Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
17-берене. Ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн, аны күчүн жоготту деп табуунун тартиби
Күчүндө · 19.05.2026 редакциясы · 3-глава
1. Эгерде ченемдик укуктук актынын (анын структуралык элементинин) колдонуудагы редакциясына киргизилүүчү өзгөртүүлөрдүн жана (же) толуктоолордун саны тексттин жарымынан ашыгын түзсө же болбосо айрым өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүүнү баяндоо же кабылдоо техникалык жактан кыйынчылыктуу болсо, ченемдик укуктук актыга киргизилүүчү өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор ченемдик укуктук актынын (анын структуралык элементинин) жаны редакциясы түрүндө жол-жоболоштурулат. Ченемдик укуктук актынын текстинин жаңы редакциясын баяндоодо ченемдик укуктук актынын аталышында "жаңы редакция" деген сөздөр колдонулбайт. Ченемдик укуктук актыны жаңы редакцияда кабыл алуу менен бир эле учурда колдонуудагы ченемдик укуктук акты күчүн жоготту деп табылууга тийиш.
Калган учурларда ченемдик укуктук актынын текстине өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор айрым сөздөрдү, сүйлөмдөрдү, цифраларды алып салуу, толуктоо же алмаштыруу жолу менен киргизилет.
2. Ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү аны кабыл алган ченем жаратуучу орган (кызмат адамы) тарабынан ушундай эле түрдөгү ченемдик укуктук актыны кабыл алуу (чыгаруу) жолу менен ишке ашырылат.
3. Эгерде референдум жөнүндө конституциялык мыйзамда башкача каралбаса, референдумдун натыйжасында кабыл алынган ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү ушул Мыйзамда каралган тартипте ишке ашырылат.
Ченемдик укуктук актыны өзгөртүүчү жана (же) толуктоочу ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү жолу менен ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүүгө жол берилбейт.
4. Ченемдик укуктук актынын кабыл алынышына байланыштуу аныкындай же андан азыраак юридикалык күчкө ээ болгон бардык актылар же алардын структуралык элементтери, эгерде алар жаңы актыга киргизилген ченемдик укуктук буйрумдарга каршы келсе же аларда камтылса же болбосо өзүнүн маанисин иш жүзүндө жоготсо, күчүн жоготту деп эсептелүүгө тийиш.
5. Күчүн жоготту деп табылууга - ченемдик укуктук акт, ченемдик укуктук актынын структуралык элементтери жатат; алып салынууга сөздөр, цифралар жана сүйлөмдөр жатат.
6. Структуралык элементтерди күчүн жоготту деп табууда алардан кийинки структуралык элементтерди кайрадан саноо жүргүзүлбөйт. Күчүн жоготкон структуралык элемент ошол структуралык элементке кийин өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүүдө эсепке алынат.
7. Ченемдик укуктук актыны күчүн жоготту деп табууда ошол актыга өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизген бардык ченемдик укуктук актылар же алардын бөлүктөрү күчүн жоготту деп табууга жатат.
8. Эгерде ченемдик укуктук актыда мурда кабыл алынган ченемдик укуктук актыларды күчүн жоготту деп тапкан башка ченемдик укуктук акт же анын структуралык элементи күчүн жоготту деп табылса, мурункулардын күчү кайрадан жаңыртылбайт.
Берененин тексти 19.05.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (85)
- Беловодск айылдык кеңешинин Типтүү Регламенти (Беловодск айылдык кеңешинин 2021-жылдын 30-июлундагы № 7 токтому менен бекитилди)Типовой регламент · 30.07.2021 · № 7
- Крупская атындагы айыл Кеңешинин 2017-жылдын 10-январындагы № 01-1/1 "Крупская атындагы айылдык Кеңешинин регламентин кабыл алуу жөнүндө" токтомуПостановление · 10.01.2017 · № 01-1/1
- НОВОПАВЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН РЕГЛАМЕНТИ (Новопавловка айылдык кеңешинин 21.05.2021-ж. №02/4)Регламент · 21.05.2021 · № 02/4
- Гроздь айылдык кеңешинин 2017-жылдын 16-октябрындагы № 6 "Гроздь айыл кеңешинин регламенттин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 16.01.2017 · № 6
- Жаңы-Пахта айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 01-майындагы № 01 “Жаңы-Пахта айылдык Кенешинин XXVII чакырылышынын регламентин бекитүү” токтомуПостановление · 01.05.2017 · № 01
- Красный Восток айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 10-августундагы № 2/1 "Чуй облусунун Жайыл районунун Красный Восток айылдык Кеңешинин иш регламентин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 10.08.2017 · № 2/1
- Сары-Коо айылдык кеңешинин 2018-жылдын 29-ноябрындагы №41 "Чуй облусунун Жайыл районунун Сары-Коо айылдык Кеңешинин иш регламентин бекитүү жөнүндө"токтомуПостановление · 29.11.2018 · № 41
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2017 жылдын 3 августундагы № 320 «Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо добуш берүүнү уюштуруу жана…Постановление · 03.08.2017 · № 320
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 27-апрелиндеги № 173 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Медицина-техникалык борбор" мекемесин жоюу…Постановление · 27.04.2021 · № 173
- Чапаев айылдык кеңешинин 2019-жылдын 10-июлундагы № 87 "Чүй облусунун Москва районунун Чапаев айыл аймагынын Чапаев айыл өкмөтүнүн уставын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 10.07.2019 · № 87
- Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 17-январындагы № 39 "Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондундагы жерлерин ижарага берүү боюнча жер комиссиясын бекитүү…Постановление · 17.01.2025 · № 39
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна…Постановление · 18.01.2016 · № 14
- Ош шаардык кеңешинин 2022-жылдын 30-июну № 59 "Ош шаардык кеңешинин Регламентин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 30.06.2022 · № 59
- Кара-Балта шаардык кеңешинин 2023-жылдын 1-декабрындагы № 05 “Кара-Балта шаардык кеңешинин Регламентин бекитүү тууралуу” токтомуПостановление · 01.12.2023 · № 05
- Төрт-Гүл айылдык кеңешинин 2024-ж. 20-мартындагы № 2-1 токтомунун " Жергиликтүү кеңешинин Регламенти"Регламент · 20.03.2024 · № 2-1
- Петровка айылдык кеңешинин 2014-жылдын 14-февралындагы № 42-2 “Петровка айыл аймагынын Регламентин бекитүү жөнүндө” токтомуПостановление · 14.02.2014 · № 42-2
- Ак-Башат айылдык кенешинин 2019-жылдын 23–октябрындагы №21 "Чуй облусунун Жайыл районунун Ак-Башат айылдык Кеңешинин иш регламентин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 22.10.2018 · № 21
- Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 9-сентябрындагы № 91 "Александровка айылдык кеңешинин 2024-жылдын 05-февралындагы "Касапкана куруу үчүн 1,20 га жер…Постановление · 09.09.2024 · № 91
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-октябрындагы № 526 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 04.10.2016 · № 526
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20 августундагы № 428 ""Кыргыз Республикасынын билим берүү жана социалдык коргоо жаатындагы айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө"…Постановление · 20.08.2020 · № 428
85 ичинен 20 көрсөтүлдү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202591/st-17" title="17-берене - Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>