Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
10-берене. Жогорку Кеңештин депутатынын пленардык жыйналыштардагы укуктары
Күчүндө · 11.06.2026 редакциясы · 2-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 28 июля 2015 года № 204
Депутат Жогорку Кеңештин жыйналышында төмөндөгүдөй укуктарга ээ:
1) Жогорку Кеңештин Регламентинде аныкталган тартипте, Жогорку Кеңештин кароосуна жаткан ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү боюнча сунушталган мыйзамдардын долбоорлорун, Жогорку Кеңештин токтомдорун киргизүүгө;
2) күн тартиби, жыйналышты алып баруу, жол-жоболор жана Жогорку Кеңешинин Регламентинде каралган башка маселелер боюнча сунуштарды жана сын-пикирлерди киргизүүгө;
3) талкууланып жаткан маселелердин маңызы боюнча жарыш сөздөргө катышууга, сунуштарын, сын-пикирлерин жана түзөтүүлөрүн киргизүүгө, ошондой эле Жогорку Кеңештин Регламентинде каралган тартипте алар боюнча өзүнүн пикирлерин айтууга;
4) Жогорку Кеңеш шайлаган же анын контролдугу алдындагы мамлекеттик органдын же анын кызмат адамынын, ошондой эле алардын мыйзамдарды жана Жогорку Кеңештин чечимдерин аткаруусу тууралуу маалыматтарын угуу жөнүндө сунуштарын киргизүүгө:
5) Жогорку Кеңештин Регламентинде каралган жол-жоболорго ылайык баяндамачыга, кошумча баяндамачыга, ошондой эле жыйналышта төрагалык кылуучуга суроолорду берүүгө:
6) Жогорку Кеңештин жыйналыштарында жарандардын кайрылууларын жана депутаттын суроо-талабына берилген жана коомдук мааниге ээ болгон мамлекеттик органдардын жоопторун жарыя кылууга;
7) парламенттик фракциянын тапшырмасы боюнча күн тартибиндеги маселелер боюнча өзгөчө ой-пикиринин текстин төрагалык кылуучуга берүүгө;
8) Жогорку Кеңеште каралып жаткан маселелер боюнча сүйлөнгөн сөздөрдүн, билдирүүлөрдүн, сунуштардын жана сын-пикирлердин тексттерин жыйналыштын протоколуна киргизүү үчүн берүүгө.
Караныз: Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун конституциялык палатасынын чечими 2014 жылдын 24 сентябрындагы №48-р (КР 2011-жылдын 18-июлундагы № 110, 2013-жылдын 4-февралындагы № 12, 2015-жылдын 28-июлундагы № 204 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 11.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 28 июля 2015 года № 204 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О статусе депутата Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 4 февраля 2013 года № 12 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О статусе депутата Жогорку Кенеша Кыргызской Республики""Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 18 июля 2011 года № 110 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О статусе депутата Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202483/st-10" title="10-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>