Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «1995-жылы төрөлгөн жарандарды алгачкы аскердик каттоого алууну жүргүзүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 14 января 2022 года № 9 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2011-11-11.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 11-ноябры № 724 1995-жылы төрөлгөн жарандарды алгачкы аскердик каттоого алууну жүргүзүү жөнүндө "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12, 13, 14 жана 41-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен биргеликте:
- 1995-жылы төрөлгөн жарандарды алгачкы аскердик каттоого алууну 2012-жылдын январь-март айларында райондук (шаардык) аскер комиссариаттары аркылуу жүргүзсүн;
- жарандарды алгачкы аскердик каттоого алуу боюнча райондук (шаардык) комиссияларды түзсүн.
2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жарандарды алгачкы аскердик каттоого алуу боюнча комиссияларды шаймандар, медициналык жана чарбалык мүлк, автомобиль транспорт, байланыш каражаттары жана зарыл сандагы медициналык, техникалык кызматкерлер жана тейлөөчү персонал менен камсыздашсын.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жарандарды алгачкы аскердик каттоого алуу боюнча комиссиялар жиберген жарандарды амбулаториялык деңгээлде медициналык текшерүүнү же стационардык шартта дарылоону камсыздасын.
4. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги алгачкы аскердик каттоого туруудан качкан жарандарды издөөнү, кармоону жана райондук (шаардык) аскер комиссариаттарына жеткирүүнү ишке ашырсын.
5. Жаштарды чакырылганга чейинки даярдоону ишке ашыруучу юридикалык жактар райондук аскер комиссариаттарына 1995-жылы төрөлгөн балдардын тизмесин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 770 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарын чакырууга даярдоо жана чакыруу жөнүндө жободо аныкталган мөөнөттө беришсин.
6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына төмөнкүлөр сунушталсын:
- алгачкы аскердик каттоого алуу боюнча комиссиядан өтүү үчүн жарандарга кабарлоо жана алардын аскер комиссариаттарына уюшулган түрдө келүүсүн камсыздоо боюнча чараларды көрүү;
- алгачкы аскердик каттоого алуу боюнча комиссиянын ишин камсыздоо үчүн техникалык кызматкерлерди жана тейлөөчү персоналды аныктоо.
7. Жарандарды алгачкы аскердик каттоого алуу боюнча комиссиянын курамында иштеген учурунда комиссиянын мүчөлөрүнө, врачтарга, техникалык кызматкерлерге жана тейлөөчү персоналга негизги иштеген жери боюнча жумуш орду, ээлеген кызматы жана орточо эмгек акысы сакталары белгиленсин.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коопсуздукту, укуктук тартипти жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыздоо боюнча бөлүмүнө тапшырылсын.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу
Ө.Бабанов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндөЗакон · 09.02.2009 · № 43
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 770 "Кыргыз Республикасынын жарандарын чакырууга даярдоо жана өткөрүү боюнча Жобону бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 18.12.2009 · № 770 · Күчүн жоготкон