Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Чапаев айылдык кеңешинин «Чүй облусунун Москва районунун Чапаев айыл аймагынын Чапаев айыл өкмөтүнүн уставын бекитүү жөнүндө» токтому
ЧАПАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ XXVII чакырылыштагы Чапаев айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
2019-жылдын 10-июлу № 87 Чүй облусунун Москва районунун Чапаев айыл аймагынын Чапаев айыл өкмөтүнүн уставын бекитүү жөнүндө Чүй облусунун Москва районунун Чапаев айыл аймагынын Чапаев айыл өкмөтүнүн уюштуруучулук-укуктук иш-аркетин күчүнө кирген мыйзамдарга ылайык келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамынын 17-беренесинин жоболорун эске алып, Чапаев айылдык кеңеши Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамынын 36 жана 37-беренелерине ылайык Чапаев айыл окмөтүнүн башчысын угуп чыгып, ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Чуй облусунун Москва районунун Чапаев айыл аймагынын Чапаев айыл өкмөтүнүн уставы тиркемеге ылайык жаңы редакцияда бекитилсин.
2. Чапаев айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.А. Байсульдаевге белгиленген тартипте иш жүргүзүү үчүн төмөнкүлөр тапшырылсын:
2.1. Чүй облусунун Москва районунун Чапаев айыл аймагынын Чапаев айыл өкмөтүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгында кайрадан каттоону өткөрсүн;
2.2. Ушул токтомдун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чуй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткрылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана муниципалдык менчик боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
4. Ушул чечимде көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы жана мыйзам менен белгиленген учурдагы юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгын тастыктайбыз.
Төрага
Р. Алманиязов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон