12-берене. Аскердик каттоо
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 3-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 28 июля 2026 года № 133
1. Кыргыз Республикасынын төмөнкүлөрдөн башка жарандары аскердик каттоого алынууга тийиш:
аскердик кызмат өтөп жаткан аскер кызматчыларынан; ички иштер органдарынын кызматкерлеринен; улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринен; (бешинчи абзац КР 2012-жылдын 9-июнундагы № 79 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (абзац КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 162 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлеринен; мамлекеттик күзөт органынын кызматкерлеринен; аскердик-каттоо адистиги жок аялдардан; ушул Мыйзамга ылайык аскердик милдетти аткаруудан бошотулган жарандар.
2. Аскерге милдеттүүлөрдүн жана аскерге чакырылуучулардын аскердик каттоосу алардын жашаган жериндеги райондук (шаардык) аскер комиссариаттары тарабынан жүргүзүлөт, алар жок калктуу пункттарда аскердик каттоо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жүргүзүлөт.
Чет мамлекеттерде жашаган аскерге милдеттүү Кыргыз Республикасынын жарандарын аскердик каттоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери тарабынан жүргүзүлөт.
3. Аскерге милдеттүүлөрдүн жана чакырылуучулардын аскердик каттоосу жалпы жана атайын каттоо болуп бөлүнөт.
Жалпы аскердик каттоодо чакырылуучулар, ошондой эле мамлекеттик башкаруу органдарында, ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда мобилизация учурунда жана согуш мезгилине карата брондолбогон аскерге милдеттүүлөр турат. Атайын аскердик каттоодо мамлекеттик башкаруу органдарына, ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга мобилизация учуруна жана согуш мезгилине карата брондолгон аскерге милдеттүүлөр турат.
4. Аскерге милдеттүүлөрдү жана чакыруу курагындагы жарандардын аскердик каттоосун жүргүзүү, аскердик каттоого коюу жана аскердик каттоодон чыгаруу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
5. Катардагы же жетекчи курамдагы кызмат орунга дайындалган, же улуттук коопсуздук, ички иштер, жазык-аткаруу тутумунун маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кадрына алынган аскерге милдеттүүлөр аскердик каттоодон чыгарылып жана ошол органдарда Аскердик каттоо жөнүндө жободо белгиленген тартипте атайын каттоодо турушат.
6. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүмдөрүндө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында кызмат өтөгөн аскер кызматчылары тиешелүү аскердик бөлүктөрдө жана мекемелерде каттоого алынууга тийиш. Аларды каттоого алуу тартиби тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан аныкталат.
7. Мамлекеттик органдар, уюмдар жана менчигинин түрүнө карабастан чарбалык субъекттер жана алардын кызмат адамдары ушул Мыйзамга жана Аскердик каттоо жөнүндө жобого ылайык жарандардын аскердик каттоого алынышын камсыздашат.
(Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 9-июнундагы № 79, 2015-жылдын 8-апрелиндеги № 73, 2017-жылдын 28-июлундагы № 162, 2023-жылдын 7-августундагы № 164, 2026-жылдын 28-июлундагы № 133 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
12-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 28 июля 2026 года № 133 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере охраны государственной границы и государственной охраны"Редакцияларды салыштыруу
- Закон Кыргызской Республики от 7 августа 2023 года № 164 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере обороны"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 28 июля 2017 года № 162 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в связи с реформированием системы правоохранительных органов в целях обеспечения эффективной борьбы с коррупцией и преступлениями в сфере экономики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 8 апреля 2015 года № 73 "О внесении дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 9 июня 2012 года № 79 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О всеобщей воинской обязанности граждан Кыргызской Республики, о военной и альтернативной службах"Редакцияларды салыштыруу
28.07.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жоготту)
жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин кошулду: кызматкерлеринен;
мамлекеттик күзөт органынын кызматкерлеринен;
аскердик-каттоо адистиги жок аялдардан;
ушул … № 73, 2017-жылдын 28-июлундагы № 162, 2023-жылдын 7-августундагы № алынып салынды: 164 кошулду: 164, 2026-жылдын 28-июлундагы № 133 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (7)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-августундагы № 509 "Аскерге милдеттүүлөрдү жана чакырылуучуларды аскердик каттоо жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 10.08.2009 · № 509
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 6-сентябрындагы № 189 "1994-жылы төрөлгөн жарандарды алгачкы аскерлик каттоого алууну жүргүзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 06.09.2010 · № 189
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-октябрындагы № 682 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 05.10.2015 · № 682
- КР Окмотунун 2009-жылдын 18-декабрындагы "1993-жылы туулган жарандарды алгачкы аскердик каттоого алууну жүргүзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 18.12.2009 · № 785 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 6-сентябрындагы № 189 "1994-жылы төрөлгөн жарандарды алгачкы аскердик каттоого алууну жүргүзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 06.09.2010 · № 189 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 724 "1995-жылы төрөлгөн жарандарды алгачкы аскердик каттоого алууну жүргүзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 11.11.2011 · № 724 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 641 "2013-жылдын январь-мартында 1996 жана 1997-жылдары төрөлгөн Кыргыз Республикасынын жарандарын алгачкы…Постановление · 25.09.2012 · № 641 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (2)
- Коррупция жана экономика чөйрөсүндөгү кылмыштар менен натыйжалуу күрөшүүнү камсыз кылуу максатында укук коргоо органдарынын тутумун реформалоого байланыштуу айрым мыйзам…Закон · 28.07.2017 · № 162
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана…Закон · 09.06.2012 · № 79
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202536/st-12" title="12-берене - Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>