Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты И.И.Матраимов тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусун жактыруу тууралуу) тескемеси
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ ТЕСКЕМЕ 2022-жылдын 30-апрели № 331 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты И.И.Матраимов тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул тескеме Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.Жапаров
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 331 тескемеси менен жактырылды
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты И.И.Матраимов тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - Мыйзам долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
1. Мыйзам долбоорунун 1-беренеси менен "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 3-бөлүгүнүн бешинчи абзацын жаңы редакцияда баяндоо сунушталат, ага ылайык Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында жана Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарында кызмат өтөп жаткан жана өтөгөн, атайын наамдары жана атайын класстык чендери бар адамдарды аскердик кызматка аныктоодо (чакырууда) офицердик курамдын кызмат орундарында пайдалануу үчүн алардын атайын наамына жана атайын класстык ченге барабар аскердик наам кайра аттестациялоо тартибинде ыйгарылат.
"Мамлекеттик жарандык кызмат жана .муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин 4-пунктуна ылайык аскердик кызмат - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүмдөрдө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарда жарандардын жалпы аскердик милдеттерин аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын өзгөчө түрү экендигин белгилей кетүү керек. Өз кезегинде, аскердик наамдарды ыйгаруу тартибине карата аскердик кызматтын өзгөчө мүнөзү төмөнкү жагдайлар менен шартталган. Биринчиден, аскер кызматчысын аскердик кызмат өтөөсүнүн жүрүшүндө кызмат боюнча көтөрүлүшү анын кесиптик даярдыгына жана жетишкен натыйжаларына карата ишке ашырылат. "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык кезектеги аскер наамдарды ("кенже лейтенант" жана "лейтенант" биринчи офицердик наамдарынан баштап) мурунку аскер наамы боюнча белгиленген кызмат өтөө мөөнөтү бүткөндөн кийин этап менен ыйгарылат. Бул шарттар аткарылмайынча белгиленген мөөнөттөрдү бузуу менен кезектеги аскер наамын ыйгарууга жол берилбейт. Экинчиден, аскер кызматы аскер наамдарынын өзгөчөлөнгөн системасы түрүндө болот, ал Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жеке башчылык сыяктуу негизги принциптеринин бирин камсыз кылат. Демек, "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Ички кызматынын уставы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн ички кызматынын уставынын 31-пунктуна ылайык, өзүнүн аскердик наамы жана кызматтык абалы боюнча бир аскер кызматчылары башкаларга карата башчы же баш ийүүчү болушу мүмкүн. Ушуга байланыштуу аскер наамдарынын системасына негизделген баш ийүүчүлөрдүн (жеке башчылык) улук командирлерге (башчыларга) болгон мамилеси аскердик тартипти, уюштуруучулукту жана тартипти колдоонун жана бекемдөөнүн маанилүү каражаты болуп кызмат кылат, өзгөчө күжүрмөн жагдайда, ал атайын наамдарды жана чендерди эсепке алуу менен мамлекеттик кызматтын башка түрлөрүндөгү өз ара мамилелердин системасында каралган эмес. Үчүнчүдөн, тийиштүү атайын наамдарга жана класстык чендерге туура келген аскер наамдарын ыйгаруу аскер кызматынын деңгээлин жана мазмунун жоюлушуна алып келишине өбөлгө түзүшү мүмкүн жана аскер наамдарын ыйгаруу системасындагы тартипти бузат. Болгон атайын наамга же класстык ченге барабар болгон аскер наамдарын ыйгаруу аскер кызматынын милдеттерин аткаруунун сапатына таасир берет, анткени тийиштүү аскер наамдарында кызмат өтөөнүн мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчысы зор көлөмдө атайын билимге жана күжүрмөн көндүмдөргө ээ болуп калат. Мындан тышкары, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин атайын наамдарда жана аскер кызматында кызмат өтөгөн аскер кызматчыларынын аскердик наамдарда кызмат өтөө мөөнөтү бирдей эместигин белгилейбиз. Төртүнчүдөн, аскер кызматчысынын кызмат боюнча көтөрүү офицердин кесиптик даярдыгына жана жетишкендиктерине жараша тиешелүү аскердик наамды "кенже лейтенант" деген баштапкы аскердик наамдан баштап, андан ары ырааттуу тартипте ыйгаруу менен ишке ашырылат. Ошол эле учурда "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык кезектеги аскердик наамды ыйгаруу үчүн мурунку наамда кызмат өтөөнүн белгиленген мөөнөтү аяктоосу жана тиешелүү жогору турган кызматка дайындалуусу катуу шарт болуп саналат, ушуга байланыштуу, иштеген жылдарынын мөөнөттөрүнүн өтүү шартын сактабастан кезектеги аскердик наамды