12-берене. Камсыздандыруу төлөмдөрүн ишке ашыруунун жалпы шарттары
Күчүндө · 28.07.2021 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 2 апреля 2016 года № 33
1. Камсыздандыруучуга камсыздандыруу төлөмү жөнүндө талап камсыздандыруу төлөмдөрүн ишке ашыруу үчүн зарыл документтерди тиркөө менен камсыздалуучу тарабынан жазуу жүзүндө берилет.
2. Камсыздандыруу төлөмү жөнүндө арызга төмөнкүдөй документтер тиркелет:
- камсыздандыруу келишиминин көчүрмөсү;
- талаанын жайгашуу картасынын (схемасынын) көчүрмөсү;
- жагымсыз табигый кубулуштар фактысын ырастаган маалымкат;
- жагымсыз табигый кубулуштардын таасирине чалдыккан аянттарды белгилөө боюнча комиссияны түзүү жөнүндө арызды кабыл алуу жөнүндө белгиси менен камсыздалуучунун арызынын көчүрмөсү;
- тизмеси камсыздандыруу келишиминде белгилене турган иш жүзүндө алынган кирешени далилдеген документтер, алар жок болсо - себүү аянтынын айрым зыянга учурашы менен алынган кирешени баалоо жөнүндө баалоочунун (көз карандысыз эксперттин) отчету.
Камсыздалуучудан башка документтерди камсыздандыруучунун кошумча талап кылышына жол берилбейт.
3. Документтерди кабыл алган камсыздандыруучу камсыздалуучуга документтердин толук тизмесин жана аларды кабыл алган күндү көрсөтүү менен маалымкат берүүгө милдеттүү.
(КР 2016-жылдын 2-апрелиндеги № 33 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
12-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
Берененин байланыштары
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202550/st-12" title="12-берене - Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>