Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
4-берене. Аскер кызматчыларынын курамы. Офицердик курамдагы аскер наамдарында иштеген жылдарынын мөөнөттөрү
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 1-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 20 февраля 2026 года № 17
1. Аскер кызматчылары жана аскерге милдетүүлөр төмөнкү курамдарга бөлүнөт:
жоокерлер сержанттар; (Абзац Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) прапорщиктер; офицерлер.
2. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүмдөрүндө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарда төмөнкүдөй аскердик наамдар белгиленет:
жоокерлер - катардагы жоокер (курсант), ефрейтор; сержанттар - кенже сержант, сержант, улук сержант, старшина; прапорщиктер - прапорщик, улук прапорщик; офицердик курам:
- кенже офицерлер - кенже лейтенант, лейтенант, улук лейтенант, капитан;
- улук офицерлер - майор, подполковник, полковник;
- жогорку офицерлер - генерал-майор, генерал-лейтенант, генерал-полковник, армиянын генералы.
3. Аскердик кызматта турган офицерлер үчүн офицердик курамдагы аскер наамдарында иштеген жылдарынын мөөнөттөрү төмөнкүдөй белгиленет:
| аскердик наамда: | иштеген жылдарынын мөөнөттөрү: |
| кенже лейтенант | 1 жыл |
| Лейтенант | 2 жыл |
| улук лейтенант | 3 жыл |
| Капитан | 4 жыл |
| Майор | 5 жыл |
| Подполковник | 6 жыл |
| Полковник | ушул бөлүктүн онунчу абзацында каралган учурларды кошпогондо, белгиленбейт |
"Генерал-майор" жогорку аскердик наамы Кыргыз Республикасынын коргоо, мамлекеттик чек араны кайтаруу маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарда, башка аскердик түзүмдөрдө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарда жетекчи кызматтарды ээлеген адамдарга алты айдан эрте эмес, ал эми штаттык категориялары жогорку аскердик наамы бар адамдардын ээлөөсүн караган башка кызматтарды үзгүлтүксүз ээлегендерге - алар дайындалган күндөн тартып эки жылдан эрте эмес ыйгарылат. Жогорку класстык чендери бар мамлекеттик кызматчыларга штаттык категориялары жогорку аскердик наамы бар адамдардын ээлешин караган кызматтарга дайындалган учурда, дайындоо менен бир убакта же дайындалган күндөн тартып алты айдан кеч эмес жогорку класстык ченге ылайык келген жогорку аскердик наам ыйгарылат. Штаттык категориялары жогорку аскердик наамы бар адамдардын ээлөөсүн караган кызмат орундарын ээлеген аскер кызматчыларынын жана аскерге милдеттүүлөрдүн Кыргыз Республикасы үчүн жогорку жана маанилүү жетишкендиктерине Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими менен ушул беренеде каралган талаптарды сактабастан "генерал-майор" жогорку аскердик наамы ыйгарылышы мүмкүн. Полковник" аскердик наамына ээ болгон жана штаттык категориялары жогорку аскердик наамы бар адамдардын ээлөөсүн караган кызмат орундарына дайындоого чейин саясий жана жогорку администрациялык мамлекеттик кызмат орундарын ээлегендердин саясий жана жогорку администрациялык кызмат орундарын ээлеген мөөнөтү "генерал-майор" жогорку аскердик наамын ыйгарууга каралган мөөнөткө эсептелинет. Офицердик курамдын кызматтарында пайдалануу үчүн аскердик кызматка аныктоодо (чакырууда) класстык чендери, атайын класстык чендери жана атайын наамдары бар адамдарга аларда болгон класстык ченге, атайын класстык ченге жана атайын наамга төп келген аскердик наам кайра аттестациялоо тартибинде ыйгарылбайт. Көрсөтүлгөн адамдар аларда болгон запастагы аскердик наамдары боюнча аскердик кызматка аныкталат (чакырылат). (Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 9-июнундагы № 79, 2014-жылдын 11-январындагы № 2, 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 152, 2021-жылдын 15-январындагы № 6, 2023-жылдын 7-августундагы № 164, 2026-жылдын 20-февралындагы № 17 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 20 февраля 2026 года № 17 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Кодекс Кыргызской Республики о неналоговых доходах, Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях, Закон Кыргызской Республики "О всеобщей воинской обязанности граждан Кыргызской Республики, о военной и альтернативной службах")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон Кыргызской Республики от 7 августа 2023 года № 164 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере обороны"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 15 января 2021 года № 6 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере обороны в связи с проводимой судебно-правовой реформой и совершенствованием нормативной правовой базы"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 14 ноября 2014 года № 152 "О внесении дополнения и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 11 января 2014 года № 2 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 9 июня 2012 года № 79 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О всеобщей воинской обязанности граждан Кыргызской Республики, о военной и альтернативной службах"Редакцияларды салыштыруу
20.02.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…класстык ченге ылайык келген жогорку аскердик наам ыйгарылат.
кошулду: Штаттык категориялары жогорку аскердик наамы бар адамдардын ээлөөсүн караган кызмат орундарын ээлеген аскер кызматчыларынын жана аскерге милдеттүүлөрдүн Кыргыз Республикасы үчүн жогорку жана маанилүү жетишкендиктерине Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими менен ушул беренеде каралган талаптарды сактабастан "генерал-майор" жогорку аскердик наамы ыйгарылышы мүмкүн.
Полковник" аскердик наамына ээ болгон жана штаттык категориялары … № 152, 2021-жылдын 15-январындагы № 6, 2023-жылдын 7-августундагы № алынып салынды: 164 кошулду: 164, 2026-жылдын 20-февралындагы № 17 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (4)
- КР Президентинин 2017-жылдын 27-октябрындагы ПЖ № 235 "А.К.Сегизбаев жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 27.10.2017 · № 235
- КР Президентинин 2017-жылдын 21-ноябрындагы ПЖ № 269 "Б.Т.Суюмбаев жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 21.11.2017 · № 269
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 16-августундагы ПЖ № 201 "Б.Э. Ажикеевге жогорку аскердик наамын ыйгаруу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 16.08.0003 · № 201
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын2022-жылдын 30-апрелиндеги №331 (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты И.И.Матраимов тарабынан демилгеленген…Распоряжение · 30.04.2022 · № 331
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын коргонуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 07.08.2023 · № 164
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202536/st-4" title="4-берене - Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>