарына көз каранды жана өндүрүүчүдө өзүнүн сыноочу лабораториясы жок учурларда берилет. Ылайыктуулук сертификаты 2 жылга чейинки мөөнөткө берилет.
5) 5-схема - сапат системасы бар ишкананын продукциясын сертификаттоодо, продукцияга ылайыктуулук сертификатын 3 жыл мөөнөткө берүү менен.
6. Ушул берененин 5-бөлүгүндө көрсөтүлбөгөн сертификаттоо схемалары төмөнкүдөй учурларда колдонулат:
1) 6- жана 7-схемалар - бул продукцияны өндүрүү, берүү же сатуу бир жолку мүнөздө болгон учурларда (партия, бир жолку продукция). 6-схема боюнча партиядан алынган үлгү (үлгүлөр) сыналат, ал эми 7-схема боюнча - ар бир үлгүгө сыноо жүргүзүлөт. 6- жана 7-схемалар боюнча ылайыктуулук сертификаты ал продукциянын жарактуулук мөөнөтүн, сактоонун, пайдалануунун шарттарын жана сатуу мүмкүндүгүн эске алуу менен бир жылга чейинки мөөнөткө берилет;
2) 2а жана 3а схемалар - тийиштүү 2- жана 3-схемалардын ордуна, эгер арыз ээси ссртификаттоо боюнча органга продукцияны өндүрүүнүн коопсуздук параметрлеринин туруктуулугун камсыздоонун деңгээли жана абалы жөнүндө маалыматты бере албаса, анын натыйжасында сертификаттоону жүргүзүү үчүн өндүрүштүн абалын талдоону жүзөгө ашыруу зарыл.
3) 6а схема - ылайыктуулук сертификаты берилгенден кийин партиядан алынган үлгүлөрдү сыноо жолу менен сертификатталган продукцияны инспекциялык контролдоону караштырат.
7. 3-тиркемеде берилген милдеттүү сертификаттоо схемаларын сертификаттоо боюнча органдар продукциянын, аны өндүрүүнүн, жүгүртүүнүн жана пайдалануунун өзгөчөлүгүн эске алуу менен сертификат берүү процедураларында колдонушат.
8. Ошол продукцияга сертификаттын жарактуу мезгилинде чыгарылган жана жабдуучу-берүүчүдө (сатуучуда) турган сериялуу өндүрүлгөн продукция үчүн мөөнөтү бүткөн (даярдоочуга сериялуу чыгаруу үчүн берилген) ылайыктуулук сертификаттары продукциянын жарактуулук мөөнөтү же сактоонун гарантиялык мөөнөтү бүткөнгө чейин жарактуу деп эсептелет.
(КР 2015-жылдын 24-июлундагы № 187 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 30.01.2018 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
23-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202708/st-23" title="23-берене - Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугунун" техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>