22-берене. Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын ылайыктуулугун декларациялоо
Күчүн жоготкон · 30.01.2018 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 2 апреля 2015 года № 69.
1. Сериялап чыгарылган курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын ылайыктуулугун декларациялоо төмөнкүлөрдүн негизинде жүзөгө ашырылат:
1) Кыргыз Республикасында белгиленген тартипте каттоого турган өндүрүүчүнүн (даярдоочунун), чет өлкөлүк өндүрүүчүнүн (даярдоочунун) өкүлүнүн (мындан ары - дилер) жеке далилдеринин;
2) билдирүүчүнүн жеке далилдеринин жана үчүнчү тараптын (продукцияны сертификаттоо боюнча органдардын, сапаттык менеджмент системасын сертификаттоо боюнча органдардын, аккредиттелген көз карандысыз сыноочу лабораториялардын) катышуусу менен алынган далилдердин.
2. Ылайыктуулукту декларациялоо ылайыктуулугу милдеттүү ырасталуучу продукциялардын тизмегине кирген продукцияларга карата гана жүзөгө ышырылат.
3. Ылайыктуулук жөнүндө декларацияны ата мекендик жана чет өлкөлүк өндүрүүчүлөр (даярдоочулар) же дилерлер кабыл алууга укуктуу.
4. Өндүрүүчү (даярдоочу) же дилер курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын ылайыктулугун ырастаган документтердин негизинде ылайыктуулук жөнүндө декларацияны кабыл алат.
5. Өндүрүүчү (даярдоочу) же дилер декларациялоо схемасын төмөнкү схемалардан тандайт:
1) Д 1 схемасы - продукциянын ылайыктуулук жөнүндө декларациясын ата мекендик же чет өлкөлүк өндүрүүчүнүн же дилердин жеке далилдеринин негизинде кабыл алууда колдонулат. Мында декларацияны кабыл алып жаткан өндүрүүчү (даярдоочу) же дилер продукциянын коопсуздуктун милдеттүү талаптарына ылайыктыгын ырастоо максатында өз алдынча далилдөө базасын түзөт.
Далилдер катары төмөндөгүлөр пайдаланылышы мүмкүн: техникалык документация; жеке сыноолордун жана өлчөөлөрдүн жыйынтыктары; чийки затка, материалдарга, буюмдарга жана конструкцияларга ылайыктуулук сертификаттары же сыноолордун протоколдору; бул продукция үчүн ченемдик укуктук актыларда каралган жана ага ыйгарым укуктуу органдар жана уюмдар тарабынан берилген документтер (гигиеналык корутундулар, өрт коопсуздугунун сертификаттары (сыноолордун протоколдору); декларацияланып жаткан продукциянын милдеттүү талаптарга ылайыктуулугу жөнүндө жарыялоо үчүн негиз болгон башка документтер. Ылайыктуулук жөнүндө декларация бул продукцияны чыгаруунун же партияны сатуунун пландалган мөөнөтүнө жараша, ал продукция үчүн продукцияны өндүрүүчү (даярдоочу) же дилер белгилеген мөөнөткө, бирок 3 жылдан ашык эмес убакытка кабыл алынат;
2) Д 2 схемасы - өндүрүүчү же дилер курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын ылайыктуулугу жөнүндө декларацияны жеке далилдеринин жана үчүнчү тараптын катышуусу менен алынган далилдердин негизинде кабыл алып жатышканда колдонулат. Мында жеке далилдерге кошумча катары техникалык документациянын комплектисине декларациялануучу продукцияга үчүнчү тарап (аккредитацияланган көз карандысыз сыноочу лабораториялар) жүргүзгөн сыноолордун протоколдору киргизилет;
3) Д 3 схемасы - Д 2 схемасы колдонулган шарттарда эле колдонулат, бирок өндүрүүчү (даярдоочу) же дилер жеке далилдерине кошумча катары өзү өндүргөн курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын же алардын курамдык бөлүктөрүнүн (келишим боюнча алынган) сапатына менеджмент системасынын сертификатын сунуштайт. Сапатка менеджмент системасынын сертификаты декларациялоого жаткан ар кандай продукцияга карата декларацияны кабыл алууда далилдөөлөрдүн курамында пайдаланууга болот. Д 2 жана Д 3 схемалары боюнча ылайыктуулук жөнүндө декларациялары да 3 жылга чейинки мөөнөткө кабыл алынса болот.
6. Ылайыктуулук жөнүндө декларациянын формасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
Берененин тексти 30.01.2018 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
22-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202708/st-22" title="22-берене - Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугунун" техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>