Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2015-жылдын 28-июлу № 204 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 10, 1095-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 9-беренеде:
1-бөлүгүндө: 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "3) Жогорку Кеңештин Регламентинде аныкталган тартипте Жогорку Кеңеш тарабынан түзүлгөн убактылуу комиссиялардын жана башка органдардын курамына кирүүгө;"; 6-пунктунда "депутаттык" деген сөз "парламенттик" деген сөзгө алмаштырылсын; 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "8) фракцияга биригүүгө."; 2-бөлүгүндө: 2-пунктунда "депутаттык топтордо," деген сөздөр алып салынсын; 3-пункт күчүн жоготту деп таанылсын; 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "5) ички фракциялык тартипти сактоого;".
2. 10-берененин 7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7) парламенттик фракциянын тапшырмасы боюнча күн тартибиндеги маселелер боюнча өзгөчө ой-пикиринин текстин төрагалык кылуучуга берүүгө;".
3. 14-беренеде:
берененин аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "14-берене. Жогорку Кеңештин депутатынын парламенттик фракцияларга мүчөлүгү"; 1 жана 2-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "1. Жогорку Кеңештин депутаты саясий партиянын тизмеси боюнча Жогорку Кеңешке шайланган депутаттардан түзүлгөн парламенттик фракциянын курамына кирет.
2. Жогорку Кеңештин депутаты бир гана парламенттик фракциянын мүчөсү болуп саналат.";
3-бөлүгүндө: бүткүл текст боюнча ар түрдүү жөндөмө формаларындагы ", депутаттык топтун" деген сөздөр алып салынсын; 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "4) фракциянын жыйналышынын күн тартиби боюнча сунуштарды киргизүүгө;"; 4-бөлүгүндө: ", депутаттык топтогу" деген сөздөр алып салынсын; "жоболордо" деген сөз "Жободо" деген сөзгө алмаштырылсын.
4. 16-берененин 3-бөлүгүндө ", парламенттик фракциянын же депутаттык топтун" деген сөздөр "же парламенттик фракциянын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. 20-берененин 1-бөлүгүндө ", депутаттык топтордун" деген сөздөр алып салынсын.
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Ш. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндөЗакон · 18.12.2008 · № 267
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндөЗакон · 18.12.2008 · № 267