16-берене. Ченемдик укуктук актыларда шилтемелерди колдонуу
Күчүндө · 19.05.2026 редакциясы · 3-глава
1. Ченемдик укуктук актыда анын структуралык элементтерине, ошондой эле башка ченемдик укуктук актыларга жана алардын структуралык элементтерине карата шилтемелер ченемдердин өз ара байланышын көрсөтүү же аларды кайталоодон оолак болуу максатында зарыл болгон учурларда гана колдонулат.
2. Конституцияга карата шилтеме колдонулганда Конституциянын кабыл алынган датасы жана башка реквизиттери көрсөтүлбөйт.
3. Кодекске жана мыйзамга карата шилтеме колдонулганда ченемдик укуктук актынын түрү жана аталышы көрсөтүлөт.
4. Башка ченемдик укуктук актыга же анын структуралык элементине карата шилтеме колдонулганда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
ченемдик укуктук актынын түрү жана аталышы; ченемдик укуктук актынын кабыл алынган датасы, каттоо номери. Ченемдик укуктук актыга шилтемелер бир нече жолу колдонулганда биринчи шилтемеден башка учурларда анын түрү жана аталышы көрсөтүлөт.
5. Ченемдик укуктук актыга же анын структуралык элементине карата ошол эле ченемдик укуктук актыда шилтеме берүү "ушул" деген сөздү колдонуу менен жасалат.
Берененин тексти 19.05.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
16-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-декабрындагы №747 "Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл жарым ай коому жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын…Постановление · 08.12.2009 · № 747 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202591/st-16" title="16-берене - Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>