20-берене. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын кызматчыларын социалдык жактан коргоо
Күчүн жоготкон · 11.08.2023 редакциясы · 5-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 11 августа 2023 года № 179.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 8 августа 2011 года № 150
1. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматчыларынын статусу башталгыч билим берүү мугалимдерине теңештирилет.
2. (КР 2011-жылдын 8-августундагы № 150 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3. Мектепке чейинки билим берүү системасынын кызматчыларына мамлекеттик дарылоо-профилактикалык мекемелерде ар жылы милдеттүү түрдө акысыз амбулаториялык-медициналык текшерүү жүргүзүлөт.
4. Айыл жерлеринде турган жана иштеген мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматчылары дыйкан жана фермердик чарбалардын мүчөлөрү менен бирдей негизде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жер үлүшү, кыймылсыз мүлк жана башка мүлк менен камсыз кылынат.
5. Мектепке чейинки билим берүү уюмдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камкордук кеңештер же коомдук уюмдар менен макулдашуу боюнча демөөрчүлүк каражаттарынан педагогикалык кызматчыларга кошумчаны жана кошумча акыны өз алдынча белгилей алат.
6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кошумчалардын, кошумча акылардын башка түрлөрүн белгилөөгө жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын кызматчыларын сыйлоого укуктуу.
(КР 2011-жылдын 8-августундагы № 150 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
Берененин тексти 11.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
20-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (2)
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 15-октябры № 4380-V "Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысы жөнүндө"Постановление · 15.10.2014 · № 4380-V
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-майындагы № 304 "Тарбиячынын жана мугалимдин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Постановление · 24.05.2017 · № 304
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 08.08.2011 · № 150 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202646/st-20" title="20-берене - Мектепке чейинки билим беруу жонундо (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>