ыйгарууга жол берилбейт. Бешинчиден, аскер кызматчыларынын милдеттеринин өзгөчө мүнөзү, биринчи кезекте, аскер кызматчысынын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурган ар кандай шарттарда милдеттерди шексиз аткаруу зарылчылыгы менен байланышкан, ушуга байланыштуу ар бир офицер аскер кызматын өтөгөн мезгилден тартып запаска которулганга (бошогонго) чейин ар кандай деңгээлдеги - взводдон жана андан жогору турган аскерлерди башкаруу жөндөмдүүлүгүн ырааттуу түрдө үйрөнөт. Атайын наамга жана атайын класстык ченге барабар аскердик наамды кайра аттестациялоо тартибинде ыйгаруу Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн аскердик курулуштун стратегиясын бузууга жана реформалоого, бул өз кезегинде аскердик коопсуздук системасын коркунучка алып келет, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн сапаттык курамын түзүүдө, тажрыйбалуу жана жогорку квалификациялуу офицерлер курамынан турган даярдалган резервдин болуусун камсыз кылууда кыйынчылыктарды жаратат. Алтынчыдан, "Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык аскер кызматчылары турак жай менен камсыздалууга укуктуу. Мында аскер кызматчыларын турак жай менен камсыз кылуу үй-бүлөлүк абалын, ден соолугунун абалын, иштеген жылдарын эске алуу менен кезек тартибинде жүзөгө ашырылат. Атайын наамга жана атайын класстык ченге барабар аскердик наам ыйгарылган учурда, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылары үчүн укук коргоо органдарынан которулган жана кайра аттестациялоо тартибинде аскердик наамдарды алган адамдарга салыштырмалуу ыңгайсыз шарттар түзүлөт жана бул турак жай алуу кезегинин бузулушуна алып келет. Ошентип, ондогон жылдар бою кезекте турган Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчылары жана алардын үй-бүлөлөрү турак жайга болгон укугун ишке ашырбай калышат, анткени аскер кызматчылары үчүн багытталган турак жайларды бөлүштүрүүдө кайра аттестациядан өткөн адамдар катардагы аскер кызматчыларына караганда артыкчылыкка ээ болушат. Муну менен катар, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары И.И.Матраимов, Б.Ж.Субанбеков, Т.У.Шайназаров, Т.Т.Мамытов тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 21-сентябрындагы № 495 токтому менен жактырылгандыгын белгилейбиз. Аталган корутундуда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аталган Мыйзам долбоорун кабыл алууну максатка ылайыксыз деп эсептегендиги белгиленген. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары тарабынан демилгеленген мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты И.И.Матраимов тарабынан демилгеленген мыйзам долбоору менен бирдей концепцияга ээ болгондугуна байланыштуу 2020-жылдын 21-сентябрындагы № 495 токтому менен жактырылган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусун эске алуу муктаждыгы бар.
2. Мыйзам долбоорунун негиздеме-маалымкатында аталган Мыйзам долбоорун кабыл алуу мамлекеттик бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарды талап кылбай тургандыгы көрсөтүлгөн.
Белгилеп кетчү жагдай, бул мыйзам долбоорун кабыл алуу республикалык каражаттардан кошумча чыгымдарга алып келет, анткени тиешелүү класстык чендер же аскердик наамдар ыйгарылган адамдарга аскердик наамдарды ыйгаруу аскердик кызматка которулган учурда аскердик наамдар боюнча белгиленген маяналарга ылайык төлөмдөрдү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндөгү кызмат өтөгөн жылдары үчүн, анын ичинде пенсия курагына жеткен аскер кызматчыларына (пенсияны кайра эсептөө үчүн) төлөмдөрдү караштырат. Бюджеттик ресурстарынын чектелгендигин жана бюджеттин дефицитинин олуттуулугун эске алып, азыркы учурда бул мыйзам долбоорун ишке ашырууга республикалык бюджеттен зарыл болгон финансы каражаттарын караштыруу азыркы убакта мүмкүн эмес. Ушуга байланыштуу "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык ишке ашыруу мамлекеттик бюджеттен каржылоого алып келген ченемдик укуктук актылар, алар боюнча каржылоо булагы аныктаганга чейин кабыл алынбоого тийиш экендигин эске алуу керек. Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты И.И.Матраимов тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кабыл алууну максатка ылайыксыз деп эсептейт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (7)
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндөЗакон · 09.02.2009 · № 43
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- О статусе военнослужащихЗакон · 01.07.1992 · № 930-XII
- Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөЗакон · 27.10.2021 · № 125
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Ички кызматынын уставы жөнүндөЗакон · 07.08.1998 · № 117
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү…Закон · 18.07.2019 · № 94