Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «1994-жылы төрөлгөн жарандарды алгачкы аскердик каттоого алууну жүргүзүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 14 января 2022 года № 9 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2010-09-06.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2010-жылдын 6-сентябры № 189 1994-жылы төрөлгөн жарандарды алгачкы аскердик каттоого алууну жүргүзүү жөнүндө «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12, 13, 14 жана 41-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен биргеликте:
- 1994-жылы төрөлгөн жарандарды алгачкы аскердик каттоого алууну 2011-жылдын январь-март айларында райондук (шаардык) аскер комиссариаттары аркылуу жүргүзсүн;
- жарандарды алгачкы аскердик каттоого алуу боюнча райондук (шаардык) комиссияларды түзсүн.
2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жарандарды алгачкы аскердик каттоого алуу боюнча комиссияларды жабдыктар, медициналык жана чарбалык мүлктөр, автомобилдик транспорт, байланыш каражаттары жана зарыл сандагы медициналык, техникалык кызматкерлер жана тейлөөчү персоналдар менен камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жарандарды алгачкы аскердик каттоого алуу боюнча комиссиялар жөнөткөн жарандарды амбулатордук медициналык текшерүүнү же стационардык шарттарда дарылоону камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги алгачкы аскердик каттоого туруудан баш тарткан жарандарды издөөнү, кармоону жана райондук (шаардык) аскер комиссариаттарына алып келүүнү жүргүзсүн.
5. Юридикалык жактар «Кыргыз Республикасынын жарандарын чакырууга даярдоо жана жүргүзүү жөнүндөгү Жобону бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрдагы № 770 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарын чакырууга даярдоо жана жүргүзүү жөнүндөгү Жободо аныкталган мөөнөттө райондук аскер комиссариаттарына 1994-жылы төрөлгөн балдардын тизмесин беришсин.
6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына төмөнкүлөр сунушталсын:
- алгачкы аскердик каттоого алуу боюнча комиссиядан өтүү үчүн жарандарга кабарлоо жана аскер комиссариаттарына уюшулган түрдө келүүсүн камсыздоо боюнча чараларды көрүү;
- алгачкы аскердик каттоого алуу боюнча комиссиянын ишин камсыздоо үчүн техникалык кызматкерлердин жана тейлөөчү персоналдардын санын аныктоо.
7. Жарандарды алгачкы аскердик каттоого алуу боюнча комиссиянын курамында иштеген учурунда комиссиянын мүчөлөрү, врачтар, техникалык кызматкерлер жана тейлөөчү персоналдар үчүн жумуш орду, ээлеген кызматы жана негизги иштеген жери боюнча орточо эмгек акысы сакталары белгиленсин.
8. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кырыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын коргоо, коопсуздук жана укук тартиби бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Р. Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндөЗакон · 09.02.2009 · № 43
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 770 "Кыргыз Республикасынын жарандарын чакырууга даярдоо жана өткөрүү боюнча Жобону бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 18.12.2009 · № 770 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР 2016-жылдын 1-февралындагы № 47 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 01.02.2016 · № 47