24-берене. Ылайыктуулукту милдеттүү ырастоо жаатындагы арыз берүүчүнүн укуктары жана милдеттери
Күчүн жоготкон · 30.01.2018 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 2 апреля 2015 года № 69.
1. Арыз берүүчү төмөндөгүлөргө укуктуу:
1) ылайыктуулукту милдеттүү ырастоону жүзөгө ашыруу үчүн арыз берүүчү сертификаттоого ниеттенген курулуштук арналыштагы продукцияларга аккредитациялоо тармагы жайылтылган ылайыктуулукту ырастоо боюнча каалаган органга кайрылууга;
2) ылайыктуулукту ырастоонун формасын жана схемасын ушул Техникалык регламентте каралган тартипте тандоого;
3) ылайыктуулукту ырастоо органдарынын жана аккредиттелген сыноочу лабораториялардын укуктук эмес аракеттерине Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте даттануу менен кайрылууга.
2. Арыз берүүчү төмөндөгүлөргө милдеттүү:
1) курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын ушул Техникалык регламенттин коопсуздук талаптарына, ошондой эле башка техникалык регламенттерде белгиленген коопсуздук талаптарына ылайыктыгын камсыздоого;
2) ылайыктуулугу милдеттүү ырасталууга тийиш болгон курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын аларга ылайыктуулук сертификатын же ылайыктуулук жөнүндө декларациясын алгандан кийин гана жүгүртүүгө чыгарууга;
3) мамлекеттик көзөмөлдөө органына, ошондой эле кызыкдар жактарга курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын аларга жайылтылган техникалык регламенттердин талаптарына ылайыктуулугун ырастоочу документтерди көрсөтүүгө;
4) эгер ылайыктуулукту ырастоонун тандалган схемасында каралган болсо, ылайыктуулукту ырастоодон өткөн курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын инспекциялык текшерүүдөн өтүшү үчүн шарттарды камсыздоого;
5) эгер ылайыктуулук жөнүндө декларациянын же ылайыктуулук сертификатынын жарактуулук мөөнөтү бүтсө же болбосо колдонулушу убактылуу токтотула турса же токтотулса курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын сатууну убактылуу токтотуп турууга же токтотууга;
6) сертификатталган продукцияны өндүрүүнүн техникалык документтерине же технологиялык процесстерине киргизилүүчү өзгөртүүлөр жөнүндө ылайыктуулукту ырастоо боюнча органга билдирүүгө;
7) ылайыктуулукту ырастоонун жыйынтыгы боюнча ушул Техникалык регламентте белгиленген талаптарга жооп бербеген курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын өндүрүүнү (даярдоону) токтотуп турууга.
Берененин тексти 30.01.2018 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
24-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202708/st-24" title="24-берене - Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугунун" техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>