21-берене. Ылайыктуулукту ырастоо
Күчүн жоготкон · 30.01.2018 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 2 апреля 2015 года № 69.
1. Курулуш материалдары, буюмдары жана конструкциялары Кыргыз Республикасынын аймагындагы рынокко чыгарылганга (жүгүртүлгөнгө) чейин ылайыктуулукту ырастоо жол-жобосунан өтүшү керек.
2. Кыргыз Республикасынын аймагындагы курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын ылайыктуулугун ырастоо милдеттүү жана ыктыярдуу мүнөзгө ээ.
3. Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын ушул Техникалык регламенттин талаптарына ылайыктыгын милдеттүү ырастоо төмөнкүдөй формаларда жүзөгө ашырылат:
1) курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын ушул Техникалык регламенттин талаптарына ылайыктыгы жөнүндө декларацияны кабыл алуу (мындан ары - ылайыктуулукту декларациялоо);
2) курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын сертификаттоо.
4. Ылайыктуулугу милдеттүү түрдө ырасталуучу продукциянын тизмеги ушул Техникалык регламенттин 2-тиркемесинде берилди.
5. Өндүрүүчү (даярдоочу) же чет өлкөлүк өндүрүүчүнүн (даярдоочунун) расмий өкүлү продукциянын ылайыктуулугун милдеттүү түрдө ырастоонун формасын: милдеттүү сертификаттоо жүргүзүүнү же ылайыктуулук жөнүндө декларация кабыл алууну тандоого укуктуу.
6. Ыайыктуулугу милдеттүү түрдө ырасталууга тийиш болгон продукциянын тизмегине кирбеген продукция үчүн курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын ылайыктуулугун ырастоо арыз ээсинин демилгеси боюнча жүргүзүлөт.
7. Ылайыктуулукту ыктыярдуу ырастоо боюнча иштердин мазмуну жана аларды жүргүзүүнүн ырааты ушул Техникалык регламенттин 22- жана 23-беренелеринде көрсөтүлгөн курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын ылайыктуулугуна милдеттүү ырастоо жүргүзүүнүн тартибине ылайык болууга тийиш.
8. Ылайыктуулукту ыктыярдуу ырастоо боюнча аткарылган иштердин натыйжалары оң болгондо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен формадагы ылайыктуулук сертификаты берилет.
Берененин тексти 30.01.2018 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
21-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202708/st-21" title="21-берене - Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугунун" техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>