Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондундагы жерлерин ижарага берүү боюнча жер комиссиясын бекитүү жөнүндө» токтому
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Миң-Булак айыл аймагынын I-чакырылыштагы кеңешинин II-кезектеги сессиясы 2025-жылдын 17-январы № 39 Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондундагы жерлерин ижарага берүү боюнча жер комиссиясын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы №241 «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамынын 17-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 29-июнунда №1997-III токтому менен бекитилген, Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби жөнүндө типтүү жобосуна ылайык, Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары жооптуу катчысы Ф.Р.Абидованын маалыматын угуп жана талкуулап чыгып Миң-Булак айыл аймагынын Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондундагы жерлерин ижарага берүү боюнча жер комиссиясы төмөнкү курамда бекитилсин.
· Жер комиссиясынын курамы - Шамуза Сулейман Харсанович;
· Жер комиссиянын катчысы - Абидова Фарида Рахмановна;
Комиссиянын мүчөлөрү: Алыбеков Бакыт Жумгалбекович – Мин – Булак а/өкмөтүнүн башчысы; Асанов Тагай Талайбекович – а\кеңештин депутаты; Сатаров Тимур Кашкаевич – а\кеңештин депутаты; Арбуду Шамиль Керимович– а\кеңештин депутаты; Муваза Сульмане Хусеевич – а\кеңештин депутаты; Аматов Равшан Болтонович – а/өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси; Гольман Сергей Львович – коомдук өкүл; Агрардык башкармалыктын өкүлү макулдашуу боюнча.
2. Миң-Булак айыл аймагынын Кеңешинин 2024-жылдын 16-апрелиндеги “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлери боюнча Жер комиссиясынын курамын жана анын иш Регламентин бекитүү жөнүндө” №14 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Кеңештин агрардык жер маселелери, сугатт суу, жайыт жана мал чарба боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым
Асадова А.К.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 12-сентябрындагы № 95 «Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кенешинин 2025-жылдын 17-январындагы №39 «Айыл чарбага жерлеринин…Постановление · 12.09.2025 · № 95
- Миң-Булак айылдык аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 16-апрелиндеги № 14 "Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлери боюнча Жер комиссиясынын курамын жана анын иш…Постановление · 16.04.2024 · № 14 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- КР Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 29-июнундагы № 1997-III "Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби жөнүндө типтүү жобону бекитүү…Постановление · 29.06.2007 · № 1997-III