Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
5-берене. Аскердик кызмат орундар
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 1-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 7 августа 2023 года № 164
1. Аскер кызматчысы штат боюнча тийиштүү аскердик наамы болуучу кызмат орунга дайындалат жана аскердик кызмат өтөйт.
Күжүрмөн даярдыкта, аскердик тартипти чыңдоодо, татаал аскер техникасын үйрөнүүдө жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен же тапшырылган участкада милдеттерин үлгүлүү аткаргандыгы үчүн анык аскер кызматындагы офицерлерге бир жолудан көп эмес ээлеген штаттык кызмат орду боюнча каралган аскердик наам мөөнөтүнөн мурда бир баскычка жогору кезектеги аскердик наам берилиши мүмкүн. Жогорку офицердик курамдын аскердик наамдары Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан ыйгарылат. (Абзац Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) Аскер кызматчылары аскердик наамынан соттун чечими боюнча гана ажыратылышы мүмкүн. Кызматына толук ылайык келбестиги жөнүндө эскертүү же кызматынан төмөндөтүү түрүндө тартип жазасы берилген аскер кызматчылары, ошондой эле кылмыш иши боюнча айып коюлган аскер кызматчылары кезектеги аскердик наамды ыйгарууга сунушталбайт.
2. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүмдөрүндө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарда аскер кызматчылары үчүн аскердик кызматтардын, аскердик-каттоо адистиктеринин жана аларга ылайыктуу аскер наамдарынын тизмеги, ошондой эле кызмат маяналарынын жана тарифтик разряддарынын өлчөмү тиешелүү актылар менен аныкталат.
3. Аскер кызматчысы төмөнкүдөй учурларда аскердик кызматты аскердик эмес кызмат орундарда өтөөсү мүмкүн:
командирдин (начальниктин) карамагында болгондо - эки айдан ашпашы керек; уюштуруу-штаттык иш-чараларды өткөрүүгө байланыштуу командирдин (начальниктин) карамагында болгондо - үч айдан ашпашы керек; аскер кызматчысын кызмат ордунан убактылуу четтетүү жөнүндө тергөө судьясынын токтому, соттун аныктамасы чыккандыгына байланыштуу - бул чараны колдонууну жокко чыгарууга чейин же болбосо кылмыш-жаза иши боюнча акыркы чечим кабыл алынганга (кылмыш-жаза куугунтуктоосу, сотко чейинки өндүрүш токтотулганга жана мыйзамдуу күчүнө кирген соттун өкүмү (токтому) чыкканга) чейин командирдин (начальниктин) карамагында болгондо; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекитүүчү Аскердик кызматты өтөө жөнүндө жобого (мындан ары - Аскердик кызматты өтөө жөнүндө жобо) же эл аралык милдеттенмелерге ылайык мамлекеттин коргонуу жана коопсуздук кызыкчылыгында иштерди аткаруу максатында мамлекеттик органдарда жана уюмдарда иштөөгө жиберилгенде; күйөөсү кызматы боюнча түздөн-түз мамлекеттик чек араны кайтаруу бөлүмчөлөрүнө орун которгонуна байланыштуу жана ишке орношуу мүмкүнчүлүгү болбогондо аял-аскер кызматчыларынын командирдин (начальниктин) карамагында болуусу - аскердик кызмат өтөгөн бардык мезгилде беш жылдан ашпашы керек. (Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 9-июнундагы № 79, 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 152, 2021-жылдын 15-январындагы № 6, 2021-жылдын 6-апрелиндеги № 47, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 7 августа 2023 года № 164 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере обороны"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 6 апреля 2021 года № 47 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О всеобщей воинской обязанности граждан Кыргызской Республики, о военной и альтернативной службах"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 15 января 2021 года № 6 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере обороны в связи с проводимой судебно-правовой реформой и совершенствованием нормативной правовой базы"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 14 ноября 2014 года № 152 "О внесении дополнения и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 9 июня 2012 года № 79 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О всеобщей воинской обязанности граждан Кыргызской Республики, о военной и альтернативной службах"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын коргонуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 07.08.2023 · № 164
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202536/st-5" title="5-берене - Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>