13-берене. Камсыздандыруу төлөмдөрүн ишке ашыруудан камсыздандыруучуну бошотуунун негиздери
Күчүндө · 28.07.2021 редакциясы
1. Камсыздандыруучу эгерде камсыздандыруу учуру төмөнкүлөрдөн улам болсо, камсыздалуучуга камсыздандыруу төлөмүнөн толук же айрым баш тартууга укуктуу:
- өтө зарылдыктан улам жасалган иш-аракеттерди кошпогондо камсыздандыруу учурунун келип чыгышына багытталса же болбосо ал учурдун келишине көмөктөшүүчү камсыздалуучунун атайылап жасаган иш-аракетинен;
- Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте камсыздандыруу учуруна байланыштуу атайылап кылмыш жасаган же укук бузуу деп табылган камсыздалуучунун иш аракетинен.
2. Камсыздандыруу төлөмдөрүн ишке ашырууда камсыздандыруучунун баш тартышы үчүн төмөнкүлөр да негиз болушу мүмкүн:
- камсыздандыруу объекти камсыздандыруу тобокелдиги камсыздандыруу учуру жана анын кесепеттери жөнүндө камсыздандыруучуга камсыздалуучунун атайын жалган маалыматтарды билдириши;
- камсыздандыруу учуру келген жагдайларды териштирүүдө жана ага келтирилген зыяндын өлчөмүн аныктоодо камсыздандыруучуга камсыздалуучунун жолтоо кылышы;
- камсыздандыруу учурунун келгендиги тууралуу камсыздандыруучуга кабар кылбоо, эгерде камсыздандыруучу камсыздандыруу учурунун келгендиги жөнүндө камсыздандыруучунун өз убагында билгени далилденбесе же болбосо камсыздандыруучуда бул тууралуу маалыматтын жоктугу камсыздандыруу төлөмүн ишке ашыруу боюнча анын милдетине таасир этпесе;
- ыңгайсыз табигый кубулуштардын таасирине чалдыккан аянттардын өлчөмүн аныктоо боюнча комиссия түзүү жөнүндө арыздар ушул Мыйзамдын 17-беренесинин 2-пунктунун алтынчы абзацында белгиленген мөөнөттөрдү бузуу менен берилсе;
- Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде каралган башка учурлар.
3. Камсыздандыруу төлөмүнөн баш тартуу жөнүндө чечимди камсыздандыруучу кабыл алат жана ушул Мыйзамдын 12-беренесинин 2-пунктунда каралган бардык документтерди берген күндөн тартып жети календардык күндүн ичинде баш тартуу себептерин негиздөө менен камсыздалуучуга жазуу жүзүндө билдирилет.
4. Камсыздандыруучунун камсыздандыруу төлөмүн төлөөдөн баш тартышы камсыздалуучу тарабынан сотко даттанылышы мүмкүн.
(КР 2016-жылдын 2-апрелиндеги № 33, 2021-жылдын 28-июлундагы № 88 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
13-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 22 июля 2021 года № 88 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам небанковского финансового рынка"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 2 апреля 2016 года № 33 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об особенностях страхования в растениеводстве"Редакцияларды салыштыруу
28.07.2021 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…камсыздандыруу учуруна байланыштуу атайылап кылмыш жасаган же алынып салынды: администрациялык укук бузуу деп табылган камсыздалуучунун иш аракетинен.
2. … тарабынан сотко даттанылышы мүмкүн.
(КР 2016-жылдын 2-апрелиндеги № алынып салынды: 33 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 33, 2021-жылдын 28-июлундагы № 88 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202550/st-13" title="13-берене - Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>