11-берене. Камсыздандыруу төлөм ченемин жана аны ишке ашыруу тартибин аныктоо
Күчүндө · 28.07.2021 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 2 апреля 2016 года № 33
1. Камсыздандыруу төлөмү франшизди колдонбостон камсыздалуучу тарткан зыяндын өлчөмүндө берилет.
Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандырууда (шарттуу же шартсыз) франшизди белгилөөгө камсыздалуучуга жол берилбейт, аны белгилеген учурда ал жараксыз деп эсептелет.
2. Зыяндын өлчөмү камсыздандыруу келишими түзүлүп жаткан мезгилинде аныкталган өсүмдүк продукциясынын түрүн өндүрүү бир гектарга кеткен чыгымдын нормативинин өлчөмү менен жагымсыз табигый кубулуштун таасирине дуушар болгон өсүмдүк продукциясын өндүргөн бир гектардан алына турган кирешенин ортосундагы оң айырма катары аныкталат.
Жагымсыз табигый кубулуштан жабырланган аянттардын өлчөмдөрү камсыздалуучунун арызы алынган күндөн тартып беш жумушчу күндүн ичинде жагымсыз табигый кубулуштан жабырланган аянттардын өлчөмдөрүн аныктоо боюнча комиссия тарабынан аныкталат. Ушул комиссия жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. (Үчүнчү абзац КР 2016-жылдын 2-апрелиндеги № 33 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) Текшерүүнүн натыйжалары боюнча комиссия текшерүү жүргөн күнү ыңгайсыз табигый кубулуштардын же алардын жыйындысынын ар бир фактысы жана ыңгайсыз табигый кубулуштардын терс таасирине чалдыккан же коромжулукка, зыянга дуушар болгон өсүмдүк продукцияларынын түрү боюнча 3 нускада тиешелүү акты түзөт (мындан ары - текшерүү актысы) Текшерүү актысына комиссиянын бардык мүчөлөрү кол коюп, андан соң агенттин, камсыздандыруучунун жана камсыздалуучунун өкүлдөрүнө берилет. Эгерде комиссия мүчөлөрүнүн бири кабыл алынган чечимге макул болбосо жана текшерүү актысына кол койбосо ал өзүнүн баш тартуу себептерин жазуу жүзүндө комиссияга берет жана ал текшерүү актысына тиркелет. Ыңгайсыз табигый кубулуштардын терс таасирине чалдыккан, себүү аянттарынын айрым бөлүгү зыянга учураган аянттардан жыйналып алынган продукциянын көлөмү түшүм жыйноодо сөзсүз түрдө бааланууга тийиш. Себүү аянттары толук зыянга учураганда тарткан зыян өсүмдүк өстүрүүчүдө камсыздандыруу келишимин түзгөн учурга белгиленген өсүмдүк продукцияларынын түрүн бир гектарга өндүрүү чыгымдарынын ыңгайсыз табигый кубулуштардын таасирине чалдыккан продукциянын ошол түрү өндүрүлгөн аянтка көбөйтүлгөн чыгымдарынын нормативинин өлчөмү катары аныкталат.
3. Киреше ыңгайсыз табигый кубулуштун таасирине чалдыккан өсүмдүк продукцияларынын түрүнүн бардык көлөмүн саткандан кийин эсептелүүчү иш жүзүндөгү болушу мүмкүн.
4. Киреше түшүмдү жыйнап алгандан кийин эсептелүүчү жана ыңгайсыз табигый кубулуштун таасирине чалдыккан өсүмдүк продукцияларынын түрүнүн бардык көлөмүн сатканга чейин бааланышы мүмкүн.
Камсыздалуучунун же анын өкүлүнүн арызы боюнча баалануучу кирешени камсыздандыруучу аныктайт. Макул болбогон учурда баалануучу киреше баалоочу (көз карандысыз эксперт) тарабынан аныкталат. Баалоонун натыйжаларына макул болбогондо тараптар башкача далилдөөгө укуктуу. Себүү аянттары толук зыянга учураганда баалоо кирешесин аныктоо камсыздалуучу тарабынан жүргүзүлбөйт.
5. Өсүмдүк продукцияларынын түшүмү жарым-жартылай коромжулукка учураса камсыздандыруу төлөмү бир айдан кийин, бирок түшүм жыйноо бүткөн күндөн тартып үч айдан кечиктирбестен жүргүзүлөт.
Мында киреше төмөнкүдөй тартипте эсептелет:
1) эгерде алынган түшүм сатылса, ушул берененин 3-пунктуна ылайык;
2) эгерде алынган түшүм сатылбаса, ушул берененин 4-пунктуна ылайык;
3) эгерде алынган түшүмдүн айрым бөлүгү сатылса, ушул берененин 3-пунктуна ылайык, ал эми түшүмдүн сатылбаган бөлүгүнө киреше ушул берененин 4-пунктуна ылайык эсептелет.
6. Себилген үрөн толук зыянга учураса камсыздандыруучу комиссиянын корутундусунан кийин он жумушчу күнүнүн ичинде камсыздалуучуга камсыздандыруу төлөмдөрүн толук көлөмүндө төлөп берүүгө милдеттүү.
Себүү аянты толук зыянга учураганын комиссия тиешелүү текшерүү актысын милдеттүү түрдө түзүү менен белгилейт. (КР 2016-жылдын 2-апрелиндеги № 33 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
11-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202550/st-11" title="11-берене - Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>