21-берене. Мектепке чейинки билим берүү уюмунда балдарды медициналык жактан тейлөө
Күчүн жоготкон · 11.08.2023 редакциясы · 5-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 11 августа 2023 года № 179.
1. Мектепке чейинки билим берүү системасында акысыз медициналык тейлөөнү уюштуруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык саламаттык сактоонун тийиштүү деңгээлдеги ыйгарым укуктуу органынын мекемелери тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Мектепке чейинки билим берүү уюмунда балага акысыз негизде алгачкы медициналык жардам берилет, ал ушул мектепке чейинки уюмдун же тиешелүү саламаттык сактоо мекемелеринин штатына кирген медициналык кызматкерлер тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте жүзөгө ашырылат.
3. Тиешелүү деңгээлдеги саламаттык сактоо органдары тиешелүү деңгээлдеги билим берүүнү башкаруу органдары менен бирдикте жыл сайын балдарды акысыз медициналык кароодон өткөрүүнү камсыз кылат жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарында санитардык-гигиеналык ченемдердин сакталышын, дарылоо-алдын алуу иш-чараларынын өткөрүлүшүн контролдойт жана жоопкерчилик тартат.
Берененин тексти 11.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
21-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202646/st-21" title="21-берене - Мектепке чейинки билим беруу жонундо (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>