Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине, „Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 20-февралы № 17
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине, "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене. Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 7-8, 490-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
95-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "95-берене. Жыйымдын өлчөмү Альтернативдик кызматты өтөө, мобилизациялык резервдин жыйындарынан өтүү жана экинчи категориядагы запаска киргизүү менен аскердик кызматка чакыруудан бошотуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу өлчөмдө республикалык бюджетке түшүүчү акчалай төгүмдү төлөөнү карайт.".
2-берене. Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 418-берененин экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.".
3-берене. "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 2, 116-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 4-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи абзац менен толукталсын:
"Штаттык категориялары жогорку аскердик наамы бар адамдардын ээлөөсүн караган кызмат орундарын ээлеген аскер кызматчыларынын жана аскерге милдеттүүлөрдүн Кыргыз Республикасы үчүн жогорку жана маанилүү жетишкендиктерине Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими менен ушул беренеде каралган талаптарды сактабастан "генерал-майор" жогорку аскердик наамы ыйгарылышы мүмкүн.";
2) 21-беренеде:
а) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Мобилизациялык резервдин жыйындары жарандардын республикалык бюджетке толук өлчөмдө түшүүчү акчалай төгүмдү төлөөсүн карайт. Чакыруунун жана жыйындардан өтүүнүн тартиби, ошондой эле акчалай төгүмдүн өлчөмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
б) 6-бөлүктүн үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Запастагы офицерлерди даярдоо программасы боюнча мобилизациялык резервдин жыйындары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу өлчөмдө республикалык бюджетке толук көлөмдө түшүүчү акчалай төгүмдү жарандардын төлөөсүн карайт.";
3) 32-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Альтернативдик кызматты өтөө төмөнкүлөрдү карайт:
1) үй-бүлөлүк жагдайлары боюнча чакырылган, ден соолугунун абалы боюнча чектөө даражасы бар деп таанылган жарандар үчүн - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу өлчөмдө республикалык бюджетке түшүүчү акчалай төгүмдү төлөө;
2) диний ишеними курал пайдаланууга жана Куралдуу Күчтөрдө кызмат өтөөгө жол бербеген, катталган диний уюмдун мүчөлөрү болуп саналган жарандар, ошондой эле коомдук пайдалуу жумуштарды аткарууну каалаган жарандар үчүн - кызмат өтөгөн бардык мезгил үчүн 48 саат узактыктагы коомдук пайдалуу жумуштарды аткаруу жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу өлчөмдө республикалык бюджетке түшүүчү акчалай төгүмдү төлөө.
Акчалай төгүмдүн жалпы өлчөмүнүн кеминде алтыдан бир бөлүгү ар бир квартал ичинде төлөнүүгө тийиш. Коомдук пайдалуу жумуштарды аткаруу үчүн альтернативдик кызматтын кызматчылары жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына жөнөтүлөт. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары альтернативдик кызматтын кызматчысына тиешелүү аскер комиссариатына көрсөтүү үчүн алар иштеген сааттардын саны жана аткарылган жумуштар жөнүндө маалым кат берет.";
4) 34-берененин 5-бөлүгүндө "эсептик көрсөткүчтүн 250 өлчөмүндөгү сумманы республикалык бюджеттин кирешесине" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу өлчөмдөгү сумманы республикалык бюджетке" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үч айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
2026-жылдын 19-февралында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (5)
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндөЗакон · 09.02.2009 · № 43
- Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексиКодекс · 28.10.2021 · № 128
- Салыктык эмес кирешелер жөнүндөКодекс · 10.08.2018 · № 90
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 12-февралындагы № 164-VIII "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз…Постановление · 12.02.2026 · № 164-VIII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 19-февралындагы № 180-VIII “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз…Постановление · 19.02.2026 · № 180-VIII