19-берене. Мектепке чейинки курактагы балдарды социалдык жактан коргоо
Күчүн жоготкон · 11.08.2023 редакциясы · 5-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 11 августа 2023 года № 179.
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 23 марта 2021 года № 38
1. Мамлекет мектепке чейинки курактагы балдарды, жетим балдарды жана ата-энесинин камкордугунан ажыраган, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдарды, ошондой эле аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдарын социалдык жактан коргоону жана колдоону камсыз кылат.
2. Жетим балдарга жана ата-энесинин камкордугунан ажыраган балдарга туугандык мамилелерин сактоо, мамлекеттик, муниципалдык, жеке менчик жана башка формадагы мектепке чейинки уюмдарда акысыз багуу укугуна, ошондой эле алардын жеке, мүлктүк укуктарын коргоого Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кепилдик берилет.
3. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдарга ийкемдүү иш режими бар мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарына баруу жана аларда мамлекеттин эсебинен багуу жана билим берүү укугуна кепилдик берилет.
4. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте багууда, окутууда жана өстүрүүдө өздөрүнүн муктаждыктарын канааттандыруу үчүн зарыл каражаттар жана социалдык кызмат көрсөтүүлөр менен камсыз кылынат.
5. Мектепке чейинки билим берүү уюмунун тарбиялануучуларын ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) макулдугусуз Мектепке чейин билим берүүнүн мамстандартында каралбаган тест жүргүзүүгө жана изилдөөлөрдүн ар кандай түрүн жүргүзүүгө жол берилбейт.
6. Жалпы билим берүүчү уюмга кирген учурда мектепке чейинки курактагы балдарды тесттен өткөрүүгө жол берилбейт.
(КР 2021-жылдын 23-мартындагы № 38 Мыйзамына ылайык)
Берененин тексти 11.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
19-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон Кыргызской Республики от 23 марта 2021 года № 38 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об образовании", "О дошкольном образовании")Редакцияларды салыштыруу
23.03.2021 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…балдарды, жетим балдарды жана ата-энесинин камкордугунан ажыраган, алынып салынды: өзгөчө муктаждыгы бар кошулду: ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдарды, ошондой эле аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдарын социалдык … Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кепилдик берилет.
3. алынып салынды: Өзгөчө муктаждыгы бар кошулду: Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдарга ийкемдүү иш режими бар мамлекеттик жана муниципалдык … эсебинен багуу жана билим берүү укугуна кепилдик берилет.
4. алынып салынды: Өзгөчө муктаждыгы бар кошулду: Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте … мектепке чейинки курактагы балдарды тесттен өткөрүүгө жол берилбейт.
кошулду: (КР 2021-жылдын 23-мартындагы № 38 Мыйзамына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202646/st-19" title="19-берене - Мектепке чейинки билим беруу жонундо (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>